АТАКТУУНУН АЯЛЫ БОЛУУ ЫРАХАТПЫ ЖЕ АЗАППЫ?

“Мыкты аял жакшы эркекти падыша, орто эркекти жакшы, жаман эркекти орто кылат” деген кеп бар. Биздин коноктордун жолдоштору ар дайым “ат үстүндө”. Ал эми үйдө кандай болду экен? Депутат, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева жана президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаровдун жубайы Гүлүмкан Мамакеева бул тууралуу маек куруп беришти.

– Айгүл эже, биз Өмүрбек Чиркешовичти саясатчы катары билебиз. Ал эми үйдө кандай?
– Мен Өмүрбек жумушунда өзүн кандай алып жүрөт, билбейм. Анткени анын ишине кийлигишип көргөн эмесмин. Жумушуна барып да көргөн эмесмин. Ал эми үйдө кадимкидей эле үй кожоюну. Чечиле турган маселелерди кеңешип чечип, кээде талашып кеткен учурларыбыз да болот. Баса белгилечү нерсе, балдарына өтө камкор. Кээде менден да баласаак болуп кетет.
– Айрымдар үй чарбасын толугу менен кожойкеге өткөрүп берет эмеспи. Сиздерде кандай?
– Туура, агайыңар үй чарбасына анчалык карамдуу эмес. Чындыгында, ал өзүнүн дүйнөсүндө, башкача айтканда, саясаттын дүйнөсүндө жашайт. Ага түшүнүү менен эле карайм. Көптөр суроо беришет, “ушундай корс, олуттуу адам менен жашоо оор болсо керек” деп. Өмүрбек үйдө таптакыр башкача. Менин кайсы жерден, эмнеге кабагым түшүп калганын сезип коёт. “Эмне болду?” деп сурап жатканын көз карашы менен эле билдирип коёт.
– Ар бир үй-бүлөдө казан-аяк кагышат. Мындай учурларда абалдан кантип чыгасыздар?
– Эми идеалдуу адам жок болуш керек. Биз жашообуздагы “острый уголдорду” айланып өткөнгө аракет кылабыз. Анткени жыл өткөн сайын ортодогу урмат-сыйды көбүрөөк барктап калууга умтулат экенсиң.
– Үй-бүлөнүн сепилин сактап калууда сиздин өзүңүздүн рецебиңиз барбы?
– Рецепт жөнөкөй эле. Үй-бүлөнү чындап сүйүү керек. Камкордук, кечиримдүүлүк, сабырдуулук менен үй-бүлөнүн чеби ого бетер бекемделет. Дагы бир жагдайды эске алуу керек. Убакыттын өтүшү менен көп маселелер өзүнөн өзү чечилип, күн тартибинен алынып каларын унутпаш керек.
– Өмүрбек Чиркешович бир интервьюсунда “келинчегим менен апамдын көп сапаттары окшош” деген эле...
– Билбейм, эмнебизди окшоштурат, аны өзүнөн сураш керек экен. Апам майда-чүйдөгө көп кирише бербейт. Өзүн мындай нерседен бийик койгон аял. Балким, ушул сапатыбыз окшош чыгар.
– Үй-бүлөдө ким мыйзам чыгаруучу да, ким аткаруучу?
– Сиздин сөз менен айтканда, Өмүрбек үй-бүлөнүн Конституциясын гана жазган. Калган маселелерди ошол талапка ылайык, кеңешип эле чечип алабыз. Үй тиричилиги, тууганчылык, карым-катнаш деген нерселердин баарын өзүм аткарам.
– Атактуунун аялы болуу оорбу же...
– Башкаларды билбейм, мага оор болгон учурлар болду. Мен депутатка турмушка чыккам. Агайыңар 20 жылдан бери эле оппозициячы. Мындай жүктү көтөрүү көп эле аялга оор болсо керек. Чогуу жашаган 16 жылдан бери көп нерсени баштан өткөрүүгө туура келди. “Баарына даяр бол” деген командага өзүм да көнүп калган сыяктуумун. “Ар бир кадам кооптуу болушу мүмкүн” деген ой менен жашаган учурлар көп болду. Акыркы жолу эле Апрель окуясы канча үрөйдү учурду?! Өмүрбекти үйдөн алып чыгып кетишкенде өзүмдү коёрго жер таппай калгам. Өзү операциядан кийин жакшы боло албай, бели ооруп, жакшы отура албай жүргөн эле да. Биринчи эле эптеп таап, ооруканага жаткырайын деген ой болду. Бирок ички туюмум “баары жакшы болот” деген сигналды берип турду.
– Сиз, билишибизче, Көлдүн кызысыз, түштүк жакка көнүү оор болгон жокпу?
– Бизде андай бөлүнүү жок. Экөөбүз тең мындай нерсеге таптакыр көңүл бурбайбыз. Сүйлөшүп жүргөндө Өмүрбек менин Көлдүн кызы экенимди билген эмес. Барган жеримде деле эч кандай оорчулук болгон жок. Негизи, түбүм көлдүк болгону менен, атамдын иши менен Ошто жашап калганбыз. Ошондуктан эч кандай деле ажырым болгон жок.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


“КЛАССТАШЫМ, ЖАНДАШЫМ”
– Азим менен 1-класстан бери чогуу окуганбыз. Мектепте классташ катары гана мамилебиз бар болчу. Бирок ал киши армияга кеткен соң мага кат жаза баштаган. Ошентип, үч-төрт жылдай кат жазышып отуруунун аягы үй-бүлө куруу менен бүттү. Окуп жүргөндө баарыбыз аны “иштерман” дечүбүз да, анан баш кошкон соң «Азим» деп чакырып калдым. Ал мени «Сакен» дейт. Чогуу жашаганыбызга быйыл 33 жыл болду. Үч уул көрдүк. Экөөсү үйлөнүп, небере жытын искеп отурган кезибиз. Неберелеримдин үчөөсү эркек, жакында кыз неберелүү болуп, ого бетер кубанычыбыз койнубузга батпай отурат.

“ЭМИ ЖАНЫМДА БОЛОТ ДЕСЕМ, САЯСАТКА КИРИП КЕТТИ”
– Азим университетке кеч тапшырып, окуп калды. Баш-аягы он жылдай окуу менен алек болуп жүрдү. Талаалап жүргөнүнө көнүп деле калганмын. Башында Ташкентте техникумда, кийин Кыргызстанда окуусун уланткан. Мен бул аралыкта балдарым менен кайын журтумда калдым. Жолдошумдун ата-энеси кары кишилер эле, аларга карашып жүрдүм. Андан сырткары дүкөндө иштечүмүн. Бул аралыкта “Азим ушунча жыл бою окуп-чокуп жатат, бизге келсе, ал иштейт, бизди карайт” деп элестетер элем. Кийин жаныбызга келгени менен, бир-эки жыл өтпөй, саясатка аралашып кетпеспи... Жаңы саясатка аралашканда мага деле оор болду. Эсимде, бир жолу гезитти колума алсам эле, Азимдин башка беш депутат менен Үзөңгү-Кууштан түшкөн сүрөтү жүрөт. “Бул – Кытайдыкы эмес, биздин жер” деген маанидеги макала болчу. Ошондо гана Азимдин саясатка баш-оту менен киришкенин сездим. Ичимден “кереги деле жок эле, мындан көрө айлык алган жумушта тынч иштесе эмне” деп бир айга чейин жүрөгүм сыгылып жүрдү.

“СОТТО ӨТКӨН ЭҢ ООР КҮНДӨР”
– Турмуш болгондон кийин баштан түрдүү күндөр өтөт. Биз сүйлөшүп, жактырышып жүрүп баш кошкондуктанбы, кандай маселе болбосун, бат эле түшүнүшүп алчубуз. 2002-жылы Акаевге каршы чыгып, Үзөңгү-Куушту кайтарабыз деп жүрүп, камалып кетти. Жаман абалда калдым. Ал мезгилдин адамдары азыркыга салыштырмалуу таза беле, шайлоочулар топ-тобу менен сотто чогуу жүрүштү. Сот иши үч-төрт күндөп созулат. Бирок ага карабастан, Азимди колдогон адамдар муздак суу куюлган бөтөлкөгө сүзмөсүн аралаштырып, каткан нанын жеп, бирге болушту. Кандай кыйынчылык болсо да “ажырашып кетейин” деген ой таптакыр болгон эмес. “Бул күндөр да өтөт” деп өзүмдү сооротуп жаттым. “Азимбек эл-жер үчүн жүргөн адам. Мунун баары саясаттын айынан болуп жатпайбы” деген сөздөр мага ошол кезде таяныч болгон.

“АЗИМДЕН МЫКТЫ ДЫЙКАН ЧЫКМАК”
– Көпчүлүгү эле Азимди «сыртынан каардуу көрүнөт» дешет. Бирок үйдө таптакыр башкача. Өмүрүндө бир да жолу уулдарына колу тийбеди. Анын үстүнө алар да мага окшоп, көңүлүнө жараша мамиле жасап турушат. Азимдин ыгын таап алганбыз. Үй оокаттарына аралашпайт. Бирок короону, бак-шакты укмуш карайт. Айылда эле бекеринен иштерман деген лакап атка ээ болгон эмес да. Тиккен көчөтү сөзсүз көктөп, көп өтпөй мөмө байлайт. Кара жумушка да жакшы. Кез-кезде тамаша аралаш ага “саясаттан көрө эки гектар жер алып иштетсең болмок, сенден жакшы дыйкан чыгат эле” деп калам. Курулушка да уста. Студент болгонго чейин үч жылдай курулушта иштеген. Бизге дизайнер деген деле керек эмес, өзүбүз төрт бөлмөлүү үйүбүздү куруп алганбыз.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
brit
2011-07-11 14:35:17
уй-булодо коп нерсе аялдан зависить.аял жакшы эр жакшы дейт. берген интервьюларына караганда экоосу тен акылдуу сезилди. ушунча ушук-чырга чыдап куйоолоруно ойдодо обок ылдыйда жолок болуп,оорун тен которушуп келген ушул эжелерибизге рахмат! ото кыйын болбосо да,оной эмес болуш керек атактуунун аялы болуш.
0
Prokuror
2011-07-11 16:52:02
Тыптынч оз турмушунда эрин тушунбогондор канча!!! Экоо тен азамат аялдар дейт элем. Текебаевдин аялына 10 койсо да жарашат!!!!!!!
0
Мика
2011-07-12 09:22:43
Атактуунун аялы болуу азап эмес го азыркы заманда, айрыкча бизде. Анан да бул эки саясатчы тен токумун жеп буткон динозаврлар. Калганы баарына тушунуктуу. бирок ошентсе да аял баарын которо билет,чыдайт, эркекке караганда кучтуу
0
elya2404
2011-07-12 14:17:54
Конечно куйоолору миллондоп акча таап турса баарына чыдашат!!!
0
tampo
2011-07-13 10:42:27
Жакшы бакыт каалайбыз эки карыларга.
0
veneraaalieva
2011-07-14 12:10:40
Соз миллион тапканда деле эмес,эгер оздору тушунуктуу болбосо, эч кандай акча жардам бере албай, тескерисинче миллиондорго кооп кетишмек.
Мен ушул айалдарга рахмат демекчимин, аял жакшы эр жакшы деген макала мына ушуга окшогон аялдарды коруп туруп анан чыкан да рахмат силерге бар болгула айымдар!
0
adelima
2011-09-16 16:34:27
сенин суйуп жургон куйоон тундоп,айлап келбей калса,жумуштары менен журсо,артынан гезттерге ар турдуу ушактарды жазса корот элем ошондо эмне кылганынды. бироо миллион эмес,миллиард алып келсе дагы кой аман-эсен келсе экен,балдарымын кашында аман болсо экен дейсин. кептин баары акчада эмес.
0
elya2404
2011-10-18 15:25:42
vеnеrаааliеvа туура, соз миллиондо эмес! Мен Текебаевдин интернетке чыккан тасмасынан кийин, анын жанында бир минут дагы турбайт болчумун, хоть миллиард акчага комуп койсо дагы! И ойлойм ар бир озун сыйлаган аял киши мындай издевательствого чыдамак эмес! Ну это лично мое мнение!
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан