Режиссёр Майкл Рэдфорд “Кастронун кызы” деген биографиялык тасманы тартуу алдында турат. Фильм Кубанын экс-президенти Фидель Кастронун никесиз кызынын мемуарларынын негизинде тартылат. Алина Фернандес 1956-жылы төрөлүп, 1993-жылы куугунтукталып Кубадан чыгып кеткен. 1998-жылы “Кастронун кызы: Куугунтукталган кыздын Куба жөнүндө эскерүүсү” деген аталыштагы китеби жарыкка чыккан. Эми бул окуя тасмадан орун алмакчы.