Көчөдө же коомдук транспортто наушник тагынып алып, даңгыратып музыка уккан жаштарды кадам сайын жолуктурабыз. Мүмкүн, алар ошондон рахат алышат, бирок наушникти туура эмес пайдалануу зыян экенин унутпашыбыз керек.
ЖӨНӨКӨЙ ЭРЕЖЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУР!
НАУШНИК-КАБАРЛАР
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча Евросоюз комиссиясы гаджеттердин (кичине өлчөмдөгү техникалык буюмдар) өндүрүүчүлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы чыгуучу плеерлердин үнүнүн максималдуу бийиктигин логарифмалык шкала боюнча 100дөн 80 децибелге түшүрүү керектигин белгилеп жатышат.
Биз колдонуп жүргөн наушниктерден тышкары микронаушниктер бар. Алар абдан кичинекей жана көрүнбөгөн болуп, телефон, диктофон, Мр3 плеерлер жана башка үн берүүчү сигналдардын булактарына туташтырылат.
Бразилиянын Сан-Пауло шаарынын аэропортунда трагедиялуу окуя болгон. Бир велосипедчен бала наушниктен музыка угуп бараткан жеринен конуп келаткан учактын үнүн укпай калып, тепселенип калган.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg