«Элдин аягында жатып, түш оой турабыз» дешкен ырчылар бул жолу күндөгүдөн эрте ойгонушту. Эмнеге дебейсизби? Анткени биз алардын башын бириктирип, бир күн болсо да эс алып кетүүгө баш калаабыздагы сейил бактардын бирине чакырган элек. Бирок бул жөн гана эс алуу болбостон, бир топ оюн-зооктор, боор эзген тамашалар, жылдыздар даярдаган дасторкон жана жандуу ырлар менен коштолду. Анда, окурман, бул эс алуунун жүрүшүнө күбө болуңуз.
Бул күнкү оюндарга көзөмөл болуучу калыстын жана алпаруучунун милдетин бийчи Бакыт Байсариев алды. Жылдыздар эки топко бөлүнүп, өз командаларына ат тандап, аны чечмелеп беришти.
МҮШӨК МЕНЕН ЖАРЫШМАЙ
Команданын капитаны Роза менен Айнурадай болсо кана?! Эки ырчы команданын намысын коргоо үчүн бут кийимдерин чече сала коёндой секирип жөнөштү.
Мүшөккө чалындыбы же мүшөк чоңдук кылдыбы, айтор, бул оюнда сакадай жигитибиз Мирлан жерди бир кучактап турду. Жыйынтыгында «Мөндүр» командасы марага озуп жетти.
КАШЫК МЕНЕН ЖУМУРТКА ТАШУУ
Учурда жумуртканын кымбаттыгын эске алыштыбы же анан жейбиз дештиби, айтор, оюнчулар бирин да жерге түшүрүшкөн жок. Баарынан да бул оюнда жигиттердин япон кыздарына окшоп майда-майда кадам таштап басканы баарыбызды жылмайтты.
АРКАН МЕНЕН СЕКИРМЕЙ
Бул оюнга келгенде жылдыздардын экинчи деми ачылды бейм, бири-бирин кыйкырык-сүрөөн менен коштоп турушту. Анан да Юлянын арканды тескери айланта секиргени баарыбызга күлкү тартуулады.
“Жакшы адам тамак үстүнөн чыгат” деп ырчы Замир Арыкбаев кеч болсо да оюнчуларга келип кошулду. Жылдыздар “штрафной” дешип, буга чейин болгон тапшырмалардын баарын аткартышты.
МЫКТЫ АШПОЗЧУ
Оюндун акыркы шартын укканда баары жымыңдай түшүштү. Анткени түштөнүү убактысы келип, ары-бери чуркап ойногондуктан, курсактар үн сала баштаган эле. Эки команда бирдей өлчөмдө бөлүнгөн азыктардан 5 мүнөттүн ичинде 3 түрлүү салат даярдоосу шарт болчу. Бирок оюнчулардын фантазиясы ашып-ташып, 5 түргө чейин жеткиришип, аларга өз ысымдарын ыйгарышты. Даярдалган даамдардын көрүнүшү жагынан “Кызыл өрүк” мактоого арзыса, жегенге келгенде “Мөндүр” командасынын салаттары тамшанта алды.
Ошентип, оюндун жыйынтыгында «Кызыл өрүктү» кагып түшүрөбүз» деген «Мөндүр» командасына «Өрүктөр» туруштук берип, тең чыгышты. Оюнчулар эстеликке сүрөткө түшүп, селкинчек тебүүгө да жетишишти.
Бахияна Сатылганова, Дамира Арстанова
star@super.kg