(Башы өткөн сандарыбызда)
Жакын келип колунан кармай берген Бегимай дирт дей түштү. Анткени Аскаттын денеси мупмуздак болчу. Муздак колдору шейшептен чыгып калганы гана болбосо, Аскат тек уктап жаткандай жүзү мемирейт. Дендароо болуп туруп калган Бегимайдын көздөрү чоңоюп кетти. Аскаттын үстүнө түшө калып, анын жансыз жүзүн өпкүлөп жиберди. Кыздын кыймылынан Аскаттын үстүндөгү тыкан жабылып турган шейшеп шыпырылып түштү. Кан! Жигиттин көкүрөк тушу канга чыланып калган экен.
– Ааа-а!
Кетенчиктей берген кыз бетин жаба чаңырып жиберди. Жапан кыйкырыктан коңшу жаткан достору топурап келе калышты.
– Эмне болду?
Көздөрү чанагынан чыга жаздаган Бегимайдын өңү купкуу эле.
– Асик!
Бирин-бири үрпөйө тигилген жигиттер эмне кыларын билбей туруп калышты. Канжалаган Аскаттан көзүн албай айрымдары кетенчиктеп кетишти. Досунун жанына жете барып колдон алган Нурик отура калып дубалды муштагылап жиберди.
– Кечээ эле жакшынакай эмес беле? Эй, айткылачы, балдар, кечээ эле чогуу отурбадык беле. Кантип?
Ушинтип таңкы тынчтыкка бөлөнгөн пансионат бат эле будуң-чаң түшүп калды. “Тез жардам” менен келген ак чач врач топтошкон жаштарды аралап өттү да, Аскаттын номерине кирип кетти. Аз убакыттан кийин чыккан ал акырын сүйлөдү.
– Бул жигиттин жакындары барбы бул жерде?
– Ооба, мен – жакын досу, бул – сүйлөшкөн кызы.
Бегимайды чыканактан кармап, алдыга кадам таштаган Нурик врачка үмүттүү тигилди.
– Жардам бере албадык. Жүрөгү кечинде эле токтоп калган экен.
Кыздын кулагы чуулдап, алдында турган ак чач врач көзүнө эки болуп көрүнүп барып эсин жоготуп жиберди.
– Бема!
Кыздын алсыз денесин кучактай берген Нуриктин кыйкырыгынан жанындагы теңтуштары да чуулдап жиберишти.
– Эй, токтоткула! Эмне турасыңар, номерге алып киргиле!
Шашып калган врач катуу сүйлөдү. Эстери ооп турган жаштар Бегимайды көтөрүп, Аскаттын номеринин каршысында турган бөлмөгө алып жөнөштү. Эч кимиси баш көтөрүп бир нерсе дегенге жарабай үрпөйүп турушту. Врач аларды тегиз карап алып “карасаң, баары жапжаш, эне сүтү ооздорунан кете элек. Буларды жалгыз жиберишкен ата-энелери да келесоо. Азыркы ата-энелер деги эмнени ойлошот, билбейсиң” деп ачуулуу күңкүлдөп алды. Тегеректе чогула калган эс алуучулар иштин чоо-жайын угуп, өздөрүнчө ой жүгүртүп жиберишти.
– Кызык, кимдин колунан келди?
– Эми тополоң болуп баштайт.
Ушундай болду. Кечээ эле жылмаюусу жүзүнөн кетпей, шамдагай кыймылдап, тамашалуу сүйлөгөн Аскат суналып жатып калды. Ал эми каршысындагы бөлмөдө жанындай көргөн Бегимайы таноолору кыпчылып араң дем алып жатты. Врач өз ишин кылып бүтүп, тигилерди көз айнектин сырты менен тиктеп калды. Бегимайдын курбу кыздары Алтынай менен Алина көз жашын чубуртуп, курбусунун колдорун улам кармалап чебелектеп жүрүшөт.
– Кыздар, курбуңардын абалы оор эмес. Азыр укол кылдым. Эми тынчтык керек.
– Кечирип коюңуз, байке, бирок биз коркуп... Аскат менен Бема...
Өзүн токтото албай Алина бышактап жиберди.
– Өзүңөрдү кармагыла. Тиги жигиттин жакындарына кабарлаш керек. Милицияга өзүм кабарладым. Азыр келишет. Силер эми номерди бошоткула.
– А Аскатчы?- деди Нурик дагы деле болуп жаткан нерсеге ишенгиси келбей.
– Ал номерге да киргенге болбойт. Эми... Ага эми эч кимибиз жардам бере албайбыз. Ал эми кылмыштын бетин ачууга кедергибиз тийиши мүмкүн. Эч ким кире электе милиция кызматкерлери номерди изилдеп чыгышы керек.
Ушуларды тез-тез сүйлөгөн врач сыртка адымдады.
Нурик турган ордунда тура берди. Жеңинен тарткан Алмаз акырын үн катты.
– Нурик, Аскаттын атасына ким айтат?
– Ыя, Аскаттын атасына...
– Врач жакындарына кабар бергиле деди го.
Нурик айланасында топтошуп турган досторун сыдыра тиктеди. Баары чарасыз баштарын жерге салып турушту. Мына, Аскаттын жоктугу! Мындай маселелерди дайыма Аскат чече турган. Кандай кырдаал болбосун өзүн жоготуп, карбаластап көргөн эмес. Чөйрөсүндө чыныгы лидер болчу. Ал болгондо... Көмөкөйүнөн такалып турган оор нерсени араң жуткан Нурик салмактуу сүйлөдү.
– Мен өзүм айтам ага. Бирок азыр эмес, өзүмө келип алайын,- деди да бурулуп басып кетти.
xxx
Райондун кылмыш изилдөө бөлүмүнүн кызматкерлери “Голубое море” пансионатына тез келип калышты. Бөлмөдө эч кандай баш аламандык, кармашуунун белгиси жок. Болгону, жигит жатарында муздаткычтан апельсин ширесин алып ичкенин айгинелеген бокал турган. Ары жак, бери жагынан сүрөткө тарткан соң сөөктү, Аскаттын колу тийген нерселерди экспертизага жөнөтүштү. Эми милициянын майору Аскаттын теңтуштарын биринен сала бирин суракка ала баштады.
Биринчи болуп жакын досу Нурик көрсөтмө берүүгө кирди. Көзүнүн кыйыгы менен бир тиктеп алган майор отур дегендей жаңсап коюп, адаттагы суроолорун чубуртуп кирди.
– Аты-жөнүң?
– Нурбек Алмабеков.
– Туулган жылың?
– Бишкек шаары. 1989-жыл, 1-апрель.
– Өлгөн жигиттин эмнеси болосуң?
– Досу.
– Аты-жөнү?
– Кимдин?
– Досуңдун дейм. Өлгөн жигиттин...
Кыжырланып жатканын жашыра албаган майор кыйкырып алды. Чыйрала түшкөн Нурик башын көтөрүп, тигини тиктеп калды.
– Токтосунов Аскат Аскарович.
– Эй, эй, токточу. Тиги жигит кадимки Аскар Токтосуновичтин тууганы болобу?
– Жалгыз уулу болчу.
Нурикти тиктеп турду да, майор колу менен жаагын сүргүлөп кирди. Кыжалат боло столду тарс эттире чаап калды.
– Шайтан алгырдыкы десе! Ушул эле жетпей жатты эле. Сен бар, барып тур. Керек болсоң дагы чакырабыз. Нурик эшикти жаап чыгып кетери менен шашкалактап чөнтөк телефонун алып райондук милициянын начальнигине чала кетти.
– Саламатсызбы, жолдош подполковник, биздин райондо ЧП...
– Ии, дагы эмненин ичинен чыктыңар?- деди салмактуу үн.
– Токтосуновдун жалгыз уулун бизге караштуу территориядан өлтүрүп кетишиптир.
– Эмне дейсиң? Эмне, Аскар Токтосуновдунбу?
– Ооба.
– Качан?
– Бүгүн эртең менен билдирүү түшкөн. Мен дагы бул жакка келгенден кийин билдим, “Токтосуновдун баласы” дешти.
– Тынч жашоо деген жок экен го,- деп ачууланып алды подполковник.
– Майор, эми бул жагын өзүң билесиң, кандай иш алып барышың керек экенин. Токтосуновду айтып отуруштун кажети жок го дейм.
– Билем, жолдош подполковник.
– Билсең, анда жаныңды таштап иште. Эгерде кылмышкерди тез кармабасаң, сага да, мага да оор болуп калышы мүмкүн. Мен дагы азыр барып калам.
Өлгөн жигиттин ким экенин, кимдин баласы экенин билгенден кийин милиция кызматкерлери кыйсыпыр түшүп жатып калды. Нурикти чакырган майор кайрадан суракка баш урду.
– Досуңду акыркы жолу качан көрдүң?
– Кечээ... Биз Беманын... Бегимайдын туулган күнүн белгилеп кафеде отурганбыз. Аскат менен Бегимай үйлөнүшөрү тууралуу айтышкан. Ошо...
– Аскатка кимдир бирөө тиш кайрап жүргөнүн билчү белең?
– Жо-ок, ал эч качан конфликтке барчу жигит эмес болчу. Кээде балдар менен урушуп кеткенде деле сүйлөшүп чечкенге аракет жасачу.
– Болуптур анда, ошол күнү адаттан тышкаркы эмнени байкадың?
Нурик ойлонуп калды. Көңүлүндө Аскат менен Азаматтын урушуп кеткени тууралуу айтпай эле коёюн деп ойлоп жатты. Бирок анын өңүндөгү өзгөрүүнү байкап турган майор дал көңүлүндө турган суроону берди.
– Эстесең, ошол күнү эч ким менен урушуп кеткен жок беле?
Суроо дал бутага тийди. Кежигесин кашып алган Нурик акырын үн катты.
– Бегимайдын туулган күнүндө Азамат менен Аскат урушуп кеткен.
– Во-во-во, ушуга кенен токтолсоң болот.
– Ээ, андай нерсе боло берет го. Бегимайды мурун Азамат жакшы көрчү. Аны баарыбыз эле билчүбүз. Анан алар үйлөнүү тууралуу сөз кылганда... Айтор, Аза ичип да алган. Анан ал...
Мукактанып калган Нуриктин көз алдына Азамат жана анын көздөрү элестеди. Жек көрүүгө толгон көздөр... “Мен сени өлтүрөм. Бема меники! Уктуңбу? Үйлөнчү болсоң эле өзүңдү
өлүкмүн деп эсептей бер. Өз колум менен өлтүрөм”. Ушинтип жулунуп жаткан кезин эстеди. “Айтыш керекпи? Жок, Азага илип коюшу мүмкүн. А балким, чын эле...” Өз оюнан өзү коркуп турду.
Майор Нурикти көпкө тиктеп, “сары ооз балапандар десе. Силердин эс алууңар эми биз үчүн тозок болот экен го. Алыңарды билип иш кылсаңар эмне?!” деп кыжырланып турду.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Жолдошбек Кудайбергенов