3-июлда Лондондо теннис боюнча эң абройлуу делген “Уимблдондун” 125-биринчилиги аяктады. Эркектер арасындагы финалда серб Новак Жокович учурдун №1-ракеткасы – испаниялык Рафаэль Надалды ээрден оодарды (6:4, 6:1, 1:6, 6:3 эсептеринде). Муну менен Жоко рейтингде лидер болуп калды. Ал “Уимблдонду” 8 жылдан бери алмак-салмак утуп келген Надаль-Федерерди бул саам чемпиондуктан куру калтырып, революция жасады.
Ал эми аялдар арасында чемпиондук чехиялык 21 жаштагы Петра Квитовага буюрду. Ал финалда Мария Шарапованы 6:3, 6:4 эсептеринде утуп, карьерасындагы алгачкы чоң шлемине ээ болду.