ЯМАКАСИ. ПАРКУР

“Кооптуу 13-аймак” (“13-район”), “Ямакаси” тасмаларында имараттан имаратка мышыктай секирип дубалдардан ашып өтүп, укмуш трюктарды жасаган актёрлорду көрүп, “булар кандай спорт менен машыккан?” деп таң каласың. Ал каармандардын ошондой деңгээлге жетишине себепчи болгон паркур жөнүндө кенен сөз кылмакчыбыз.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Паркур экстремалдуу жана көчө спорт түрүнө кирет.
  • Паркур менен жалаң эркектер гана машыкпайт. Кыздар да машыкса болот.
  • Паркурдун фриран, акро стрит, билдеринг деген 3 багыты бар. Билдеринг (дубалдарга чыгуу) менен машыккан Ален Робер (лакап аты – Жөргөмүш адам) дүйнөдөгү эң бийик имараттарды багынткан. Анын ичинде Дубайдагы асман тиреген 828 метрлик Бурж Халифа имараты да бар.
  • Паркур жөнүндө “Free running” жана башка компьютердик оюндар пайда болууда.
  • 2000-жылдын 31-майында Паркур Ассоциациясы (Parkour Association) негизделген. Учурдагы президенти – Себастьян Фук.
  • 2002-жылдан баштап 20-июлда Паркур күнү белгиленет.
  • Давиддин демилгеси менен паркур жөнүндө көп роликтер тартылган. Мисалы, ВВС жаңылыгын көрүүгө шашып баратып көчөдө тыгынга кабылып, имараттардын үстү менен чуркап, секирип, үйүнө шашкан адамдын ролун ойноп берген. Бул трюктарды ал так аткаргандыктан, съёмка бат эле тартылып бүткөн. Аталган ролик 1 ай көрсөтүлүүгө тийиш болгонуна карабастан, жарым жыл эфирден түшкөн эмес.
  • Давид «Nike» фирмасынын жана SpeedAirMan деген роликке да тартылган.
  • Белль дүйнөлүк паркур күйөрмандарынын башын бириктирген Дүйнөлүк Паркур Ассоциациясын (Parkour Worldwide Association) негиздеген.

АФРИКАЛЫК АБОРИГЕНДЕРДЕН БАШТАЛГАН
Паркурдун тарыхынын башталышы Жорж Герберт (1875-1957) деген ысым менен байланыштуу. Ал аскер деңиз флотунда кызмат өтөп, көп өлкөнү кыдырган адам болгон. Африкага жасаган сапары учурунда аборигендердин өзгөчө бир ыкмаларды колдонуп, шамдагайлык менен бактан бакка секирип жүргөндөрүн байкап, таң калат. Анан ошол көргөн ыкмаларын француз аскерлерине үйрөтүп баштаган.
Бул изденип тапкан машыгуу ыкмасын “Табигый ыкма” (“Methode naturelle”) деп атап, курамына узундукка жана бийиктиктен секирүү, өзүн коргоо, аскага чыгуу, сууда сүзүү сыяктуу спорт түрлөрүнүн элементтерин камтыган. Кийинчерээк бул ыкма Франция армиясын машыктырууда колдонулган. Так ушул ыкма азыркы паркурдун башаты болгон. Паркурдун негиздөөчүсү болуп “Кооптуу 13-аймак” тасмасындагы Лейтонун образы аркылуу таанылган Давид Белль эсептелет. Давид паркурду француз армиясында кызмат өтөгөн атасы Раймонд Беллден үйрөнгөн.

ДАВИД БЕЛЛЬ
Давид Белль 1973-жылы 29-ап­рел­де Фекам шаарында жа­рык дүйнөгө келген. Давид­дин ата­сы аскер адамы болгондуктан, ба­ласын өзү аскерде өздөштүргөн өнөр менен машыктырып, чыныгы эркек болуп өсүшүнө өзгөчө көңүл бурган. Спортко ушунчалык берилген Давид 15 жашында мектепти таштап салган. Көп өтпөй анын үй-бүлөсү Парижге жакын Лисс шаарына көчүп келет.
Кичинекей Давид бак-дарактарга, тосмолорго чыгып ойночу. Бул нерсе аны бат эле тажатат да, досу Себастьян Фук экөө кызыктуу бир нерсени ойлой башташат. Алардын оюну бара-бара спорттун бир түрүнө өсүп жетилет. Муну алар паркур деп аташкан. “Паркур” француздардын аскердик термининде кеңири колдонулган “parkour” – “parcours du combatant” (бизче “тоскоолдук тилкеси”) деген сөзүнөн алынган. Бул терминди досу Юбер Кунде экөө тандап алган.
Паркур менен машыккан адамды трейсер деп атап коюшат. “Трейсер” французча «traceur», ал эми англисче “tracers” “жаңы жол салган адамдар” деген маанини түшүндүрөт. Жаңы пайда болгон спорттун бул түрү өз ичине атлетиканы, акробатиканы, аскага чыгууну, аскердик искусство сыяктуу бир нече спорттун түрүн камтыйт.
Давид Белль улам жаңы трюктарды ойлоп таап, ал трюктарга ат коюу менен паркурдун өнүгүшүнө зор салымын кошкон. Ал эми Себастьян Фук паркурду фриран (freerun) деп атоо керек деп жаңы терминди киргизген. Паркурдун негизги урааны болуп “Тоскоолдук бар, бирок анда чек жок» деген сөз эсептелет. Бул сөздүн куру айтылбаганын көргөзгөн трейсерлер тоскоолдуктан коркпой, кооз трюктарды жасоо менен өтүшөт. Бийик дубалдарга чыгышат же имараттардын үстү менен чуркап, имараттан имаратка секиришет. Мунун баарын алар эч кандай коопсуздук чараларысыз (страховка) жасай алышат. Болгону, аларга колдорун сактаган кол каптар жана секирип түшкөнгө ылайыктуу кроссовка гана зарыл.

ПАРКУР КЫРГЫЗСТАНДА КАНДАЙ ӨНҮГҮҮДӨ?
Бүгүнкү күнү дүйнөнү паркур­дун толкуну каптады десем жаңы­лышпайм. Паркурдун таралышына кинонун, интернеттеги видеолордун ролу абдан чоң. Белгилеп кетчү нерсе, Кыргызстандагы көп жаштар бул спортту ямакаси деп аталат деп ойлошот. Чындыгында, андай эмес. Себеби Давид Беллдин кичине кезинде чогуу машыккан достору биригишип “Ямакаси” тобун негиздешкен. Алар тууралуу “Ямакаси” аттуу тасма тартылган. Ошондуктан болсо керек, көпчүлүк тоскоолдуктарды багынтуучу өнөрдү паркур эмес, ямакаси деп жаңылыш кабылдашууда.
Бизде бул спорт жаңыдан өнүгүп келе жатат. Кыргызстанда эң алгач паркур менен машыгууну баштаган Бишкектеги“Саламандр” командасы болсо, азыр көптөгөн командалар пайда болду. Алар шаарыбыздын бир катар сейил бактарында машыгып келишет. Булардын өнөрлөрүнө “Ачык асман” (“Ореn Air”), “Көчө маданияты” (“Strееt Fest”) аттуу иш-чараларда гана күбө болосуң. Буга катышкан командалардан улам “13-район”, “Free in Christ” деген паркур топтору бар экенин билдим. Кыргызстанда да бул спорт кенен жайылып, мамлекетибизде паркур боюнча мелдештер бат-баттан өтүп турса, жаштарыбыздын өсүшүнө жакшы болмок.

ЯМАКАСИ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Жогоруда айтылгандай, Давид Белль 7 досу (Себастьян, Ян, Чарльз, Малик, Жульян, Шау жана Вильям) менен бирге “Ямакаси” деген топ түзгөн. “Ямакаси” сөзү африкалык заир тилинен которгондо “чың денелүү, духу күчтүү эркектер” же “чыныгы эркектер” деген маанини түшүндүрөт. Аты аталган топ Францияда ийгиликтерди жарата баштайт. Алсак, «Stade 2» аттуу француз каналынын спорттук программасына катышып, “I AM” тобунун клибине тартылышкан. 1997-жылдын 31-майында алар Которулуу Искусствосунун Ассоциациясын (The Art Of The Movement Association) түзүшкөн. 1998-жылы «Ямакаси» «Notre Dame de Paris» мюзиклинин трюктарына катышууга чакырылат.

«ЯМАКАСИ» ЭМНЕ ҮЧҮН ЧАЧЫРАГАН?
Дал ушул мюзиклден түшкөн сунуш команданын чачырашына алып келген. Себеби курамдагы Ян, Чарльз, Жульян, Шау, Вильям мюзикл менен 2 жылдык келишим түзүшсө, Давид менен Себастьян мюзиклде калууну ылайыксыз деп табышат. Анткени алардын максаты кино, телевидение жана шоуго чыгуу эле. Натыйжада 1998-жылдын 17-февралында Которулуу Искусствосунун Ассоциациясы тарап, «Ямакаси» тобу чачыраган.
Кийинчерээк 6 кишиден турган «Ямакаси» «Такси-2» тасмасына чакыруу алат. «Таксиден» кийин аларды режиссёр Люк Бессон байкап, белгилүү трейсерлер тууралуу «Ямакаси» деген фильм тартууну колго алган. Давид топтон кеткенине байланыштуу бул киного тартылган эмес. Бирок баары бир тасмада роль жараткан. Тактап айтсак, 2004-жылы Люк Бессондун айтылуу «Кооптуу 13-аймак» тасмасындагы башкы каарман Лейтонун ролун ойногон.

ФРАНЦИЯНЫН СЫЙМЫГЫ
Давидди эл “Кооптуу 13-аймак” тасмасы аркылуу тааныйт. Бул фильм ага өзү күткөндөй ийгилик алып келди. Баса белгилей кетчү нерсе, бул жерден башкы каарманыбыз өзүнүн гана эле эмес, өз өлкөсүнүн да атагын чыгара алды. Себеби Франция десе моданы, шампанды, парфюмерияны, мушкетёрлорду элестетсек, паркурду көргөндөн кийин “француз жаштары – жаңы нерселерди ойлоп тапкан, дайыма изденүүдөгү жаштар” деген ойлор келет. Франциядагы Давид Белль жана досу Себастьян Фук жашап, паркурду негиздеген Лисс шаарына барууну каалагандардын саны улам өскөнүнүн себеби да ушундан уламдыр.

Эрлан Нурманбетов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kyrgyzajym
2011-07-11 23:15:02
Men da parkurga abdan kyzygyp kelem.
Kooz,jenil korunot!
Bul da iskusstvo.
0
19zamir87
2011-07-12 16:25:58
Паркурга мен "кыргызча" айтканда кызыгам!13-район кинону көргөндө үйдүн крышасына чыгып секирем деп жатып,бутум тайып кетип жерге белим м-н түшкөм.Ошондо жакшы эле өзөрө түшкөм окшойт кийин кайталабадым кинону.Ошентсе да кыргыз жаштарын паркур м-н машыканын көрүп мен да ошолордой болсом дейм.
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан