ВИРУС

Вирус бул – латынчадан которгондо “уу” дегенди билдирген медициналык термин. Технологиялык жактан алып караганда вирус медицинадагыдай эле кызматты аткарат. Компьютердин программалык камсыздоосун иштен чыгаруу, файлдарды өчүрүү жана эң негизгиси, компьютердин «мээсинин» иштөө функциясына доо келтирет. Анда эмесе, компьютердин иштешине байланышкан вирус жана антивирустар жөнүндө сөз кылсак.

КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?
Алгачкы компьютердик вирус 1969-жылы байкалып, ал ГРИППЕР деген атка конгон. Чынында, компьютердик вирустар 1980-жылдардан баштап иштелип чыга баштаган. Вирустардын алгачкы эпидемиясы болсо, 1987-жылдары катталган. Бул жылдарда Врейн аттуу вирустук программанын таралышы менен 18 миңден ашуун компьютер иштен чыккан. Азыркы учурда вирустардын жаңы түрлөрү дүйнөлүк желе аркылуу таралып келет. 2000-жылы “Мен сени сүйөм” деп аталган вирус электрондук почталар аркылуу таралып, миллиарддаган чыгымдарды алып келген. Анын негизинде миңдеген адамдардын электрондук почталары жапа чеккен.

ВИРУСТУН ДАБАСЫ – АНТИВИРУС
Антивирус бул – жеке компьютерге зыян алып келүүчү ар кандай вирустук программаларга каршы иштелип чыккан программа.
Антивирустук программанын негизги максаты – вирустук программаларды аныктоо, алардан жапа чеккен файлдарды калыбына келтирүү, тактап айтканда, аларды айыктыруу жана зыяндуу вирустардан алдын алуу болуп эсептелинет.
Компьютердеги эң негизги программалар «Майкрософт Виндоус» фирмасы тарабынан жазылгандыктан, вирустук программалардын көбү ага жараша даярдалып келген. Бирок учурда «Майкрософттун» негизги атаандаштары өзүнүн кынтыксыз коопсуздугу менен айырмаланып келген «Линукс» жана «Мак ОСко» дагы каршы вирустук программалар чыгарылууда. Алар бир гана компьютерлерге ылайыкталбастан, чөнтөк телефондорго дагы ылайыкталып чыгарылат. Өзүңүздүн жеке компьютериңиз жакшы иштеши үчүн лицензиясы бар антивирустук программаны орнотуу зарыл. Анын тийиштүү деңгээлде иштеши үчүн компьютер интернетке кошулуп, ошондой эле антивирустук программаны колдон келишинче жаңылап туруш керек.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • «WEBCITY Business Network» тарабынан интернетте жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында, Касперский лабораториясынын «Kaspersky Crystal» антивирустук программасы эң мыкты деп табылган. Андан кийинки катарда «ESET NOD32 Smart Security», «Dr.Web Бастион Pro», «Avira AntiVir Premium Security Suite» программалары турат.
  • Касперский лабораториясынын маалыматтары боюнча, 2011-жылдын башында интернетте кеминде эле 4,5 миллион вирус бар экени аныкталган.
  • Бишкек шаарында лицензиялуу антивирустук программалардын баалары 1000 сомдон башталат. Сапатына жараша программанын баасы жогорулайт.

P.S. Кээ бир адистердин айтымында, антивирустук программаларды чыгарган лабораториялар өзүнүн продукциясын сатып туруш үчүн вирустук программаларды чыгаруу боюнча хакерлер менен иш алып барышат. Бул формацевтика чөйрөсүндөгүдөй эле көрүнүшкө окшош. Жаңы ооруну ойлоп таап, ага каршы дарыдан көптөгөн киреше табууну көздөгөндөй эле кеп.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
rusys
2011-07-12 11:12:52
Тилекке каршы Кыргызстанда учурда коптогон компаниялар лицензиясы жок эле программаларды иштетишет.
+2
moonray
2011-07-13 18:31:52
фОрмацевтика эмес фармацевтика....эх, качан онолобуз?
-2
friendwipkg
2012-12-05 20:13:43
moonray, оа, ушундай.
0
Zarema94
2013-10-25 21:55:12
moonray, сиз орфографиянын эрежелерин уйронгонуздо:)
0
mr_aminov
2012-09-16 11:14:39
формацевтика деп жазылат фармацевтика деп окулат
+1
Ema_nookat
2013-12-06 12:18:25
Туура айтасын...
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан