АМНЕЗИЯ ООРУСУ ЖЕ “МЕН КИММИН?”

Амнезия – эс тутумдун бузулушу
Амнезия – өткөн окуялар боюнча эскерүүлөрдүн толук же жарым-жартылай жоктугу. Оору келип чыгуу себептерине карата психологиялык жана органикалык болуп эки түргө бөлүнөт.
Психологиялык амнезия. Көбүнчө өткөн жаман окуяларды эстеп кыйналып, анан аны биротоло унутууга болгон аракеттен (мисалы, ажырашуусун же өзүнүн айынан бирөөлөрдүн кырсыкка учуроосун) келип чыгат. Тактап айтканда, тынчсыз жандүйнө абалы адамды жагымсыз убактарды унутууга чейинки чекке жеткирет. Бирок, адам өткөнүн гана эмес, өзүнүн ким экендигин да унутуп калат. Натыйжада, “Мен киммин?”, “Мен каяктамын?” деген суроолорду берип, белгисиз адамга айланат. Бирок, кадимки толук кандуу адам болуп жашап, иштөөгө, чөйрөдө болуп жаткан нерселердин баарын түшүнүп, баа берүүгө жөндөмдүү. Булар “өткөнү жок, азыркы учур менен жашаган адамдар” деп аталышат. Кээбирлери жаңы ысым менен фамилия алып жашоого өтүшөт. Антсе да, айрымдарынын эс тутуму кийин кайтып келүүсү мүмкүн экендигин айта кетели. Кызыгы, эс тутуму кайтып келгени менен, амнезия кезиндеги жашоосун унутуп калат.
Органикалык амнезия. Бул көбүнчө баштын жаракатка кабылуусунан (мисалы, чайпалуусунан), баш жана эндокриндик (ички бездер) оорулардан, ичкиликке берилүүдөн, инсульттан кийин, уйку дарыларынан же башка нерселерден уулануудан келип чыгат. Мээ катуу жаракатка кабылса, адам каргашалуу окуяны да, мурунку өткөн өмүрүн да эстей албайт.
Өткөнүн унутканы менен, адам жашоого, иштөөгө болгон жөндөмдүүлүгүн сактап калат. Эс тутуму кийин кайтып келүүсү мүмкүн.
Эгер адамдын мээси катуу чайпалууга кабылып, ал адам дарыланса, эс тутуму акырындап калыпка келүүсү ыктымал.
Амнезиянын мүнөзү жана эс тутумдун деңгээлине жараша бөлүнүшү
Амнезия мүнөзү жана эс тутумдун деңгээлине жараша 4кө бөлүнөт.
Антерограддуу амнезия. Адам амнезияга кабылгандан баштап эмне болгонун эстей албайт. Бирок, ооруга чейинкилердин баарын эстей алат.
Ретрограддуу амнезия. Ооруга кабылганга чейинкилердин эч нерсесин эстей албайт. Бирок, амнезияга кабылгандан кийинкилердин баарын эстей алат.
Парамнезия. Мында адам же өткөнү менен азыркысын аралаштырып эстөөсү; же реалдуу окуялар менен ойдон чыгарылган окуяларды кошуп эстөөсү; же жалаң ойдон чыгарылган жашоону өткөн өмүрүм деп эсептеп, эстеши мүмкүн.
Качуу реакциясындагы амнезия. Өткөн өмүрү менен кошо өзүнүн ким экендигин да эстей албайт. Ал жаңы жашоо баштоосу мүмкүн. Адатта, бул ичтен кайгыруу менен коштолот жана узакка созулат.
Дарылоо
Кээде жеңил түрүндө медицинанын кийлигишүүсүз эле адамдын эс тутуму кайтып келүүсү мүмкүн. Эгер мындай болбосо, анда медиктердин жардамы керектелет. Алгач оорунун келип чыгуу себептери такталат. Дарылоодо психотерапия (гипноз) жана дары каражаттары колдонулат. Оорулуунун жакындары ал айыгып кеткичекти моралдык жактан колдоп, эч качан басмырлообосу кажет. Жакындардын жакшы мамилеси айыгууга өбөлгө экенин эстерине алуулары кажет. Аягында эскертип кетчү нерсе, эч качан адам өз алдынча дарыланбоосу кажет!
Ойгонгон соң ким экенин эстей албай калган
Феликс Мусин аттуу тюмендик адам аялы менен ажырашкан соң Уфага химиялык заводго иштөөгө кетет. Ал жерден иштеп жүрүп, кийин кандайдыр бир документтерди бүткөрүү үчүн поездге отуруп, өз шаарына жол тартат. Бирок, жолдо баратып уктап турган соң эле өзүнүн ким экендигин жана кайда баратканын эстей албай калат. Темир жол бекетиндеги медпункттагы дарыгерлерге кайрылып, маселесин айтат. Ошентип, ал ооруканага жөнөтүлөт. Врачтарды таңкалтырган нерсе, белгисиз адамдын химиялык маселелерди чечип, кроссворддорду укмуштуудай бат, туура толтургандыгы болот. Бирок, кайра сурай келишсе эле ким экендигин эстей албайт. Мындай адам жөнүндө уккан журналисттер анын сүрөтүн гезитке жарыялашып, туугандарын издешет. Акыры анын апасы табылып, үйүнө алып кетет. Феликс апасын тааныбаганы менен, үнү тааныш экендигин айткан. Дарылангандан кийин Феликс жумушка орношуп, иштеп кетет. Врачтар “Феликске аялы менен ажырашуусу, аялы кызын өзү менен ала кетүүсү катуу тийген. Анан ал окуяны унутууга кылган аракетинин айынан амнезияга кабылган” деп жыйынтык чыгарышкан. Феликстин эс тутуму кайтып келгендиги же келбегендиги тууралуу азырынча маалымат жок.

Бетти даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 307, 19-25-сентябрь, 2008ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан