«Дем» театрынын актёру Азиз Мурадиллаевдин жубайы Эльвира: «ТАМАКТЫ ДААМДУУ ЖАСАБАСАМ, АЗИЗ ЖЕБЕЙ КОЁТ»

– Кыйынчылыктар болбойт деп калп айтууга болбойт. Негизи, “артистти артист гана түшүнөт” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Азиз экөөбүз театрдык орто окуу жайында бир группада окуганбыз. Ошондуктан, Азиздин жумушун түшүнүү менен карайм.
– Демек, бир кесиптин ээлери турбайсыздарбы. Азиз байке экөөңүздөр кантип таанышып калдыңыздар эле?є
– 1994-жылы театрдык орто окуу жайына тапшырган элек. Бирок, Азиз окуу жылы башталгандан жыйырма күндөн кийин гана келди. Ал келген күнү биринчи сабакта экөөбүздү чогуу отургузуп коюшту. Ошондо көздөрүн бакырайтып жанымда отурганы алигиче эсимде.
– Демек, группаңардагы сулуу жигит болчу...
– Кыздар болуп чогулуп ар бир жигитти сындап отура берчүбүз. Азиз группабыздын эң кичүүсү болчу. Биз анын баскан-турганын эле сөз кылып отурчу элек. Өзү Азиз группабызда тынч жүргөн, жакшы окуган, көздөрү бакырайган сулуу, келишимдүү жигит эле.
Кызыктуу маегибизге Азиз байке да кошула кетти.
Азиз: – Билесиңби, кыздар менен мени карап алып шыбырашып, ушакташа берчү элеңер го. Айлам кеткенде ичимден “көрөсүңөр бир күнү” деп тиштенип алчумун.
– Кантип жылдызыңыздар келишип, баш кошуп калдыңыздар?
– Чынын айтсам, кантип бири-бирибизди жактырып калганыбызды да байкабай калыптырбыз. Окуу аяктаарга 1 жыл калганда, тактап айтканда 1996-жылы баш коштук. Азыр ортобузда Шаа жана Саади аттуу эки уулубузду тарбиялап, жылуу-жумшак түтүн булатып жаткан кезибиз.
– Уулдарыңыздын аттары өзгөчө экен. Ким койгон?
– Улуу балам Шаа азыр 5-класста окуйт. Биринчи баламдын атын ырымдап кайненем койгон. “Шаа” деген сөздү биздин тилге которгондо “падыша” болот экен. Кичүү уулум Саади бир жарым жашта. Анын атын Азиз койгон.
Азиз: – Саади Омар Хаямдын доорунда жашаган белгилүү философ болгон. Ошол философтой мыкты адамдардан болсун деп атын Саади койгон элем.
– Уулдарыңыздын мүнөздөрү кимге окшош?
– Экөөнүн тең кебетеси атасына куюп койгондой окшош. Шаанын мүнөзү мага окшош токтоо, бир айтканды эки айттырбай кылат. Кичүү уулум Саади Азизге окшош. Кичинекей болсо да бир ордунда турбайт, алам дегенин алып, кылам дегенин кылат. Анан атасындай болуп сулуу кыздарга эмитен эле жакын.
– Эльвира эже, Азиз байке көптөгөн кинолордо роль жаратып келет. Анан дагы “Дем” театрынын актёру катары белгилүү. Мындай атактуу күйөөңүздү кызганасызбы?..
(Күлүп). Жаңы үйлөнгөндө обу жок кызгана берчү элем. Азыр эми токтолбодукпу. Баягыдай кызганычтар жок. Ал кездеримди эстеп “жинди экенмин” деп калам.
– Азиз байке үйдө эркекке тиешелүү иштерди кандай аткарат?
– Ммм.. кандай десем. Азиз өзү шаарда чоңойгон. Антсе да, айылдагы иштерди кыла албайт деп айта албайм. Бирок, буга чейин жасап көргөн эмес. Өзү жөндөмдүү жана ар бир нерсеге бат көнүп кетет. Эгерде айыл жергесинде жашап калсак, ал жактын деле жумушун өздөштүрүп кетсе керек.
– Үйбүлөлүк жашоодо казан-аяк кагышпай койбойт. Азиз байке экөөңүздөрдүн катуу таарынышкан кезиңизди эстеп көрсөңүз...
– Эстеп деле кереги жок. Экөөбүз катуу урушуп көргөн эмеспиз. Кудай анын бетин ары кылсын.
Азиз: – Бирок, кичине эле таарынышып калсак, былтыйып бири-бирибизге сүйлөбөй коёбуз. Анан эле мен чыдай албай биринчи барып сүйлөп алам.
– Кызыктуу окуяларыңыздардан айтып берсеңиздер...
Азиз: – Мен баштайынбы?
– Макул.
– Эльвира жаңы келин болуп келген. Күндөр­дүн биринде атам Эльвирага: “Палоо жегим келип жатат. Палоо жасачы?!”- дептир. Мен уктап жаткан болчумун анан эле Элвира келип “Азиз, турсаң эле турсаң” дейт. Келинчегим көл тараптан болгондуктан, палоо жасаганды жакшы билбейт экен. А мен тамакты аябай жакшы жасаймын. Тамакты мыкты жасоо жагынан атамды тартканмын. Анан атам үйрөткөндөй кылып палоону басып, чай ичкени отурбайлыкпы... Палоону мен жасаганымды байкаган атам жылмая мени карап койду. “Эми качан айтат экен” деп Эльвира экөөбүз ичибиз бышып жатып тамакты деле жыргатып жебей калсак керек. Ошол окуяны эстеп азыр күлүп калабыз.
Эльвира: – А сенин эсиңдеби, биздин үйгө биринчи келгенде чүкө, оюнчук тапанча менен атамдын көзүнчө ойногонуң...
Азиз: – Айтпай эле койчу аны...
Эльвира: – Азиз шаарда өсүп, орус кыял болуп калган. Бул окуя дагы жаңы үйлөнгөн учурубузда болгон. Азиз биздин үйгө Сарууга барып жатпайбы. Анан кылаарга иши жок эшиктеги кичинекей балдар менен чүкө ойноп жүрөт. Көп өтпөй кичинекей балдардын тапанчасын алып атып ойной баштаса болобу! Элестетип көргүлө, кайнатасы, кайненесинин көзүнчө күйөө баласынын жаш балдардай так секирип ойноп жүргөнүн.
Азиз: – Анан эмне кылайын, үйдө жата бергенден зериктим да.
Эльвира: – Жаңы эле сиздерге келер алдында атайын майда-чүйдөлөрдү койгонго текче жасап берчи деген элем. Үйдө кичинекей баламды карап отургам. Анан эле эки жарым сааттан кийин үйгө келип “жасап бүттүм” дейт. Аябай укмуш текчени элестетип эшикке чыксам, тайтайган кичинекей бир стол турат. Аны “кулап кетпесин” деп апам (кайненем) жип менен байлап коюптур. Ошол жерден каткырганымды айтпагыла...
Азиз: – Ушинтип анан элдин баарына уят кыласың.
– Негизи, үй жумуштарын ким жасайт?
– Азиз тамакты жакшы жасайт. Тамакты даамдуу жасабасам жебей коёт. Ошондуктан, тамакты даамдуу жасаганга дайыма аракет кылам. Үй жумуштары менин мойнумда. А акча таап келүү Азиздин милдети.

Бетти даярдаган Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 307, 19-25-сентябрь, 2008ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан