УЧАКТАРГА САЯКАТ
Мурда океандын аркы тарабына кеменин жардамы менен гана барууга мүмкүн болсо, азыр учак менен саналуу сааттарда жетүүгө болот. Учак качан жаралган жана эң көп жүргүнчү ташуучусу кайсы? Ушул суроолорго жоопторду жана учууга камынып жаткандарга кеңештерди сунуштайбыз.
БИРИНЧИ УЧАК 59 СЕКУНД УЧКАН
Дүйнөдө биринчи жолу жерден абага көтөрүлгөн учактын аты Флайер-1 болгон. Аны америкалык бир туугандар Орвил жана Уилбур Райт жасап чыгышкан. Биринчи жолу 1903-жылы 17-декабрда көккө учуп, 59 секунддун ичинде 260 метр аралыкка чейин учкан. Андан бери 100 жылдан ашуун убакыт өттү. Алгачкы учакка бир эле адам бата турган болсо, учурдагы эң көп жүргүнчү ташуучу учак 936 адамды батыра алат. Бул европалык “Airbus SAS” компаниясы тарабынан 2005-жылы чыгарылган Airbus A 380 «темир кушу». Aл учактын узундугу 80 метр, канаттарынын кеңдиги 80 метрди түзсө, бийиктиги 24 метр. Ал эми салмагы 560 тоннага барабар.
УЧАК ТӨРӨТ ҮЙҮ КАТАРЫ
2009-жылы Пенанг-Кучинга багыты боюнча бараткан малайзиялык учактардын биринде 31 жаштагы жүргүнчү 610 метр бийиктикте уул бала төрөгөн. Учактын ичинде төрөлгөн ымыркай эң эле бактылуу болуп эсептелет. Анткени “AirAsia” компаниясы эне-балага өмүр бою ушул фирманын учактары менен акысыз учуу укугун берген. Айта кетсек, 2005-жылы кувейттик белгилүү бир авиакомпания учакта төрөлгөн кызга 18 жашка чыкканга чейин акысыз дүйнө кезүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаган.
УЧУУГА КАМЫНЫП ЖАТКАНДАРГА КЕҢЕШ
-
Көбүнчө учакка отурар алдында чөнтөк телефондорду өчүрүү талап кылынат. Бул жөнөкөй эле нерсе көрүнгөнү менен, сиздин жашооңуздун коопсуздугу үчүн чоң роль ойнойт. Анткени чөнтөк телефондун байланыш линиялары учактагы навигация (жол көрсөтүүчү) системасын иштен чыгарат. Мындай мисалдар жүздөп саналат.
-
Учактын ичинде аба абдан кургап кетет. Бул, албетте, организмге терс таасирин тийгизет, өзгөчө териге зыяндуу. Ошондон улам көбүрөөк суу ичүүгө аракет кылганыңыз оң. Эгерде учакта учкандан корксоңуз, өзүңүздү колго алууга жалбыз кошулуп демделген чай жардам берет.
-
Учар алдында дары-дармектерди ичүү, учак абага көтөрүлгөндө кусуу жана башка ыңгайсыздыктарды жаратышы ыктымал. Эгерде сиз биринчи жолу учуп жатсаңыз, ичпей коюу же учардан 4-5 саат мурун ичүү сунушталат.
-
Атырды учакка отурар алдында көп себинүүгө болбойт, анткени анын кескин жыты башка жүргүнчүлөрдүн аллергиялык ооруларын козгоосу мүмкүн. Учак конгондон кийин гана атыр себүү сунушталат.
Турдугүл Каримова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Тушунуктуу, малымат учун чо-он рахмат.
Тууралап кетсем...А380 "first", "business", "economy class" деген 3 тип менен жайгаштырылса 525, ал эми эгер бир гана "economy class" менен гана жайгаштырылса 853 учуучу батыра алат.
анда мен да уйлонуп, аялым торой турган учуру кеелгенде самолетко чыкпасам.
nationalist, Убара болбо! кыкелер бекер учурбайт серавно.
19zamir87, наоборот озунду штраф толотот десен! :-)
nationalist,ал ял адашып отуруп алса керек,негизи жакынкы 2 айда торой турган адамдарды учакка алышпайт.учууга уруксат берилбейт.
Light, А может жети айлык тороп коет?! Коркуп кетип. :-)
elya2404,в полне возможно))))кээ бир самолеттер бар,торобогон да тороп жибериши мумкун)))
Light, bizde toroi turgan ayaldi biyakta koi, sakalchan vahabistti avtomati menen dele para berse samolyotko oturguza beret))).
Википедиядан эле кочуруп салышыптыр.