Кызык экен
2011-жылдын 9-мартында Американын финансы-экономикалык "Форбс" ("Forbes") журналы адаттагыдай эле планетанын эң бай адамдарынын тизмесин жаңылап жарыялаган. Ал тизме боюнча 2010-жылы алдыңкы ондуктагы эң байлар кимдер жана алар эмнеден киреше таап жаткандарына баам салалы.
Миллиардерлердин тизмеси бир учурда 2 рекорд койду. 1-рекорд –тизмедегилердин саны 1210 адамды түзгөнү, 2-рекорд – алардын байлыктарынын жалпы суммасы 4 триллион 500 миллиард долларды чапчыганы (өткөн жылкыдан 1 триллионго көп). Капчыгы калың миллиардерлердин саны боюнча алдыңкы өлкөлөр АКШ (413), Кытай (115) жана Орусия (101) болуп калды.
КИМИСИ КАНТИП БАЙЫП ЖАТАТ?
Карлос Слим Элу өткөн 1 жыл ичинде 20,5 миллиард долларга байый алды. Буга ал песонун (Мексика акчасы) курсунун бир калыпта кармалышы жана Мексиканын фонд рыногунун 19 пайызга өсүшүнүн арты менен жетти.
Билл Гейтс 1-орунга чыга алмак. Бирок ал акыркы жылдары өзүнүн кайрымдуулук фондуна 30 миллиард доллар которгондуктан, байлыгы азая түшкөн. Айта кетсек, ал кургак учук, шал жана калтыратма оорусуна каршы күрөшүүчү кайрымдуулук фондунун ээси.
“Омахадан (АКШдагы жер аты) чыккан Оракул” лакап аттуу Уоррен Баффет – дүйнөдөгү белгилүү инвестор. 2010-жылы ал 37 миллиард долларын 5 кайрымдуулук фондуна которуп бергендигин жарыялаган. Ошондон кийин деле 3-орунду камсыз кылып отурат.
Бернар Арно үчүн да өткөн жыл ийгиликтүү болду. Ал ээлик кылган холдингден чыгарылган шампан, коньяк, саат, аксессуар жана башкаларга суроо-талап өсүп, 2010-жылдагы жылдык кирешеси 13,5 миллиардга жеткен.
Ал эми компаниясынын акциялары 30 пайызга өскөндүгүнө байланыштуу Лоуренс Эллисон 5-орунга көтөрүлө алды.
“Индиялык Билл Гейтс” атка конгон Лакшми Миттал учурда 30 өлкөдөгү болот өндүрүүчү ишканаларга ээлик кылат.
Амансио Ортега – кийимдер сатуучу "Zara" соода түйүндөрүнүн ээси. Учурда анын 73 өлкөдө кийим сатуучу 4500 дүкөнү бар. Алардан түшкөн кирешенин эсебинен Ортега 7-орунга жете алды.
"Мени дүйнө эли 2003-жылдан кийин таанып келет. Бирок ага чейин мен алтын өндүрүүчү шахтаны ар өлкөлөргө: Бразилияга 5ти, Чилиге 1ди, Канадага 2ни кургам" деп айтып келген Эйке Батиста 8-орунда.
Нефть, газ өндүрүү жана сатуу менен шугулданган Мукеш Амбани учурда заманбап Индиянын салмактуу персонасы, Индия элинин жүзү катары саналат. Мындан тышкары “Дүйнөнүн эң сыйлуу ишкер лидерлери” аттуу тизмеде 42-орунда турат.
Кристина Уолтон – Wal-Mart империясынын мураскери. Ал байлыгын 1 жыл ичинде 4 миллиард долларга өстүрө алды. "Wal-Mart" – дүйнөдөгү эң ири соода дүкөндөр тармагы. Учурда ал кучагына 15 өлкөдөгү 8838 ири дүкөндү камтыйт.
АКШ – БАЙЛАРДЫН МЕКЕНИ, МОСКВА – БАЙЛАР ЖАШАГАН ОРДО КАЛАА
Маалыматка караганда, учурда Москвада 79 расмий миллиардер жашайт. Ал эми байлардын мекени болуп саналган АКШда 400дөн ашык миллиардер жашоо кечирет. Алардын 58и Нью-Йоркто жашайт.
2010-жылы орусиялыктардын ичинен миллиардерлердин катарына кирип, дүйнөлүк рейтингден орун алган белгилүүлөр төмөнкүлөр:
Новолипецк металлургия комбинатынын Директорлор кеңешинин төрагасы Владимир Лисин (тизмеде 14-орун, байлыгы 28,3 миллиард доллар), ири металлургиялык ишканалардын ээси Алишер Усманов (35-орун, 17,7 миллиард доллар), Орусиянын "алюминий королу", "Базовый элемент" компаниясынын ээси Олег Дерипаска (36-орун, 16,8 миллиард доллар), Чукотка автономиялуу округунун экс-губернатору, жеке ишкер Роман Абрамович (53-орун, 13,4 миллиард доллар), Москванын экс-мэри Юрий Лужковдун жубайы Елена Батурина (993-орун, 1,2 миллиард доллар).
КЫЗЫКТУУ
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg