Өмүрбек Текебаев: «ОТУНБАЕВА АЙЫЛЧЫЛАГАНЫН ТОКТОТСУН»

1-июлдан тарта Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга тарашат. Күнгө кактанарга, жамбаштап жатып кымыз ичерге бир күн калганда депутаттар бир күндүк иш тартипке 50дөн ашуун маселени киргизишти. Бирок ал эки санаалаштын кайым айтышуусунан башталды.
Парламенттин эс алууга кетердеги соңку 30-июнундагы чоң жыйынына президент Роза Отунбаева катышып, сөз сүйлөдү. Ал президенттик шайлоонун тегерегиндеги маселелерге токтолуп өттү. “Шайлоо мөөнөтү жөнүндө негиздүү да, негизсиз да сөздөр айтылууда. “Шайлоо 2012-жылга жылдырылат” деген көп калпыс ойлор жүрөт. “Буга президент күнөөлүү” дегендери – куру доомат”,- деди президент.
Роза Отунбаева өз кайрылуусунда “Шайлоо жөнүндө” кабыл алынган мыйзам Өмүрбек Текебаевдин кароосунда экендигин билдирди. Анын айтымында, “ата мекенчи” депутаттын макулдугу жок мыйзам ары жылбай жатыптыр. “Өзүңөр калыс болгула, ким мыйзамды создуктуруп жатат?”- деп мамлекет башчы айтты.
Мындан кийин Өмүрбек Текебаев бир кездеги санаалашы Роза Отунбаевага ачуу аралашкан сөзү менен жооп берди. Депутаттын айтымында, азыркы болуп жаткан реформаны парламент гана жасап жатат. “Бул жерде өкмөт менен президенттин кыпындай эмгеги жок”,- деди Текебаев. Эгерде президенттин “таза шайлоону өткөрөм” деген миссиясы бар болсо, анда түрдүү саясий интригалардан алыс болууга чакырды. Жогоруда президент бул маселелерден улам Литвага баруучу сапарынан баш тартканын айтып өткөн. Буга байланыштуу “ата мекенчи” лидер: “Литвага болгон сапарымды токтоттум” дейт. Франция, Австрия, Чехия, Сингапурга чейин дүйнөнү кыдырып жүрүшөт. Өкмөт 17 миллион сомду үнөмдөй албай жатса, президент айылчылаганын токтотпойбу?”- деп тарс жарылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
jansezim26
2011-07-05 14:04:36
постельная жизнь,личное дело и право каждого!не тот герой который во время предстоящих выборов распространил домашнее видео!а то что он говорит правильно!куда тратит НАШИ ДЕНЬГИ Отунбаева дело каждого из нас,п.ч это деньги государства!
0
solnyshko
2011-07-05 15:44:37
эмне билбейсинерби Роза Отунбаева чет олкодо эмне кылып жургонун?Сколько хочет тратит деньги нашего Кыргызстана,наверное уже дом купила за границей,в будущем бияктан кеткенде бут акчаларды алып,ошол уйдо жашайт
0
damascos
2011-07-10 13:54:32
solnyshko, akaev samovare,i jdet bakieva a on pribejal v samovar,a akaev govorit nu che nachnem est' plov a bakiev govorit net davai podojdem otunbaevu ona doljna podaiti,ushundai ele sozda
0
Nuray
2011-07-10 14:40:14
...Otunabevanyn chet olkodo presidenttike cheyin ele yiy bar bol4u!
0
sonykg
2011-07-05 18:57:08
Kyskasy myshyk chychkan...
0
REKETIR
2011-07-05 22:39:46
Булар кыргызстанда коп сериялуу кино коюшуп журушот.Алардын киносун бир тыйынга корбойм.
0
Marath87
2011-07-06 02:46:23
Деги тушунук жокко буларда.Бириникин бири ачып жатышат.Отунбаева деле уялса болмок, откоруп бербейби ары,окуган тушунуктуу бироосуно!!!!!!!!
0
Adikalon
2011-07-06 13:36:57
Даа коро албастык деген ушу тура. Мына Отунбаевадан башка кайсыл президентибиз Европага Америкага барып президеттери менен жолугушту эле. СНГ дан ары чыга алышчу эмес. Чындыкты айтып койуш керек.
0
damascos
2011-07-10 13:48:35
Adikalon, ooba baike aitkanyn tuura, bul jerde koro albastyk emes, a Otonbaeva Amerakaga, Europaga baryb atat, emne sebebten???emne uchun baryb atat???birinchiden Otonbaeva kyrgyz bolgondon kiin al jerge barganda kyrgyzcha suilosh kerekko???kyrgyz elibizdin atynan kyrgyzcha suilosh kerekbi???!!! a al bolso men anglische bilem degensib Angl menen bashtap atat,al Ameraka europa jondon jon baryb atkan jokko,a natonu kyrgyzstanga kirgize albai atbaiby, alardy kirgizse kanchalagan akcha chontoguno tu
0
Nuray
2011-07-10 14:37:57
damascos, О кудай! деги тайкы акылынар качан калаар экен! Америка, Европадагылар КЫРГЫЗ тилин тушунгондой даражага жетип калды беле Кыргызстан?! Умтулгула чогулап, ошол кун келеерине, обу жок сындарды айтып суйлой бербей;
Президент чет олкого чыгып мамлекеттин кызыкчылыгынын артынан жургонуно суюнгуло да! А англисче суйлой алганына сыймыктануу гана керек, Бакиев мырза англис тилин кой, орусча-кыргызча оюн тынгылыктуу айта алчу эмес, элди уялтып!
0
damascos
2011-07-14 06:20:20
Nuray, oi eje sen dele arxivdi karasan bolo,kaisyl mamlekettin prezidenti anglis tilinde suilogon???misalyBalgladesh,tadjikistan,kosofo,alar dele anglis tilin bilse dele , anglis tilinde suiloshpoitko, emne uchun???alar dele ozun tilin elik korsotkusu kelet.a bizdiki bolso???bul jerde soz jamandashta emes,balyk bashynan sasyit degen ushulda.bul jerde talashkandyn ech kandi paidasy jokko, ar biribiz oi pikiribizdi aitabyz, birok ech kandai ozgorush jok.
0
wwwgulya86ru
2011-07-06 22:04:02
kachan normalniy ishteshet el dele tajap butushtu go ushulardin bez tolkoviy sozunon.bilinbegeni menen otunbayeva bir top ele ayilchiap koyuptur.a tekebaevke bolso soz jok
0
Syfr
2011-07-07 10:14:04
Проблемы негра шерифа не волнует...
0
muhammed95
2011-07-07 19:38:02
бийликтеглердин бир досу жок аларда интерес бар
0
OMG
2011-07-08 01:10:41
oshol akchany korotkucha Bishkeke dagy bir Jon Jelek alyp koushpaiby UUUUJAS bilesinerbi BIzde Kyrgyzstanda 1 Ele chon Jelegibiz Bar ekenin Muzeidin mandaiynda 1 ele chon, kalgandary kichinekei, Bashka olkolordo ar kaisy jerinde....prosto koshmar!!!
0
kyrgyzajym
2011-07-08 02:03:44
Abijirsizdik bul!
A Uroza ejekebiz srogu butup kala elekte ertereek ko4uktu kyjmyldatyp,ubakyttan pajdalanyp alajyn degen ele kep da!Azyr aga jizn6 nirvana bolup jatpajby.
Ekoo yras ele urushup ketken turbajby.Urushpasa biz munusun kajdan bilmek elek.:)
0
zulya
2011-07-10 01:58:54
эн туура
айтыптыр Текебаев
0
Sara
2011-07-10 18:58:51
Ishengen kojom sen bolson enendi urain deptir. Tapkan biyliginer ushubu
0
Arman
2011-07-10 22:06:22
beti jok tekebai teke ozyn bilse bolmok kyrgyzdy kyryp eki eldi chabyshtyryp koiup uialbai kantip basyp jyrot,
0
damascos
2011-07-14 06:26:17
eeee jerdeshter aitain desen juda ele kop nerse , butpos sozdor, aitkanyn menen ech nerse ozgorboitko,aityshtyn ne keregi bar deim da.
0
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан