Зарина башкалардан ачык-айрымдыгы менен айырмаланат. Сахнада анда-санда бир көрүнсө да, ырчы деген статуска ээ болуп жүрөт. Мунун да себеби бар. Анткени ырчы кыз «башка кесипке да ээ болсом» деп көксөп жүрүптүр.
– Кандайсың, Зарина? Студент эмессиңби, жайкы сессияңды тапшырып алдыңбы?
– Ооба, баарын ийгиликтүү тапшырдым. Буга чейин журналистика тармагы боюнча кесипке ээ болгом. Андан соң дагы бир кесипке ээ болууну самап, Кыргыз-Орус Славян университетиндеги экономика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам.
– Демек, ырчылыктан башка тармакка өтөйүн деп жаткансың го...
– Жок, чыгармачылыгымды өз нугу менен алып кетем. Мен майрамдан майрамга жете тургандай стабилдүү каражат табышым керек. Көпчүлүк артисттерге “микрофон кармап, фонограмма менен ырдагандан башка эч нерсе билишпейт” деген сыяктуу сындарды айтышат. Ушул сынга жооп катары мен акыл-эсим, аң-сезимим менен башка тармактарды да багындырсам дейм. Ошол себептен учурда өзүмө ылайыктуу жумуш издеп жүргөн чагым.
– Сени менен маектешип отуруп, ачык-айрым, болгонун болгондой айткан кыз экениңди байкадым. Сыр катканды билесиңби?
– Көпкө чейин ката албайм. Буга чейин катып жүргөн бир сырым бар. Муну ата-энем да билбейт. Эми муну укса, мени дарылатабыз деп чыкпаса эле болду. Мен бир нерсеге катуу капа болгондо кадимки эки киши маектешкендей болуп, өзүм менен өзүм сүйлөшмөй адатым бар. Жол чырактан токтогондо катарлаш турган унаалардын ээлери “бул кыз акылынан ажырап калган го” деп таң кала карап калышат. Ушул адатымдан арыла албай келем. Бирок мен муну психологиялык жактан жабыркоо деп эсептебейм.
– Зарина, кел, кыздардын сүйүктүү темасы болгон махабат, мырзалар тууралуу сүйлөшөлү?
– Ай, кайдагы махабат?! Жакында эле жигитимди өз жолуна салдым. Быйыл 24кө чыктым. Эми мага тоок сүйүүнүн, сүйүү гүлдөрүн терип жүргөндүн кереги жок. Турмушка чыгууну ойлонушум керек. Жигитиме үйлөнүү тууралуу кеп баштап, анын турмушка даяр эмес экенин байкадым. Туңгуюк, белгисиз нерсени күтүү мен үчүн жат көрүнүш. Чынын айтсам, мындай мамиледен, мындай эркектерден тажадым. Ошондуктан өзүмө “мага үйлөнө турган чыныгы мырза менен гана мамиле түзөм” деп шарт койдум.
– “Эркектерден тажадым” дегениңе караганда көп мырзалар менен мамиле түзгөнсүң го дейм. Алардын канчасы менен олуттуу мамиледе болгонсуң?
– Буга чейин “сүйүү фронтумда” үч мырза болгон. Үчөө менен тең олуттуу мамиледе болуп, ыйык сезимимди арнагам. “Өткөнү жок келечек болбойт” деп коюшат го, бул эми өткөн нерсе. Өткөндүн баары мага сүйүү жаатында зор тажрыйба болду. Бирок ишенем, алдыда мени ак боз атчан мырза күтүп турганына.
– “Алгачкы өбүшүү эң таттуу” деп коюшат. Мындай жыргалдын даамын канча жашыңда таттың эле?
– Мен кеч жетилдим окшойт деп ойлойм. Анткен себебим кээ бирөөлөрдүн «бала бакчадан эле өбүшкөм» дегенин угуп, таң калам. 18 жашымда болсо керек эле, мени бир жигит күч колдонуп кучактап, күтүүсүздөн өөп алган. Ошентсе да мага жагымдуу болгон.
– Сүйүү темасы демекчи, кыздар менен кыздардын, жигиттер менен жигиттердин ортосундагы сүйүүгө кандай карайсың?
– Мындай сүйүүлөрдү көп эле кездештирүүгө болот. Мен деле кабылгам. Бир жолу туулган күнүмдө бир айым кучактап, сылап эле жаткан. Анан бир убакта көзүн сүзүп, тийишип баштаса болобу. Ошондо ага табияттан берилген мамилени гана колдой турганымды билдирүүгө туура келген. Бул нерсе ар бир адамдын жеке жашоосу. Ага кийлигише албайбыз. Мисалы, менин үч досум бар, жигиттер менен мамиле кылган. Алар менен жакшынакай эле сүйлөшөм.
– Эми маектин нугун сени тарбиялап өстүргөн ата-энеңе бурсак...
– Мен үйдө жалгыз кызмын. Атам Марат компьютерлер тармагында иштейт. Ал эми апам Неля М.Абдраев атындагы музыкалык мектепте фортепианодон сабак берет.
– Жалгыз кыз болсоң, аларга жакшы эле эркелесең керек.
– Эркелик жагынан эч кимди алдыма салдырбасам керек (күлүп). Уялбай эле айта берейинчи, көңүлүм келгенде гана ашканага кирип бир нерсе жасабасам, башка учурда кирбейм. Ашкана апамдыкы. Кир жууган машинаны иштетүүнү да билбейм. Кирлерим чогулганда апама өткөзүп берем. Ал эми менин бөлмөмө кирген адам абайлабаса, чачылган буюмдарыма чалынып кетиши мүмкүн. Мына ушундай “хаосту” башкарганга көнүп калгам, издегенимди бат эле табам. Бирок турмушка чыкканда бул кемчиликтеримдин баарын жоём.
– Анда эмне демекчибиз, тезирээк өзүңдүн теңиңди тап.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg