ХХ КЫЛЫМДЫН АТАКТУУ КЛИПТЕРИ

Эскирген элестер эсибизден кетпеген сыяктуу эле көз сүйүнүп көргөн клиптер да жүрөгүбүздө сакталуу эмеспи. Бүгүн биз бир нече клиптин тартылуу тарыхы жөнүндө кеп козгодук.

Айжамал Кабылова: «КЛИПТЕГИ КИЙИМИМДЕН УЯЛАМ»

Тартылган жылы – 1998-жыл
Режиссёру – Мыктыбек Арстанбек

– "Түнкү жылдыздар» деген ырымдын клибинин аркасынан эле “Жан, жан” аттуу ырыма клип тартууну пландаганбыз. Бул чыгарма Изатула Ибрагимов деген өзбек композиторунун калемине таандык. Атайын уруксат алып, кыргызча ырдап чыккам. Ал эми темир жол бекетине тартуу идеясы Мыктыбек Арстанбек байкеники. Кызыгы, бул ырды “Кыз-Бурактын” кыздары “мен ырдайм, мен” деп да талашкан элек. Аягында Гүлшайыр эже “Айжамал ырдайт” деп мага тапшырып койгон.
Чынын айтсам, ал кезде камера менен иштеше алчу эмесмин. Ушундан улам тартуучу топту да кыйнагам. Таң эрте баштаган жаныбыз түн бир оокумда тартып бүткөнбүз. Баарынан да клиптеги кийингеним өзүмө эч жакпайт. Азыркыга чейин көргөндөн уялам. Жакшы формам деле бар эле, жупуну кийинип алганыма таң калам. Ошентсе да бул чыгарма менин чыгармачылыктагы багымды ачкан деп айта алам.


Айчүрөк Иманалиева: «РОЗА ГҮЛҮНӨ» БОЁНБОЙ ТАРТЫЛГАМ»

Тартылган жылы – 1991-жыл
Режиссёру – Жылдыз Токтосунова

– Ал кезде азыркыдай бетке беш тонна макияж жасамай деген жок болчу. «Роза гүлүндө» оозума помада да сүйкөгөн эмес болушум керек (күлүп). Клиптин режиссёру Жылдыз эже арабыздан өтүп кетти. Ал менин талантымды баалап, бүт чыгымды моюнуна алып, бекер тартып берген.
Бишкектеги ботаникалык бактан тартканбыз. “Роза гүлү, тартып мени өзүңө” деген саптарды ырдап жатканымда гүлдү жыттаган жерим бар го, ошондо тикендери кийимиме жабышып, сайгылаганы азыр да эсимде. Тартып жаткан топту токтото турсам деле болмок. Бирок алардын ишин үзгүлтүккө учуратпайын деп жабышкан боюнча ырдай бергем. Жыйынтыгында улуу-кичүүгө жаккан клип болду. Өзүм да азыр көргөн сайын толкунданып калам. Бул клибим биринчи жолу “Мыскыл жана тамаша” берүүсүнөн көрсөтүлгөн.


Турсун Кайыпова, Жолдубай Кайыповдун карындашы: «ЖОЛДУБАЙДЫН ЖОЛДУУ КЛИБИ – «АТА-ЭНЕ» 

1983-жылы Кыргыз телевидениесинин кызматкерлери тарабынан тартылган.

Жолдубай Кайыповдун “Ата-эне” аттуу ырынын клиби тууралуу билүү үчүн маркум ырчынын бир тууган карындашы Турсун эжеге кайрылдык. Ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Агам Жолдубай өмүрүндө эки гана: “Ата-эне” жана “Кел, бийлейли, ырдайлы” аттуу ырларына клип тарттырганга жетишкен. “Ата-эне” деген клиби 1983-жылы мурдагы “Достук”, азыркы “Ататүрк” сейил багында тартылган. Режиссёру ким экенин билбейм. Аталган чыгарма агам үчүн ак жолтой болду деп ойлойм. Анткени агам ушул ыры менен элге таанылып, бүгүнкү күндө да жүрөктөрдө жашап келет.
Андагы каармандар боюнча айтсам, көпчүлүк “Жолдубай өз ата-эне­син тарткан” деп ойлошот экен, бирок андай эмес. Байбиченин ролун шаарга небереси менен конокко келип калган кудагыйыбыз – агамдын кайненеси ойногон. Анын берилүү менен аткарып бергени эсимде. Ал эми абышкасынын ролун Казы аяш атабыз жараткан. Тилекке каршы, азыр аяш атасы да, кайненеси да, өзү да арабызда жок. Клиптеги сүрөтчү баланы Чуйков атындагы окуу жайдан тандап алышканын уккам. Ал эми ошол кездеги 4-5 жаштагы бойтойгон бала азыр 32 жашта экен. Ушинтип агамдын чыгармачылыгына кайрылып, аны унутпай келе жаткан сиздерге рахмат.


Ибрагим Жунусов: «МИҢДЕГЕН НАРИСТЕГЕ УУЛУМДУН АТЫ ЫЙГАРЫЛГАН» 

Тартылган жылы – 1993-жыл
Режиссёру – Мыктыбек Арстанбек

– Оо, бул ырым популярдуу болуп турган чакта клип тартуу сунушун Мыктыбек Арстанбек киргизген. Күз мезгилинде борбордогу Опера жана балет театрында, КТРдин студиясында жана бир тааныш эженин үйүндө тартылган. Ал кезде БМВ үлгүсүндөгү унаалар жок болчу. Биз сатыла турган машинаны сурап тартканбыз. Анан дагы ошол машинадан уулумду алып түшкөн жерим Жеки Чанга окшошуп калыптыр. Андыктан “Жеки Чан тартылыптыр” деген сөздөр тарап кеткен. Үч күндүн ичинде клип даяр болгон. 3 жашар Эламанды көргөндөр “ушулбу Эламан?” деп баса калып өпкүлөшүп, бир аз клипке тоскоолдук жаратышкан эле. Көчөдөгү фонтандын жанынан тарткан жерибизде да улам башка адамдар тартылып калып жаткандыктан, алынып салынган. Баарынан кызыгы, Эламандын бийи кийин студенттер арасында атактуу болуп кетиптир. Ал гана эмес, аты да популярдуу болуп, ошондон кийин
10 000ге жакын наристеге Эламан деген ысым ыйгарылган. Учурда уулум 21 жашта, Кыргыз-Орус Славян университетинин 5-курсунда окуп жатат.


Клара Алибекова: «ОЙСОКТОП 4 КӨЙНӨК АЛМАШТЫРГАМ» 

Тартылган жылы – 1995-жыл
Режиссёру – Ашым Полотов

– "Классташым" деген ырымдын клибин 7-классымда Бишкектеги өзүм окуган №68-мектептен тартканбыз. Бул чыгарма менин окуучулук күндөрүмдү эске салып турат. Алгачкы клибим болгондуктан, көзүмө жакшы көрүнөт.
Ал кезде Айбек Карымов жетектеген “Нур” деген топтун ырчысы элем. Айбек байке тартуучу топ менен өзү сүйлөшүп, баарын даярдап, анан мени жетелеп барган. Сценарий түзбөй эле, бир класска кирип, андагы окуучулар менен тартып койгонбуз. Бир аз сүрдөгөнүм гана болбосо, тыпылдап аткарып койгом.
Эсимде, ойсоктоп 4 жолу көйнөк алмаштыргам. “Классташымдан” кийин “Арзыганым”, “Турналар” аттуу клиптерди тарттырдым. Бирок алар анча ийгилик жарата алышпады. Ырда классташын сүйүп калган кыздын сезими айтылат. “Күндөр өттү, өттү балалык, сүйүүбүздү сактай албадык” деген саптарын кантип ырдадым экен деп күлүп калам.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
19zamir87
2011-07-13 18:20:43
Жолдубай Кайыповдун "Ата-Эне" деген ыры жагат баарынан да,жаш болсом да бул ырды көңүл коюп угам.
0
baibolot71
2011-07-15 14:00:52
Мага клиптердин баары жагат,угуп коргондо эле жаш кезим эске тушот.Кечээ атайын Эламандын клибин издеп бир коруп алдым,чынында эле Ибрагим ака Жеки Чанга окшошуп калыптыр.Аа устудоку Ж.Кайыповдун клибин коргондо айылдакы ата энем менен жургон кундорум эске тушот...
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан