ПУЛУҢ БОЛСО КУЛУҢМУН! ЭМГЕК БАЗАРЫНДАГЫ ЖАЛДАНМА ЖУМУШЧУЛАР

КАЙРАН СОЮЗ МЕЗГИЛИ...
Союз учурунда ишке жарамдуунун баарын мамлекет жумуш менен камсыздап, бош басып жүргөн киши болчу эмес. Бардыгы тең укукта, айлык акылары татыктуу жашоого жетерлик эле. Союз тарагандан кийин жыргал замандын доору бүтүп, “иштесең-тиштейсиң” деген тытынмай заман келди. Андан бери 20 жыл өтүп, жолун тапкандардын алды президент, министр, депутат, чириген бай болду. Жолун таппаганы карайлап, баягы ичкен ашыңды даярдап берер жыргал заман жок, “турмушуң эшек араба, туулдуң калдың балээге” деп кыңылдап, кара курсактын камын көрүп келет. “Манас” эпосунда душмандан кыйналган эл бөлүнүп, бири Кангайга, бири далайга кетсе, учурда элибиз жумушсуздуктун айынан Орусия менен Казакстанды мекендеп көчүп кетип жатышат. Ал жакка жете албагандар “ишсиздер армиясындагы жарандарбыз” деп байларга жалданып жан багып келишет. Ар бир аймакта байлар кара жумуштарын жасатууга жумушчуларды жалдап кете турган эмгек базарлары түзүлдү. Аталган жайлардагы жашоо тууралуу маалымат алуу үчүн Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан эмгек базарына сапар алдык.

«КЭЭДЕ БИР КҮНДӨ 2500 СОМГО ЧЕЙИН ТАБАБЫЗ»
Жогоруда айтылгандай, “ишсиздер армиясынын” катарындагы жарандарыбыз топ-топ болуп, жумуш берүүчүлөрдү күтүп турушкан экен. “Тамак ичиш үчүн жашабайсың, жашаш үчүн тамак ичесиң” дегендей, ак эмгек менен нан таап, жан багыш үчүн аталган жайда турган 7-8 чакты жигиттерден турган топ менен учурашып, кепке тарттык. Алгач кабарчылар экенибизди угуп, “гезиттен тааныштарыбыз көрүп калса уят” дешип, бирин-бири “сен сүйлө, мен сүйлө” болуп жатышты. Алардын арасынан өзүн Нурлан деп тааныштырган жигит “сүрөтүмдү чыгарбай эле койгула” деп маектешүүгө макул болуп, жалданма жумушчулардын жашоосунан кеп салып берди.
– Алгач бул жердеги жумушчулар жана мындагы жагдай тууралуу айтып берсең.
– Учурда сезон болгондуктан, бул жерге кадимки жумушка келгендей эле эртең мененки саат 7де келип, иш берүүчүлөрдү түшкө чейин күтүп отурабыз. Кыштын күнү жумуш жок болуп калат. Мында жыргаганыбыздан келген жокпуз да. Иштейли десек, иш жок. Завод-фабрикалардын баары талкаланып бүттү. Мамлекеттик жумуштардын айлыгы аз. Кымбатчылык болуп жатса, андай жумуштан алган айлыгың эч нерсеге жетпейт. Мисалы, көчө шыпыргыч 5 миң сом алат экен. Ал эмнеге жетет? Азыр батирге эле 5 миң сом төлөйм. Мамлекет тарабынан эч кимге көңүл бөлүнбөй калды.
– Мамлекет качан жардам берет деп отура бербей, өз алдыңча иштеп жатыптырсың. Көбүнчө кандай жумуштарга алып кетишет?
– Мында келгендер кара жумуштарды жасатканга алып кетишет. Кээ бирлер «бул жерге багар-көрөрү жок байкуштар чыгышат» деп айтышат экен. Бирок андай эмес, мына мында тургандардын үй-бүлөсү, ата-энеси бар. Мамлекетти карап отурсаң, ачка каласың же башка бирөө келип нан бербейт да, туурабы? Андан көрө ишсиз басып жүргүчө бул жерге келип, ак эмгегиң менен наныңды таап жегениң жакшы да. Кара жумуштардын бардыгын жасайм. Курулуш жумуштарынын бардыгын кол билет. “Универсалбыз” десек болот. Кээде чуңкур казабыз. Кыскасы, баарын жасайбыз.
– Бир күндө канча табасың?
– Акчасы болсо, иштеген ишибизге жараша. Кээде жакшы, кээде болбой калат. Жакшы дегенде бир күндө 2500 сомго чейин тапкан учурлар болот. Негизи, күнүнө 1000 сомдун тегерегинде табабыз.
– Жумуш берүүчүлөр иштеген ишиңдин акчасын бербей алдап же нааразы кылып койгон учурлар болбой койбосо керек?
– Жумуштун оор же жеңилине карап нааразычылык жаралбаш үчүн иш берүүчү менен алдын ала баасын чечишип алабыз. Алдап кетип же атайылап эле бербей койгон учурлар боло элек. Мындагы балдардын арасында ошондойлорго туш болгондору бар. Андай иш берүүчүлөр менен кийинки күнү өзүбүзчө сүйлөшүп, эки эселетип төлөтүп алабыз.

Биздин маектешип жатканыбызды көрүп, ары жакта турган топтон бизди көздөй келген байке “жаш жигиттер уялып жатышат. Келгиле, суроолоруңарга ачык жооп берип, гезит бетине чыгып берейин” деп маегибизге аралашып калды. Ал байкеге жогорудагы эле суроолорду узатып, төмөнкүдөй жоопторду алдык.

«12 ЖЫЛДЫК ТАЖРЫЙБАМ БАР МУГАЛИММИН»
– Аты-жөнүм Кубаныч Сатыбалдиев, 42 жаштамын. Өзгөндөн болом. Бул жерге келип иштеп жатканыма бир жарым жыл болуп калды. Жыргаганыбыздан бул жерде жүргөн жерибиз жок. Мамлекет айлык акыны көтөрсө, ушул жерде жүрбөйт элек да. Мисалы, мен Украинадагы Политехникалык институттун экономикалык факультетин жана Ленинграддагы педагогикалык институтту бүтүргөм. Бишкектин Манас айылындагы мектепте география, тарых сабактарынан мугалим болуп 12 жыл иштедим. Үй-бүлөнү бакканга каражат жетишпей, айла жок ушул жерде жүрөм. Азыр сезон болгондуктан, эртең менен келебиз. Жумуш жок болуп калган күндөрү түштөн кийин үйгө кетебиз. Кыштын күнү жумуш азайып калат. Кышында кар күрөйбүз, жүк түшүрөбүз. Жумуш берүүчүлөр келсе, алар менен иштин баасын сүйлөшүп алып, иштерин бүтүрүп беребиз. Иш акыбыз иштеген ишибизге жараша болот. Мисалы, мен күнүнө 500-600 сомдун тегерегинде табам.

«МИЛИЦИЯ ЧӨНТӨГҮБҮЗДҮ ШЫПЫРЫП КЕТЕТ...»
– Кыйынчылыктар көп эле болот. Кээде жумуштарын жасатып алышып, акчасын бербей койгондор бар.
Ушул сөзгө келгенде башында маек берүүдөн качып жаткан Эсен аттуу байке үнүн катуу чыгарып: “Андайлар дагы кездешет. Өзгөчө милиция кызматкерлери бизге кулдардай эле мамиле жасашат. “Акчасын төлөп берем” дешип, жумуш бүткөндөн кийин акчасын бербей, “кетип кал!” дешет. Мына өткөндө эле милициянын бир чоң жеринде иштеген кыргыз эле киши үйүнүн короосун шыпыртып, убада кылган 100 сомду бербей койгонунан “бер” десем, “үстүңөн кылмыш ишин ачып, каматып салам” деп коркутуп айдап жиберди. Айла жок, колду чөнтөккө салып баса бердим. Бала-чаканы багалы деп көрүнгөн жумушту кылып, эптеп тапкан чөнтөгүңдөгү болгон акчабызды бул жакка милиция кызматкерлери рейд жасап келишкенде документиң барбы, жокпу, баары бир шыпырып кетишет. Үй-бүлөм менен батирде турам. Айына 2500 сом төлөйм. Алардын кийими, тамак-ашына араң жеткирем. Мына быйыл уулумду 1-класска киргизиш үчүн документтерине эле 2000 сомдой алып койду. Азыр бардык жерде коррупция болуп кетти. Депутаттар, бийликтегилер ушуларды тыйса болбойбу”,- деп агынан жарылды.
Бул жердеги 18-30 жаштагы аш десе ашка, иш десе ишке тойбой жумуштун майын чыгара иштеген мекендештерибиз менен маегибиз соңуна чыккандан кийин ары жактагы аксакалдарды кепке тарттык. Жашы ортолоп калган Мурадил байке дагы кезинде Нарындагы спорт мектебин бүтүрүп, 2 жыл мектепте мугалим болуп иштептир. “Андан кийин Бишкектеги №1-автопаркта автобустун айдоочусу болуп иштеп, Союз тарагандан иш жок, ар кандай жумуштарды кылып үй-бүлөмдү багып келатам. Мамлекет тарабынан көңүл бөлүнүп, иш орундары ачылса, айлык акыны жогорулатса, бул жерде кыйналып жүрбөйт элек”,- дейт.

«БУЛ ЖЕРДЕ ЖҮРГӨНҮМӨ 7 ЖЫЛДАЙ БОЛДУ»
Жалданма жумушчулар топтолгон бул жайдагы отургучтардын биринде улуу эле эжелердин иш берүүчүлөрдү күтүп отурганын көрүп, алардын бири, 50 жаштан ашып калган Каныштай эжеге суроо узаттык.
– Бул жактан көбүнчө оор кара жумуштарды жасатканга алып кетишет экен. Сиздер дагы ошондой жумуштарды аткарасыздарбы?
– Жок, биз жеңилирээк жумуштарды жасайбыз. Дубалдарды боёп, шыбайбыз, полдорду сырдап, обои чаптап, үйлөрдү тазалап дегендей.
– Бул жерде келип иште­гениң­изге канча болду? Бала-чакаңыз бар да...
– 7 жылдай болду. Буга чейин бала бакчада тарбиячы болуп 12 жыл иштедим. Башында бул жерде тургандан уялчумун. Тааныштарым дагы көрүп калып, “башка жумуш жок калыптырбы, өзүң аял киши болсоң” деп жүрүштү. Азыр болсо түшүнүп калышты. Мурдагы жумушумду улантайын десем, андан алган айлыгым эч нерсеге жетпейт. Бул жерден үй-бүлөмдү бакканга жетиштүү каражат табам. Баштагыдай уялбай калдым. Себеби бирөөнүкүн уурдабай, бирөөнүкүн жебей, ак эмгек менен каражат таап, балам менен кызымды чоңойттум. Кызым турмушка чыкты. Уулум болсо 9-классты аяктады.
– Жумушсузмун деп расмий түрдө катталгансызбы?
– Ооба, каттоодо турам. Бирок мамлекет тарабынан эч кандай жөлөк пул берилбейт. Татыктуу жашоо үчүн айла жок бул жерде жүрөм. Мамлекет бизге келип, жардам берсе деп суранат элем. Жок дегенде мында жумуш күтүп тургандарга түшкү тамакты койдук, чай уюштуруп берсе.

САПАР СОҢУНДА...
Эмгек базарына болгон сапарыбызда ал жактагы жарандарыбыз айлыктын аздыгынан жалданып, көрүнгөн кара жумуштарды аткарып жүргөндүгү өкүндүрбөй койгон жок. Мунусу аз келгенсип, милиция кызматкерлеринин буларга кылган мамилесин уккандан кийин уурулук кылбай жан багып жаткан аталган жайдагы жумушчулардын ишин бийликтегилер мыйзамдуу жолго салып беришсе жакшы болмок. Бийликте отурган төбөлдөрүбүз бири-биринин быкыйларын чукуганды токтотуп, жакырчылыктын сазына батып бараткан элибиздин жашоосун оңдогонго күчүн жумшашса болот эле деп айласыздан кейийсиң.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Эмгек базарындагы жалданма жумушчулар.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
lider-kg
2011-07-11 11:31:32
силердин тапкан акчанар адал бир куну кин тийет силерге
0
arlekino
2011-07-11 12:00:52
турмушун эшек араба туулдун............эх шаарда жумушун болбосо жашоо кыйын эле..
0
Zamira
2011-07-13 15:37:01
Короосун шыпыртып алып 100сом бербей кууп жиберген милицияда иштеген киши олуп эле калса болот эле!Жакшы жашоого кечээ эле жетсе керек байкуш!
0
Zamira
2011-07-13 16:07:20
Атайын рейд кылыппы же жон эле кочодо баратыппы силерди текшерген милициядан биринчи озунун документин корсотуусун талап кылгыла! Рейдди тийиштуу тапшырманы аткаруу учун жасап жатышабы же алар да уй-булоосун багуу учун силерди сагаалап журушобу? Эгерде ошондой болсо,ал милициянын иштеген жерине арыз менен кайрылгыла. Оз укугунарды билгиле. Бизде укук коргоочулар бар,кайрылгыла. Баардыгынар эле жогоркуу билимдуу экенсинерго.
0
19zamir87
2011-07-13 17:59:23
ага.. Укук коргоочуларга кайрылса эле жакшы майнап табат.Азыр кедей жашайсыңбы,болду сенин укугуң жок,коргой да албайсың и коргогондо да ,кайрыла турганга кайрылсаң сенин именно кедей экениңди билип укугуңду эч качан коргоп беришпейт.
0
asil-08
2011-11-24 16:57:43
уяты жок милициялар ошол акчаны алып кантип синдиришет экен андан коро чыныгы ууруларды кармашпайбы бети жоктор десе
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан