Эшекке өздөрү көтөрө алгандан ашыкча 5 килограммдай эле жүк артышса, баспай коёт. Ошондуктан “эшектей кежир” деген сөз айтылып калган. Бирок эшек ошол кежирлиги менен ден соолугун сактап, узакка жашай алат.
КЫЗЫКТУУ
ТҮПКҮ МЕКЕНИ – АФРИКА
Тарыхый маалыматтарга караганда, эшектер Африкада пайда болгон. Жана аларды алгач байыркы египеттиктер мындан 5 миң жыл илгери колго үйрөтүшкөн. Атка салыштырмалуу тоютту тандабайт, ысыкка чыдамдуу, алар ооруй турган оорулар да аз. Илгери египеттиктер эшектерди пирамида курууда колдонушкан.
Эшектер ысык жана кургак жерлерди сүйгөндүктөн, нымдуу европалык климатты жактыра беришпейт. Андай жерлерде алардын туяктарында көбүнчөсү терең тилик, жаракалар пайда болуп, ал жерлери ириңдеп, жарага айланып кетет. Андыктан Европада Азияга караганда эшектерди жакшылап карап, багуу талап кылынат.
Жакшы багып караса, 55 жылга дейре жашашат.
ЖАПАЙЫ ЭШЕКТЕР СЕЙРЕК КЕЗДЕШЕТ
Породасына жараша боюнун бийиктиги 75 сантиметрден 1 метр 60 сантиметрге чейин жетет. Балдарын курсакта 1 жылдан тартып 1 жыл 2 айга чейин көтөрүшөт. Жапайы эшектер саатына 70 чакырымга дейре чуркай алышат. Андай эшектер учурда Эфиопияда жана Суданда аз санда гана кездешет. Израилдеги корукта 100гө жетпеген эшек сакталган. Эритрея өлкөсүндө көбүрөөк (400 баш). Африкалыктар жапайы эшектерге териси, эти үчүн аң уулашкандыктан жок болуп баратат. Жапайыларына салыштырмалуу колго багылып, кийин жапайы болуп кеткен эшек тукумдары көбүрөөк. Учурда алардын саны Австралияда 1,5 миллионду, АКШда 6 миңди түзөт. Кипрде да жапайылашып кеткен эшектер бар. Бул эшектердин бардыгы коргоого алынган. Кээ бир аймактарда жашагандардын бутунда зебраныкындай кара сызыкчалар кездешет.
КУЛАНДАР ЖАНА АЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ
Азия жапайы эшектери кулан деп аталат. Алар илгери Иран, Ооганстан, Түркия, Монголия, Түндүк-Батыш Кытай, Түндүк-Батыш Индия, Украина, Түндүк Кавказ, Батыш Сибирь, Казакстан менен Түркмөнстанда жайылып жүрүшкөн. Учурда Түркмөнстандын Бадхыз коругунда 700, Казакстандын Барса-Келбесинде 140, Украинада 150 баш сакталган. Монголияда сакталгандарынын саны канча экени белгисиз.
Кулан түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүнөт: онагр (Иран), жигетай (Монголия), хур (Иран, Пакистан, Индия), кианг (Батыш Кытай, Тибет), Сирия куланы (Сирия, Месопотамия, Арабия жарым аралы). Маалыматтарга караганда, куландар колго үйрөнбөйт. Кулан – монгол сөзү, бизче “жеңилбес, ыкчам” дегенди түшүндүрөт.
КАЧЫР
Ат менен эшекти аргындаштыруудан качырлар жаралат. Булар эшекке караганда чоң, ат сымал оор нерселерди көтөрүүгө жөндөмдүү. Булардан тукум алууга болбойт. Илгери качырларды кармоо байлыкты даңктоо катары саналган. Андыктан Францияда, Италияда, Түштүк Америкада, Алдыңкы Азияда абдан мода болуп, баасы кымбаттап кеткен.
Учурда кээ бир тоолуу өлкөлөрдөгү аскерий бөлүктөр да тапшырмаларды качырлардын жардамы менен бүтүрүшөт.
МАМОНТ СЫМАЛ ЭШЕК, ЗЕБРОИД ЖАНА КАРЛИК
Франциянын Пуату облусунда эшектин пуату породасы сакталган. Аларды сырткы көрүнүшүнө карап мамонт сымал эшектер деп аташат. Алар убагында Францияны басып алууга аракет кылган Рим жоокерлери тарабынан алынып келген делет. Римдиктер бул эшек түрүн узун жүнүн алуу үчүн багышкан. Учурда пуатунун саны 400дү түзөт.
АКШнын Чистэти коругунда 2010-жылдын 22-июлунда зеброид туулган. Анын апасы – эшек, атасы – зебра. Атасынан 4 бутундагы “ак-кара сызыктуу байпак” гана энчи тийген.
Англиянын Вингхэм коругунда карлик эшек породасы жашайт. Булардын боюнун бийиктиги болгону 75-85 сантиметрди түзөт.
ЭШЕКТИН ЭТИ ДААМДУУ, СЫРЫ КЫМБАТ
Эшектин этин Африканын жана Американын индейлери, кытайлыктар, корейлер, комилер (Орусия) баалап жешет.
Этин колдонордон мурун жытын кетириш үчүн жууп туруп, маринаддап коюшат. Көбүнчө жашылча же буурчак (нокот) аралаш куурушат. Эшектин эти катуу болгондуктан, бышышы үчүн аны 3 саат дымдоо кажет.
Сербиядагы бир компания 2010-жылы эшектин сүтүнөн сыр жасап, сатыкка чыгарган. Сырдын 1 килограммы 1400 доллар болгон. 1 килограмм сыр үчүн 25 литр эшек сүтү керектелген. 1 эшек 1 жылда араң дегенде 25 литр сүт бере тургандыгын айтсак, сыр эмне үчүн кымбат экендиги түшүнүктүү болот.
Илимпоздордун айтканына ишенсек, эшектин сүтүнүн адамдын терисин жашартуучу күчү бар.
АТАКТУУ ЭШЕКТЕР
Эшектер көп эле кино менен мультфильмдерде бар. Мисалы, “Керемет көчтөгү” Такай, Апендинин, Шрэктин жана Шуриктин эшеги...
“Кавказ туткунунда” тартылган легендарлуу Люся аттуу эшек кийин “9-рота” тасмасында да роль жараткан. “Кавказ туткунуна” тартууда керектүү жерлерде баспай кежирленгенден, ага улам кант берип турушкан. Ушундан улам Люся Шуриктин ролун аткарган Александр Демьяненконун артынан калбай ээрчип жүрчү дешет. Съёмка учурунда даң салып чуркап кетип, Москвичке урунганы да бар.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg