ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: «ТЕКЕБАЙ – ЧОҢ АТАМДЫН КЕЛИНДЕР ТЕРГЕГЕН АТЫ»

Кыска суроого кыска жооп
– Кайсы жактан кийинесиз?
Аялым алып келет.
– Кандай стилдеги кийимдер жагат? – Спорттук стилдеги.
– Кандай косметикалык каражаттарды колдоносуз?
– Сакал алууда колдонулуучу
жана андан кийинки крем. Одеколон.
– Кандай музыка жагат?
– Жакшы музыканын баары.
– Дайыма барган чач­та­рачка­наңыз...
– “Барыш”
– Көп колдонгон мака­лыңыз...- “Артык кылам деп, тыртык кылба.”
– Билген ырыңыз...
– “Бара жатат партизандар...”
– Жактырган гүлүңүз ...
Гвоздика
– Эмнеден коркосуз?
– Жалган айтып кармалып калуудан.
– Машинаңыздын үлгүсү...
– “Мерседес”
– Уюлдук телефонуңуз...
– «Nokia»
– Телефон номериңиз?
– М-мм... Жазбай эле коёлучу!
Кичине кезимде дайыма чоң энемдин этегине эрмешип жүрөөр элем.
Менин атымды орус кызы койгон экен.
Айгүл менен алты жыл сүйлөшүп жүрүп, анан үйлөнгөм.
– Өмүрбек байке, баарлаштарымдын балалыгы кандай өткөнүн билбей туруп, башка кепке тарткым келбейт. Сиздин балалык баёо күндөрүңүзгө да кайрыла кетсек...
– Үйбүлөдө беш биртууганбыз. Үч уул, эки кыз. Эжем менден жети жаш улуу. Экөөбүздүн ортобузда бир нече бала токтобой чарчап калган экен. Апамдын айтканына караганда, ал кезде кичине балдардын өлүмү көп болуптур. Эжем төрөлгөндөн кийинки эле токтогон бала, башкача айтканда, мен ата-энемдин көптөн-көп күттүргөн баласымын. Мен төрөлгөн маалда башка мамлекеттерден биздин өлкөгө келип иштеген жаштар көп болуптур. Биздин Базаркоргондун Акман айылына Маруся деген мээрман айым келип калат. Ал орус болгону менен, биздин кыргыздын салтын сыйлап, кармаган кыз экен. Ошол кыз “бул жигит өмүрлүү жигит болсун” деп атымды Өмүрбек коюптур. Кичине кезимде дайыма чоң энемдин этегине эрмешип жүргөнүм азыр да көз алдымда. 4-5ке чыгып калганда болсо керек, жаңыдан бала бакчалар ачылып, балдарды кабыл ала башташты. Биздин үйгө да тарбиячылар мени алып кетебиз деп келишкенде, ыйлап барбай койгом. Чоң энем менен бала бакчанын жанынан өтүп баратсам короодо турган аялдар энеме “Орунбү апа, балаңызды таштап кетиңиз, биз тарбиялайлы” деп кыйкырышчу. Мен ансайын энемдин этегине жармашып алам. Ошондогу бала бакчанын короосунда турган аялдар азыр ойлосом жапжаш кыздар экен.
– Орунбү эненин эрке баласы болгон экенсиз да...
– Аябай эрке болгом. Баса, менин чоң атамдын өз аты Текебай эмес. Бул айылдагы келиндердин тергеген аты экен. Өзүнүн аты өчүп, келиндердин тергегени менен Текебай болуп калыптыр. Чоң атамдын өз аты ким болгонун деле билбейбиз. Илгери паспорт деген жок эмес беле. Президенттикке талапкерлигимди коюп жатканымда айрым гезиттер “фамилиясы Текебаев болсо, анан президент болсо уят эмеспи” деп да тийишип жазышты. Кыргыздар илгертен ата-тегин, тарыхын чанган эмес.
– Чоң атаңызды келиндери кандай себеп менен Текебай деп тергешиптир?
– Ошону эч ким билбейт. Биз эс тарта баштаганда эле чоң энем өтүп кетти.
– Окуучу Текебаев кандай эле?
– Мектепте окуп жүр­гөнүмдө физика, математика сыяктуу так илимдер кызыктырат эле. Ошондуктанбы, ал сабактарды жалаң бешке окудум.
– Балалык сүйүү ба­шыңыздан өттү беле?
– Класста 12 бала болсо, анын эки-үчөө эле сүйдүм-күйдүмгө жакын боло турган. Мен бала кезимде андай сезимге чалдыккан да, кызыккан да эмесмин. Бирок, балдарды туурап сүйүү каттарын көп жаздым. Анткени, сөз токуганды, көркөмдөп жазганды жакшы билээр элем. Ошондогу көпчүлүк сүйүү каттары кызыл сыя менен “кирпигимди жулуп калем кылып, өз каным менен жазып жатам” деп башталчу.
– Мектепти аяктагандан кийин кайсы окуу жайдын студенти болдуңуз?
– 1976-жылы мектепти аяктап, Кыргыз улуттук университетинин физика факультетине тапшырдым. Жашымдан өзүмдү эркин алып жүргөндү жактыргандыктан көңүлүм чаппаса айрым лекцияларга катышпай койчумун. Бирок, жалпысынан жакшы окуган студенттердин катарына кирчүмүн. Бүтөөр жылы 12 сааттан турган атайын курстун лекциясына барбай калгандыгым үчүн окуудан айдалгам. Май айы майрамдарга жык толгондуктан, калтырган сабактарымды тапшырып жетише албай калгам. Бул жөнүндө орус тилиндеги бир гезит “беш жылдык окууну жети жылда окуп бүткөн адам дагы коомдук иштерге аралашабы? Элдин тагдырын ага кантип ишенсе болот?” деп жазышкан. Андан көчүрүп дагы бир кыргыз тилиндеги гезит жазып чыкты. Беш жылдык окууну жети жылда бүткөн себебим, окуудан чыгарылгандан кийин аскер кызматын эки жыл өтөп келдим. Ал жактан келгенде кайрадан баягы тапшыра албай калган сабактарымды бүтүрүп, анан колума диплом алдым.
– Дипломго ээ болуу оңойго турбаптыр. Кийин ал кыйынчылыктардын кайрымжысын алуу үчүн жумушту кайдан баштадыңыз?
– Алгач Базаркоргон районунда мектепте мугалим болуп иштедим. Андан кийин бир жылдай ОшМУда лаборант, райондук элге билим берүү мекемесинде усулчу болуп, китеп сүйүүчүлөр коомунда да иштеп жүрдүм. Анан депутат болдум.
– 36 жашка чейин үйбүлө курбай келгениңиздин себеби эмнеде?
– Маңдайыма ошондой тагдыр жазылса керек. Мүнөзүм өзүмдүкүн бербеген, өжөр, катаал да. Балким, ошондондур.
– Жубайыңыз менен таанышкан күн эсиңиздеби?
– 1990-жылдын аяк жагы, СССР тарай турган мезгил болчу. Ошондо СССРдин Жогорку Кеңешине ар кайсы өлкөдөн бир нече депутат шайланды. Кыргызстандын атынан мен шайланып, Москвада иштеп калдым. Бир күнү жумуштан чыгып баратсам коопсуздук кызматынын жигиттери кыргыз кыздарынын “кыргызстандыктарга жолугабыз” деп тургандарын айтышты. Барсам “Фрунзеге билет алабыз” дешкен кыргыз кыздар экен. Ал кезде билет тартыш эле. Айгүл менен ошондо таанышкам. Калганын индия кинолорундай кылып баяндабай эле коёюнчу.
– Айгүл эже Москвада окучу бекен?
– Анда Айгүл Украинада билим алып жатыптыр. Ошентип таанышып, арадан алты жыл өткөндө үйлөндүк. Азыр бир кыз, эки уулубуз бар. Улуу кызым Айданек 11 жашта. Уулум Амантур 10, үчүнчүсү Эсентур 7 жашта.
– Алар сизди тартып жалаң бешке окуп жатышса керек...
– Үч балам тең “4”, “5ке” окушат. Бирок, мен аларга нааразымын. Окуучу кезимде аларчылап сабактарга даярданбай эле, “4”, “5” алчумун. Азыркылардын сабагы биздин убакка караганда оорбу же ошол кезде мугалимдер окуучуларды көтөрмөлөшчүбү билбейм.
– Айгүл эже азыр кайсы жерде эмгектенет?
– 2000-жылга чейин үйдө балдар менен отурду. Андан кийин чакан бизнес ачкан. Ошону менен алектенет.
– Депутаттыктан кеткенден кийин эмне иш кылып жатасыз? Бала-бакыраны багыш керек дегендей...
– Жогоруда айтпадымбы, Айгүлдүн чакан бизнеси бар деп. Азыр Айгүл багып жатат.
– Үйбүлөдө ким лидер?
– Тууган-туушкандар менен болгон катышты, үйгө тиешелүү иштердин баарын Айгүл өзү чечет. Ал эми олуттуураак маселе болсо, ал меники.
– Жакында эле бир гезитте сакал коюп түшкөн сүрөтүңүз жүрдү эле...
– Анда тоого, тактап айтканда, Чычкан тарапка конокко баргам. Ал жакта ысык суу жок болгондуктан, сакал коюуга туура келди. Борборго келгенде журналисттер сүрөткө тартып кетишкен. Бирок, сакалымды кайра эле алып салгам.
Карындашым, экөөбүздүн маек бир саатка созулду окшойт. Баары эле айтылды көрүнөт. Сөзүмдү жалпы кыргыз элиме тынчтык, молчулук, ынтымак каалоо менен жыйынтыктайын.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 307, 19-25-сентябрь, 2008ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан