Атактуу актёр Арнольд Шварценеггердин жубайы Мария Шрайверге актёр менен өткөргөн жылдарын эскерүү тууралуу китеп жазуу сунушу түшүптүр. Мария макул болсо, эмгеги үчүн 15 миллион доллар калем акы алат. Эске салсак, АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон “Менин жашоом” аттуу китебине 15 миллион доллар алып, бул чыгармасы тарыхта эң кымбат төлөнгөн мемуарлардын катарына кирген.