БИРИНЧИ ЖОЛУ! КЫРГЫЗЧА ЖЫЛНААМА!

Интернет дүйнөсүндө чоң жаңылык. Кыргыз тилдүү интернет сайттарынан айырмаланып биринчи жолу www.super.kg сайтында электрондук жылнаама ишке киргизилди.

ЭЛЕКТРОНДУК ЖЫЛНААМА АР БИРИБИЗДЕ
Кыргызстанда жана Дүйнөдө кандай окуялар болгону тууралуу “Супер-Инфо” гезитиндеги апталык хронологиядан эки жылдан бери билип келсеңиздер керек. Эми аталган гезиттин www.super.kg расмий сайты бул ишти интернет колдонуучуларына ыңгайлаштырып, электрондук жылнааманы түзүп чыгышты. Жылнаама колдонуучулар үчүн кыргыз тарыхына жана дүйнө тарыхына көз чаптырып, керектүү маалыматтарды топтоп алуу мүмкүнчүлүгүн түзмөкчү. Колдонууга оңой жана ыңгайлуу, өзүнө тарых сүртүмдөрүн камтыган жылнаама ар бир интернет колдонуучуга жагымдуу жаңылык болду деп ишенебиз.

ТАРЫХКА САЛЫМ КОШУҢУЗ
Эки жыл бою жылнааманын казынасына окуя, маалымат топтоодо “Манас” университетинин тарых мугалими Мурат Кожобековдун жана “Супер-Инфо” гезитинин кызматкерлери Базарбек Абдураимов, Нурбек Абдыкадыров, Залкарбек Карабалаевдин салымы зор экенин айтпасак болбос. Ал эми www.super.kg сайтынын кызматкерлери Айдин Кадыров, Канат Токтомамбетов, Бактыгүл Сокушова жана Мирана Мамырбаева бул долбоордун электрондук версиясынын ишке ашышына өбөлгө түзүштү.
Жакынкы күндөрдө сайттын ар бир колдонуучусу кыргыз тарыхы интернет булагында сакталып калышына өз салымын кошо алат. Дегеним, сайтка кирип, кайсы бир белгилүү датаны же сүйүктүү ырчыңыздын же актёруңуздун туулган күнүн жылнаамага кошкуңуз келсе, каттоодон өтүп эле окуя кошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ДАЯР ЖЫЛНААМАЛУУ БОЛГУҢ КЕЛЕБИ?
Баса, дагы айта кетчү нерсе, эгер сиз иштеген компаниянын өздүк сайты болсо, ал сайтта жылнааманын болуусун кааласаңыз, маселе эмес, биз муну да ойлоп койгонбуз. Жылнааманын аяк жагында шилтеме бар. Басканыңызда кайсы бир кодду көрөсүз. Аны көчүрүп, өздүк сайтыңызга акысыз эле орнотуп алсаңыз болот.
Биз, албетте, муну менен токтоп калбайбыз. Алдыда мындан да жагымдуу жаңылыктар менен өз колдонуучуларыбызды кубантып турууга ар убак даярбыз. Андыктан мезгил менен бирге кадам шилтеп, www.super.kg маалымат-маанайшат порталы менен бирге болуңуз.

(Жылнаамага кириш үчүн бул жерди басыңыз)

Мирана Мамырбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
19zamir87
2011-07-04 13:41:54
Салам баарына!Салам Супер инфо "жылнама"деген эмне? мен түшүнбөдүм,кечиресиздер маалымат берип коюшуңуздарды суранам!(күлбөңүздөр)
0
nuzada2012
2011-07-04 15:54:11
Жылнаама бул календарь деген.Супер Инфо-СУПЕР!!!!!
0
Arstan
2011-07-04 18:16:19
Календарь - Жылнама сонун которуп коюпсунар.
0
REKETIR
2011-07-04 21:05:48
Суппер
0
Juliana
2011-07-05 06:21:12
klass, emi bara-bara baardyk nerse kyrgyz tilinde bolup kalat
0
alisher88
2011-07-05 10:35:26
Эн сонун!
0
alisher88
2011-07-05 10:41:33
эн сонун!!!
0
Nevajno
2011-07-05 12:15:51
Баракелде "СУПЕР ИНФО"
0
saraltyn
2011-07-05 18:20:38
Жылнааманы карасак баардыгы эле батыштыкы экен. Көрсө ушинтип биз батышты эталон кылып, ал жакты карап калган турбайбызбы. Жылнаамага чыгыштан бир шоокум маалыматтар да жазылса жакшы болмок эле. Биз өзүбөүздү канчалык батышка каратпайлы, батыш бизди баари бир чыгыш катары кабыл алат. Кандай гана өкүнүчтүү... кандай дейсиңер?
0
super
2011-07-06 10:23:51
Ар бирибиз "Кыргыз эли үчүн эмне кылдың?" деп зекигенден мурун, "Кыргыз элим үчүн эмне кылдым?" деп өзүбүзгө суроо берип койсок жакшы болмок. Кандай дейсиңер?
0
Барс
2011-07-05 23:01:46
Азаматсыңар! Кана ошол жылнаама көчүрүп ала коеюн? Али илине элекпи? Каап...
0
info
2011-07-06 09:30:47
Барс, рахмат. Сайттын башкы бетинде Супер-Инфо Медиа-портал Форум Маек Жылнаама деп турат. Жылнаама дегенди басканда ичине киресиз. Ал эми көчүрүү үчүн "Бул информердин кодун өзүңүздүн сайтыңызга алыңыз" деген жазууну көрөсүз сол тараптын ылдый жагында, басканда коду чыгып калат.
0
UvE
2011-07-06 10:11:41
Кыргызча болгону жакшы денизчи, бирок бул анчалык сенсация деле эмес!
0
kapriznaya
2011-07-06 15:49:18
UvE, балким сиз үчүн жаңылык эместир, жеке мага чоң эле жаңылык болду. Мурун-кийин башка бир да кыргызча сайттардан мындай кыргызча жылнаама көрбөгөм. Башка сайттарда болсо дагы алар орусча, Супердики кыргызча экен. Азаматтар!
0
Sezy
2011-07-08 02:31:36
Mmm jakshy eken molodsy SInfo go chygarmachylyk yigilik kaalaim!
0
abdibaky
2011-07-08 15:02:18
zhakshy baaru zhakshy ardaym izdenudo zhurgulo
0
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан