А балким, бул сулуу сиздин жарыңыз...

“Кыз-Бурак” тобу
Бул топтун сулууларынын улуусу Кенже Дүйшеева, андан кийин Гүлназ Сопуханова, Мальвина Беделбекова, Аида Макабаева, эң кенжеси Сайкал Садыбакасова
Туулган жерлери – Түштүктүн ар кайсы аймагы
Билимдери – Баары музыкалык билим алышкан. Айрымдары учурда окуп жатышат
Эртең менен – Милдеттүү түрдө 7де турушат
Жолугушууга – 23 жашка чыккандан кийин гана барышат
Кечинде – Дайыма саат 6дан кечикпей үйгө келишет
Жаза – Мурда Гүлшайыр эже кыздарынын кимиси тамакты даамсыз жасаса, дароо кайра жасатчу. Учурда Кенже жумшактыгынын негизинде, тамакты даамсыз жасаган кызга эртеси кайрадан жасатат
Байлыктары – 4 үй, 1 пансионат, 5 машина
“Бир кадам артка болушу мүмкүн, бирок, алдыга жети кадам!” девизи менен келаткан топтун кыздарына ашык болгон жигиттер бул сулууларга үйлөнүшсө, эч качан нааразы болушпайт. Баарында булбулдай үн, көргөндү кайдыгер калтырбас өң да бар. Баса, жигиттер, куру бекер эле убара боло бербегиле. Анткени, сулуулар 23жаштан ашкандан кийин гана кайтаруучулардын коштоосунда жигиттер менен жолугушууга барышат.

Экс-телеалпаруучу Назира Айтбекова
Билими – Жогорку
Учурда – Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинин ректорунун жардамчысы
Үйбүлөдө – Жападан жалгыз кыз
Үй оокаттарын – Көңүлү келсе, майын чыгара, келбесе, мантыны фаршы жок да жасай алат
Корккону – Укол сайчу ийне
Параметри – 84-62-90
Байлыгы – Бир шкаф толтура кийими, бир чемодан боёктору, байкеси сөзүнө турса, жакында анын сатып бере турган машинасы
Себи – Таенесинин өз колу менен тиккен жууркандары дапдаяр.
Тилинен чаң чыккан телеалпаруучунун жогоруда жазылган байлыктарынан сырткары, айылда музоолуу ую жана он чакты бооз кою бар. Бул селкинин өзүнө жакпай калган адамына “сен мага жакпайсың” деп эле бетке айтмайы бар. Ошондуктан, кийин кайненесинин жакпаган жагын бетке айткандан да кайтпайт. Ал эми чай куйган жагынан алдына эч кимди чыгарбайт. Анткени, кемпирдин колунда чоңойгон.

Ырчы Неля
Билими – Жогорку
Хоббиси – Бийлөө
Жасай албаган тама-гы – Африка ашканасынын тамактары
Жасай алганы – Палоо
Параметри – 85-60-87
Бутунун өлчөмү – Эртең менен 36, кечинде 37
Байлыгы – Машинасын сатып жиберген, үйү бар
Кара тору болобу, ак жуумалбы, кыскасы, бою узун жигиттердин баары Нелянын табитиндегилер. Бирок, ал жигиттер өзүнө ишенген, сөзүнө турган, маданияттуу болууга тийиш. Өзүңүздө жогоруда саналган сапаттар бар деп ойлойсузбу?! Анда, Неля менен таанышууга буйдалбастан бел байлаңыз. Туулган күнүңүз сайын шам жагылган кечте Неляга чыгыш бийин бийлетип, алакан чаап отурууга эмнеге болбосун!

Ырчы Аида Кулуева
Жашаган жери – Төмөнкү Аларча конушу
Эң жакшы жасаган тамагы – Бардык салаттын түрлөрү. 200 банка кышкы салат жаап бүткөнүнө 2 күн болду
Тиштери – 32си тең апапакай, бүтүн
Өзүнө жакпаган жери – Толуктугу
Байлыгы – Эки жумуштан алган эмгек акысы
Бул айым чынчыл, бою узун, анан булчуңдуу жигиттерди жактырат. Кыргыз, орус тилдеринен башка тил билбесе да, башка улуттун өкүлдөрү менен колдору, көздөрү менен укмуш сүйлөшө алат. Айтмакчы, башкалар уктап жатып түшүндө сүйлөсө, Аида ырдайт экен, эстеп калыңыз! Кийин бизди «жазып коюшпайт беле» дебеңиз.

Ырчы Бактыгүл Бадыева
Билими – Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти
Жакшы жасаган тамагы – Лагман
Жасай албаганы – Палоо
Параметри – 90-60-90
Жигиттерге берген белеги – Бир да жолу белек берип көргөн эмес. Бирок, өзү белек алганды жакшы көрөт
Максаты – Көп баланын энеси болуу, элине кызмат кылып “Эл артисти” наамына жетүү
Байлыгы – Эки темир тулпары, шаардын борбордук бөлүгүндөгү квартирасы жана жалаң байлар жашаган конуштагы жер тилкеси
Бактыгүлдүн убактысы тар болгондуктан, үй жумуштарын үй кызматчысы жасайт. Бирок, үй кызматчысынын артынан чаң сордурганды жакшы көрөт. Он баланын энеси болгусу келген ырчы кийин жолдошунун акчасына деле көз каранды болбойт. Ырчынын оюндагыдай туруктуу, акылдуу жигиттер, барсыңарбы?! Балким, бул бийкеч сиздин гана маңдайыңызга жаралгандыр. Кыймылдаңыз!

Ырчы Канатбек кызы Кундуз
Хоббиси – Даамдуу тамак жасоо
Билими – КУУнун студенти
Өзүнө жакпаган жери – Көп кечиккендиги
Жаккан жери – 32 тишине тең эмдигиче курт түшө электиги
Жинин – Чачын бирден жулуп чыгарат (тамаша)
Өкүл аталыкка – Колдон келсе президент Назарбаевди коюу
Бул айым өзүнөн 5-6 жаш улуу адамга турмушка чыккысы келет. Бир күндө 4 шоколад, 2 балмуздак, бир торт жеген бул сулуу жайкысын Ысыккөлдө, кышкысын бассейнде балыктай сүзгөндү жактырат.

Ырчы Гүланда Алымбекова
Келечекте – Жолдошу кыз десе кыз, уул десе уул төрөп бере алат
Берилчү калың – Нарындын кыздары арзан турбагандыктан, ата-энеси калыңына жок дегенде 10 000 доллар алат
Тамашаны – Көп көтөрө албайт. Бир күндө эле 100 жолу таарынышы мүмкүн
Байлыгы – күнүнө 2500 сомго жакын пайда түшчү чач тарачканасы, үйү, машинасы
Гүланда сахнага кийилчү кийимдерин гана эмес, үйгө кийчү кийимдерин да бош убактысында кооздойт. Кыскасы, Гүландага көз арткан жигит Кудай буюруп чогуу түтүн булатып калса, анын чачын кырктырууга кетчү акчасы чөнтөгүндө калат. Анткени, ырчы кызыбыз чачты 5 секундда каалагандай кыркып бере алат.

Ырчы Айя Садырова
Билими – КУУнун эл аралык мамилелер факультетинин студенти
Билген тили – Орус, англис, кытай тилдери
Параметри – Жашыруун сыр
Байлыгы – Алматыдагы 2 квартирасы, машинасы
Жигиттердеги жаккан сапаты – Чечкиндүүлүк, чынчылдык
Үйбүлөдө – Эки байкеси, бир иниси бар
Бир жылдын ичинде турмушка чыккысы келип турган ырчыны келечектеги жолдошунун улуту кызыктырбайт. Учурда Моне аттуу мышыгы менен жашайт. Кыргыздын жигиттери, барсыңарбы?! Айяны чет өлкөлүктөргө кармата бергиче өзүбүз эле алып калалы.

Ди-джей, телеалпаруучу
Деңиза Досбаева
Билими – КУУнун студенти
Тамакты – Тандап жейт
Берилчү калыңы – Турмушка чыккандан кийинки эки жылга жетсе болду
Келечекте – Төрт балалуу болгусу келет
Себи – Турмушка чыкса эле даяр болот. Таенеси ийнеге жибин саптап даяр турат
Параметрин – Өмүрүндө ченеп көргөн эмес
Байкелери жок болгондуктан, Деңиза үйдөгү бузулган техниканын баарын өзү оңдоп коё алат. Күндүзү окуйт. Кечкисин “Миң кыял FM” радиосунда ди-джей, “Браво” көрсөтүүсүндө алпаруучу. “Үйбүлөдө аял эле сулуу болушу керек” деп тамашалаганды жактырган Деңиза жолдошунун маймылдан бир аз гана сулуу болушун каалайт.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 307, 19-25-сентябрь, 2008ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан