ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Филиппин

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КИЧИНЕКЕЙ КИШИ
Филиппиндин Минданао аралынын 18 жашка жаңы толгон тургуну Жунри Баулинг “Дүйнөдөгү эң кичинекей киши” деп табылды. Буга чейин “Гиннестин рекорддор китебине” киргизилген непалдык Хагендра Тапа Магару экинчи орунга жылдырылды. Хагендранын бою 67 сантиметр болсо, жаңы рекордчунун бою 55 сантиметрди гана түзөт. Жунринин мынчалык кичинекей болуп калышынын себебин дарыгерлер да тактай алган эмес, болгону, “баасы кымбат витаминдерди бериш керек” деген кеңеш айтышкан. Жунринин ата-энесинин айтымында, ал бала кезинде катуу ооруп, бир жашка чыккандан кийин боюнун өсүүсү токтоп калган. Бул үй-бүлөнүн мындан башка дагы 2 кыз, 1 уулу бар. Алардын ден соолугу баары жайында.
Ал эми дүйнөдөгү эң узун бойдун ээси Султан Косен аттуу түрк эсептелет. Анын бою 2 метр 47 сантиметр.

Австрия

ООЗДУ АЧЫРГАН КЫМБАТ ФОТОАППАРАТ
Австриянын борбору Венадагы ВестЛичт галереясында 1923-жылы чыгарылган немистик Leica-0 үлгүсүндөгү 25 фотоаппараттын бири аукциондо сатылды. Болгондо да баштапкы 440 миң доллар деп белгиленген баасынан алда канча кымбатка өттү. Атын ачыкка чыгаргысы келбеген Азия өлкөлөрүнүн биринде жашаган коллекционер фотоаппарат үчүн 1 миллион 850 миң долларын аяган эмес. Муну менен аукционго келгендердин гана оозун ачырбай, баасы боюнча дүйнөлүк рекорд койду.

Индия

МИЛЛИАРДДАГАН ДОЛЛАРГА БААЛАНГАН КАЗЫНА ТАБЫЛДЫ
Индиянын Керала штатында XVI кылымда курулган индуизм динине таандык сыйынуучу жайдын жер төлөсүнөн болжол менен 1 тоннадай алтын тыйындар, ушундай эле өлчөмдөгү алтын буюмдар, бриллианттар жана дагы башка асыл таштардан турган казына табылды. Алтын буюмдардын ичинен бийиктиги 1,2 метр келген Вишна Кудайынын айкели да бар. Кээ бир эксперттер “мындагы байлыктын жалпы эсеби болжол менен 20 миллиард доллардан ашат” дешүүдө. Мурда Индиядагы ак сөөк үй-бүлөгө тийиштүү болгон бул сыйынуучу жай жакында сот аркылуу мамлекетке өткөрүлгөн эле.

Грузия

КОШ, ГРУЗИЯ! САЛАМ, ЖОРЖИЯ!
Орустарды ушунчалык жек көрүп, америкалыктарды “аталап” калган Грузин бийлиги эми Союз учурундагы Грузия деген аталышын англисче Жоржия деп өзгөртүүгө бел байлады. Аталган өлкөнү жаңыча атоо тууралуу Тышкы иштер министрлиги бир катар чет өлкөлөргө расмий кат жөнөткөн. Мындай кайрылууну алгачкылардан болуп Түштүк Корея колдоого алгандыгы белгилүү болду. Кошумчалай кетсек, грузиндер мекенин Грузия да, Жоржия да эмес, Сакартвело деп аташат.

АКШ

БУГУ СУУРДУ КУТКАРЫП КАЛДЫ
АКШнын Айдахо штатындагы Покателло зоопаркында көргөн кишинин жүрөгүн элжиреткен окуя болду. Аталган зоопаркта багылган Шутер аттуу жапайы бугу суу куюлган аштоого түшүп кеткен суурду аман сактап калды. Окуянын күбөлөрү “Шутер аштоодон бир нерсени алалбай жатты. Мүйүзүн салды эле, анысы аштоого батпай койгонунан, башын салып оозуна бир нерсе тиштеп чыкты. Карасак, суур экен. Аны алып чыгып, чөптүн үстүнө акырын таштады дагы, мүйүзү менен ары-бери аяр түрткүлөп көрдү. Бир маалда баягы суур эсине келди окшойт, туруп, жүгүргөн боюнча бадалга кирип кетти” дешет. Шутердин мындай мамилесин көргөн зоопарктын жумушчулары анын мээримдүүлүгүнө таң калып турган кездери. Себеби жумушчулар бул бугу камалган жайга анын сүрүнөн кире албай коркушчу экен.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
kyrgyzajym
2011-07-11 17:55:57
Buguga kol 4abuular!
Karasan janybardyn jarookerligin!
Janybarlardy,Jaratylyshty korgojlu!!!!:)
0
Eldiar
2011-07-12 12:15:04
Абдан кызыктуу экен
0
Arman
2011-07-12 12:40:22
Mawa Allah Allah kaida booruker Zat,janybarlarga da meerim bergen Uluu Zat,
0
Arman
2011-07-12 12:41:46
Masha Allah,Allah kandai Uluu Zat,janybarlarga da meerim bergenin
0
19zamir87
2011-07-12 16:57:28
Фотоппарат менин да оозумду ачырды!1 миллион 850 миң долларлык фотопарат менин телефонумдай эле тартса керек?(эй адамдар фотоппаратыңарды бекитип койгула,чебереңер бир байып алсын)
0
cosmopolit
2011-07-12 18:01:34
Менимче Бугу абданбоорукер жана ыйык жаныбар болущ керек... аны билгилери билбей кыкенбайлар кырып жатышат го...
0
marik
2011-07-15 10:47:40
mumkun jegisi kelip alyp chygyp , kaira daamy jakpai kalgandyr
0
elya2404
2011-07-15 23:53:17
Кинодо деле барда, бешиктеги баланы суудан чыгарып алат беле унутуп калдым, кичинекей кезимде коргом. Бугу эне деп коюшатго!
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан