Адатта врачтарды “өмүр сакчылары” дейбиз. Бирок дарыгерлер бир кезде Гиппократтын антын бергенин унутуп да койгон учурлар кездешет. Төмөнкү окуя кимдин болсо да төбө чачын тик тургузчудай. “Үч жылдан берки тарткан азабымды эч кимге каалабайм”,- деди Бурулай көзүнүн жашын кылгыртып...
МОНЧОГО БАШКА УБАКЫТ ТАППАДЫБЫ?
– Мен Баткенден болом. Баткен райондук төрөтканасына 2009-жылы баргам. Буга чейин дарыгерлердин кароосунда турганда менин жана баламдын ден соолугу жакшы болчу. Мени кабыл алган врач Эрматова Зарина көптөн бери эле иштеген адам эле.
Мага толгоо чакыра турган укол сайып коюп, “сен жата бер” деп кетип калды. Сменде бир гана врач болчу. Мени алып келип, апам сыртта калган. Анын айтымында, мага укол сайып коюп, врач мончого кетип калган экен. “Ыйынып жата бер, саат 11де төрөйсүң” деди.
Менин биринчи төрөтүм болгондуктан, эч нерсени билчү эмес элем. Толгоо келген сайын эмне кыларымды билбей, жата бердим. Жанымда мээрман айым жана практикага келген кыздар-балдар бар болчу. Алар менден да өтүп алаңдап коркуп алышкан. Апам “кыйналып жатат, карабайсыңарбы! Же креслодон тургузуп койгула” деп мээрман айымдарга айтса, врачка чалып, “мончого эми убакыт таптыңбы?” деп урушкан экен. Бала төрөлгөнү жатат, менин жанымда үрпөйгөн практиканттардан башка эч ким жок. Ошол учурда шашып жетип келди врач. Азыр ойлосом, мен өзүм эле төрөй турган абалда экем.
Ал шашып кетип, бала чыгышы оңой болсун деп кесип жибериптир. Кескенде да арткы тешикке чейин кесип салыптыр.
Мен ошол учурда балам аман калганына эле сүйүндүм. Мага антип кесип салганын да айтышкан эмес. Чыгып баратканда менден 1500 сом сурады. “Мен сени араң төрөттүм, төрөтүң оор болду” деди. Чындыгында, андан мурун 400 сом бергем, туугандарым керек уколдорду алып келип берип турушкан.
«КЫЗ КЫЛЫП ТИГИП КОЁМ...»
– Мурун төрөп көрбөгөндөн, билбегем. Бир тигиш салып жатып, өзүнчө бир кызык болуп жатканын туйгам. “Карасаң, бирикпей жатат. Эмне болуп калды? Кайсынысы кайсы жагында?” деп жаткан. Чыгып баратканда деле карап койгон эмес. Тозок үйгө барганда башталды. Талтаңдап баса албайм же дааратканага бара албайм. Эжемдер “разрыв (айрылып кетүү) үч күндө эле жакшы болчу эле. Мынча кыйналасың?” деп коюшат. Анын үстүнө кыш күндөрү эле да. Эшик ачылса эле менин ичеги-карынымдын баарын суук каптап кетчү. Ошентип кыйнала бергенимден улам эжем жаткырып алып карап көрдү да, жүрөгү түшүп калды.
“Ичеги-карындан бери көрүнүп жатат, эмне кылып салган?” деп эле коркуп кетип, врачка бардык.
Менин билбегенимдин дагы бир себеби, күйөөм менен бала төрөлгөнчө эле ажырашып кеткем. Балким, ушун үчүн деле көпкө билбей жүрө берсем керек. Ошентип, врачка барсак, ал декретке чыгып кеткен экен. Башка врачтар “биз мойнубузга ала албайбыз” дешти.
“Сотко берем” деп коркутсам, бири “сен азыр эмес, кийинчерээк кел. Азыр жаш балаң менен кыйналып каласың. Бир жылдан кийин кел, кыз кылып тигип коёбуз” деди.
Бир жылдан кийин барсам, мени төрөткөн врачты “Москвага кетип калды” деп коюшту. “Болуптур эми, ал кетип калса эмне кылмак элек, сиздер деле тигип коюңуздарчы” деп жалдырадым. Алар “тиккенден кийин сага клизма жасаш керек. Күнөөлүү врач өзү жасасын” деп болбой коюшту. Мен аргасыз үйгө кеттим. Көрсө, тиги Москвага деле кетпеген экен. Кесиптештеринин бири чалып, “ушундай иш болуп жатат. Кесип салган соң тигип бербейсиңби?!” деген окшойт. Ал “ошондой болорун билген элем. Кайра тиге албай калбадымбы” деген экен. Эми кыйналганымды сурабай эле койгула. Эркек адамдын жанына отура алчу эмесмин. Анткени тез-тез эле жел чыгып кетет. Дааратканага элдер бир күндө бир барса, мен жарым саат сайын барчумун. Анткени кысып турган нерсени кесип салган экен. Үч килограммдан ашык салмакты ушул кезге чейин көтөрө албайм.
КУРСАГЫМДАН ТРУБКА ЧЫГАРЫП КОЮШТУ
– Ошентип, быйыл Заринага бардым. “Жөн жерден мени майып кылып койдуңуз. Эми мен да барчу жерге барам. Жок дегенде өз акчама тигип бериңиз. 5 миң сом акчам бар” дедим. Ал мени башка врачтарга көрсөттү. Бирок алардын бири да бул ишке батынбады. “Биз тиге албайбыз. Сен Бишкекке бар” дешти. Ошентип, бул жакка келдим. Бул жакта бир тааныштары бар экен, дайындап жөнөттү.
Мен операция десе, түшүнгөн деле эмесмин. Жөн эле тигип койсо керек деп ойлогом. Көрсө, курсагымды тешип, түз ичегини сыртка чыгарып коюшмак экен.
Анткени тигилген жерге оордук келсе, кайра эле айрылып кетүү коркунучу бар экен. Эми үч айдан кийин кайра түз ичегини өз ордуна коё турган операция болмокчу. Ошентип, азыр үчүнчү операциянын алдында турам.
«МЕН ЭМНЕ КЫЛАЙЫН?»
– Чындыгында, мен бул жакка келбейт деле элем. Болгону, Заринанын мага кылган кордугунан да кайдигерлиги жаныма катуу батты.
Малды деле бир нерсе кылып алса кайгырат го. Мен ал үчүн малчалык да эмес экем. Бир жактан акча жетпей кыйналдым. “Операцияга акча керек экен, акчам жетпей жатат” десем, “мен эмне кылайын, бер да, сураган акчасын” деп кайра мага кыйкырды.
Оорудан жаным көзүмө көрүндү. Зарина ошол боюнча менден кабар албады. Телефонун өчүрүп салган, эмне болгонумду деле билгиси келген жок. Уулумду апам багып жүрөт. Үй-бүлөдө эркек да жок. Балким, ошон үчүн да мени басмырлап жатышабы? Эми ошол ачык жүргөндүн залалынан жатын оорусуна жолуккан окшойм, анын үстүнө “өтүңдө да таш бар” деп жатышат. Эмдиги операция үчүн акчам таптакыр жок. Эптеп силердин дарегиңерди таап келдим.
Ушундай, окурман, бул окуянын башында турган врачты табууга аракет кылдык. Бирок бизге берилген номер убактылуу өчүрүлүп калганын билдик. “Ишенген кожом сен болсоң” дегендей, врачтар ушундай ишке барышса, “өмүрдү кимге ишенип тапшырабыз?” деген ой туулат. Ал ак халатчан 22 жаштагы аялдын, эненин тагдырын талкалап жатканын ошол мончого барган күнү сезди бекен?
Эгерде дарыгер профессионалдык милдетине кайдигер мамиле жасап, анын кесепетинен адамдын ден соолугуна орчундуу зыян келтирсе, сот жообуна тартылат. Бул үчүн төмөнкү жагдайлар болуш керек.
1. “Дарыгердин кайдигерлигинен адам ден соолугунан ажырап, эмгектенүү мүмкүнчүлүгүн жоготту” деген медициналык далил тыянак болсо.
2. Болуп өткөн окуядан 3 жыл өтпөсө.
Жогоруда берилген далилдер болсо, дарыгердин үстүнөн арыз менен кайрылуу керек. Операция жасатканыңызга 3 жыл боло элек болсо, сиз ден соолугуңузга зыян келтирген адамдан моралдык, материалдык чыгымдарды өндүрүп ала аласыз.
Сиздин сурооңузга
Жогорку Соттун мурдагы судьясы,
башкы прокурордун орун басары болуп иштеген,
учурда “Статут” юридикалык компаниясынын президенти,
профессор НАЗАРКУЛ БОПОЕВ
жооп берди.
Дареги: Турусбеков көч., 86
Байланыш тел: 0543 94-05-90
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg