ТИКМЕЧИЛИК – ЗАМАНБАП КЕСИП

Тигүүчү жайда кимдер иштешет?
Технолог – заказ алынгандан баштап даяр болгуча ар бир тигишти, топчунун кадалышына чейин текшерүүчү, башкача айтканда, ар бир тигилген буюмга жооп берүүчү адам.
Бычмачы – колунда дайым кайчысы, лекалосу даяр адам. Кездемелерди каттап туруп бир заматта 30-40 же андан көп кийимди бычып коёт.
Тигүүчүлөрдүн көбүнчөсү аялдар. Эртеден-кечке машинанын ийнесине көз талыта тигилген бул айымдардын көп­чүлүгүнүн мүнөздөрү шайыр келип, радиоберүүлөрдү көп угушат.
Үтүкчү.  Акыркы учурда эркек балдар көп иштешет. Себеби,  үтүкчү күчтүү болушу шарт.
Топчу таккыч, көзөнөк жасагыч.  Топчуну бекем тагып,  ар бир таккан топчусу, тешкен көзөнөгү үчүн 1 сомдоп акча санайт.
Таңгактагыч. Кийимдерге этикеткаларды өлчөмүнө жараша алмаштырбай тагып, бүктөп, желим баштыкчаларга салуу милдетин аткарат.
Тажрыйбалуу болгуча...
Кездеме менен кошо колун тигип алгандар, кийимдин жеңин, чөнтөгүн тетирисинен тигип алып кайра сөккөн­дөр көп кездешет.
Тигүүчүлөрдүн тили
Жакшы тиккендер – “скоростнойлор”
Орто тиккендер – “калкыгандар”
Үйрөнчүктөр – “басып жүргөн­дөр”
Жумушуна жетишпей калгандар – “завал” болуп кетти
Тигүү цехтери жөнүндө
Акыркы учурда тигүүчүлүк кеңири жайылган, кыйынчылыгына жараша акчасы да алгылыктуу кесип экени талашсыз. Башкалаабызда бүгүнкү күндө тигүү цехтери жаандан кийинки козукарындай эле жайнап кеткен. Шаарды түрө кыдырып, тигүү цехтерине башбагып жүрүп, аларды жалпысынан үч топко бөлүүнү туура көрдүк. Биринчи топ – “жаңы тирденип келе жаткандар”, экинчи топ – “орточолор”, үчүнчү топ – “крутой оборот алгандар”. Биринчи топко киргендер көбүнчө чыгарган товарларын Кыргызстандын базарларына дүңүнөн же бириндете сатып иштешет. Базарларда “самопошив” деп сатылып жаткан кийимдерди дал ушул биринчи топтогулар тигип чыгарышат.  Экинчи топко киргендер жергиликтүү базарларга чыгаргандан тышкары, товарын үзгүлтүксүз Орусияга жөнөтүп турушат. Жогорудагы айтылган биринчи топ менен экинчи топтогу цехтерге тигүүчүлүк боюнча анча тажырыйбасы жоктор деле жумушка алына берээрин билдик.  Ал эми үчүнчү “крутой оборот алгандар” бир гана Орусия, Казакстан эле эмес, Корея өңдүү мамлекеттерден да заказдарды тынбай алып турушат. Ошого жараша, цехтерде жүздөгөн адамдар эмгектенишет. Жумушка орношуу үчүн да сөзсүз түрдө тажрыйба талап кылынат.
“Илбирс” – тикмечилер шаарчасы
Белгилүү “Илбирс” ишканасынын ичинде элүүдөн ашык тигүү цехи жайгашыптыр. Көп тандап отурбай эле биринчи эшикке кирип бардык. Биз жогоруда айтылгандай экинчи топко кирген тигүү цехине кабылыптырбыз. Бизге кызыга карап калгандары менен көпкө чейин убакыт бөлүп, маек кура алышкан жок. Анткени, бул жерде иштегендер үчүн бир мүнөт да кымбат. “Канчалык көп тиксең, ошончолук көп акча аласың”. Мына, бул жерде иштегендердин жөпжөнөкөй ийгилик сыры! Ошентсе да, бир аздан соң жай маекке өттүк. Тикмечилер биздин суроолорубузга жооп беришкени менен, шыпылдаган колдору машинанын ийнесинен алыстабай, тынымсыз тигип жатышты. Алар иштин башы кездеменин түрмөгүн жазуудан, башкача айтканда, бычмачынын чоң столунан башталаарын айтышты. Биз бычмачынын бөлмөсүнө, кездеменин түрмөктөрү жыйылган жайга келдик.
Бычмачынын бөлмөсүндө
Бул бөлмөдө бычмачы чоң столго түрмөктөрдү каттай жазып, үстүнө кийимдин үлгүсүн коюп, чийип жүргөн экен. Бул ишти заматта бүтүрүп, электрдик кайчы менен узунунан жайылган кат-кат кездемени заматта кесип жиберди. Бул арада биз менен да баарлашып, бычмачынын иши абдан татаал экендигин, бир сантиметрге эле жаңылса, берки стол үстүндө жайылып жаткан кездеменин баары жараксыз болуп калаарын айтып берди. Ошондуктан, бычмачынын абдан так жана кылдат болуусу зарыл. Мындай маалыматтан соң бизге бычмачылыктын сырын бөлүшкөн Тиленчиева Жылдыз эжени көп алагды кылгыбыз келбеди. Сөз аягында бул эже бычмачы болуу үчүн тубаса шык, анан геометрияны жакшы билүү керек экенин айта кетти.
Кесиндилер текчелерге тизилди
Беш метрдик столдон чыккан кездеменин кесиндилеринен жака, жең, чөнтөктөр тигилип, өз-өзүнчө таңгакталып, атайын жасалган текчелерге жыйналды. Бир маалда ушуну эле күтүп тургандай, тикмечилер ал жерден бычылган даяр үлгүлөрдү алып тигүүгө киришишти. Тигүүчү машиналардын үнү биринен өтүп бири жаңырып, жумуш кызуусуна кирди. Кыздар тажрыйбалуу тигүүчү деп көрсөткөн Салима эжени кепке тарттык.
– Салима эже, кесиптештери­ңиз­дин айтымына караганда, бул жерде он жылдан бери эмгектенет экенсиз. Бул кесипти кандайча тандап калдыңыз?
– Менин оюмча, ар бир эле аялзатынын тигүүчүлүктөн анча-мынча кабары болушу керек. Азыркы турмушта кесип тандап отурууга бизде чама-чарк барбы? Мен өзүм бала кезимден эле кийим тиккенге кызыкчумун. Буга чейин ар кандай жумуштарда иштедим. Жакшы каражат табыш кыйын болду. Аягында тигүүчүлүккө токтолдум. Бул кесип менен кайсы учур болбосун, ачка калбайсың.
– Тигүүчүлүктүн оорчулуктары да тоодой болсо керек...
– Жумуш абдан оор. Айрыкча аялдардын денсоолугу үчүн зыян. Башка тармактарга караганда акчасы жакшы болгону үчүн далай аял денсоолугуна кайыл болуп иштеп жүрүшсө керек. Таңкы сегизден кечки сегизге чейин жылбай бир тигишти тиктеп отура беришкендиктен, цехте иштегендердин көбүнүн бөйрөктөрү ооруйт. Үтүктүн буусуна, оверлоктун кыпындарына, ыпыр-сыпырга толгон булганыч аба өпкөгө да бир топ зыян келтирет экен. Кээде заказ көп болуп калганда майрам күндөрү да иштейбиз. Жаш кыздарыбыздын жигиттерине жолукканга убактылары жок болуп, ыйлактагандарын көп угабыз. Бир гана күн эс алабыз. Мына ушул жагы эле болбосо, калганы жакшы.
– Жашыруун сыр болбосо, канча табасыздар?
– Биз акчаны жума сайын алабыз. Тиккенибизге жараша төлөп беришет. Бирок, айлык акы ар кайсы цехте ар кандай. Мисалы, биз бир жумада жакшы тапканда 3-4 миң сом алабыз. Мындан да көп тапкандар бар.
– Азыр кышкы курткаларды тигип жатыптырсыңар. Бир курткага канча төлөнөт?
– Бир курткага 130 сом төлөнөт. Бул жерде фасондун оор-жеңилине карап төлөнөт. Оңой тигилүүчү фасондорго арзаныраак болот.
– Сиздерде да “сезон” деген түшүнүк барбы?
– Жаратылыштын төрт мезгили тең бизге “сезон”. Себеби, мода деген нерсе бат өзгөрүлүп турат эмеспи.
 “Жалаң кыздар жана мен”
Салима эже менен маектешип бүткөн соң көзүбүзгө үтүкчү илинди. Шыпылдай иштеп жаткан жигитти кепке тарттык. Сымбаттуу бул жигиттин аты Нурияз экен.
– Кесибиң өзүңө жагабы?
– Жашоомо акча таап жаткандан кийин, жакпай анан.
– Жакпаган жери деле болсо керек?
– Керээлден кечке туруп иштеген жумуш болгондуктан, аябай чарчайсың.
– Бүгүн канча куртка үтүк­төйсүң?
– Канча тигилсе, ошонун баарын үтүктөшүм керек. Андан сырткары, ар бир деталды өзүнчө үтүктөп берем. Мисалы, чөнтөктүн клапандарын.
– “Жалаң кыздардын арасында иштейсиң” деп курбуларыңдан тамаша көп уксаң керек...
– Мен үчүн биринчи орунда кийимдерди туура үтүктөп берүү турат. Негизинен, кийимге акыркы көрк кошуу менин колумда.
Бүчү ачуу, топчу кадоо
Үтүктөн кийин топчу кадалуучу столго келдик.
Бул жерден эми курткаларга топчу кадалуучу бүчүлөр жасалып, топчулар тагылып жатты. Ар бир топчуга 1 сомдон төлөнөт экен. Топчулар кадалып бүткөн соң курткалар кайрадан ысык буу менен үтүктөлүүгө Нурияздын столуна түшүп жатты.
 Акыркы этап – этикетка кадоо
Эми үтүктөлгөн даяр курткалар желим баштыкчаларга салынып, этикетка чапталып, базарга жөнөтүлүүгө даярдалып, тизиле баштады. Демек, кийимдер өздөрүнүн кожоюндарын табууга даяр.
Ошентип, тигүү цехиндеги жумуштардын ар бир этабы, бул кесиптин оош-кыйыштары менен таанышып бүткөн соң тигүүчүлөр менен жылуу коштошуп тышка жөнөдүк. Бизди тамашалуу кептери менен узаткан тигүүчүлөр радионун үнүн бийик чыгарып, кайрадан жумушка киришишти. Музыка, тигүүчү машиналардын үнү аралаш чыккан мындай чуулуу бөлмөлөрдө Салима эже өңдүү он жылдап иштеп, кабагым-кашым дебей бала-чакасын багып келаткан кыргыздын эрки күчтүү аялдарына суктанбай коёо албадык.

Даярдагандар: Бахияна Сатылганова, Ташболот Досалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
777bazamat
2012-04-16 16:46:59
энелерге таазим
0
№ 307, 19-25-сентябрь, 2008ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан