Тимур Бекмамбетов казак экономисти Бахтияр Кадыров жазган сценарий менен фантастика жанрындагы тасма тартууга белсенип турат. Кадыров мурун сценарий жазып көргөн эмес. Бирок алгачкы сценарийи Астанада өткөн сценаристтердин сынагында жеңүүчү атала алды. Сынакка 150 өлкөнүн өкүлү катышып, баш байгени Бахтияр Кадыров илип кеткен. Эми жеңүүчү беделдүү режиссёр менен бирге иш алып бармакчы.