ТУБА БҮЙҮКҮСТҮН же АСИ

Бүгүнкү күндө түрк сериалдарына кызыккан көрүүчүлөрдүн саны арбын экендиги талашсыз. Башкача айтканда, жаш балдардан тартып кээ бир мырзаларга чейин көрөт. Андай көрүүчүлөр үчүн биздин бүгүнкү каарманыбыз, түрк актрисасы Туба Бүйүкүстүн тууралуу кызыктуу маалыматтар сунушталат.

ТУБА ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА

  • Толук аты-жөнү – Хатиша Туба Бүйүкүстүн
  • Туулган жылы – 1982-жылдын 5-июлу
  • Бою – 173 см
  • Салмагы – 54 кг
  • Зодиак белгиси – Бөйөн
  • Жактырган актрисасы – Кейт Бланшетт
  • Турмушта таптакыр дос-курбу күткөн эмес жана күтпөйт.
  • Ачуусу абдан чукул.
  • Уктаганды жана китеп окуганды жактырат. Сүрөт тартуу жана айкелчилик (скульптура) менен да алектенет.
  • 2010-жылы Түркияда 33 миллион адам катышкан сурамжылоодо эң популярдуу, таланттуу жана сулуу актриса деп табылган.

АРА ЖОЛДО ТӨРӨЛГӨН ТУБА
1982-жылдын 5-июлу. Түркия­нын Стамбул шаары. Түн жарымынан ооп, толгоосу улам кармаган сайын ары-бери теңселип, жакын жердеги төрөт үйүн көздөй шашкан эне орто жолдо көз жарат. Ошондогу ыңаалаган наристе азыркы белгилүү түрк актрисасы Туба эле. Тубанын оор балалыгы так ошол күндөн башталып, үй-бүлөнүн жалгыз кызы жалгыз чоңойду деп айтууга болот.
Атасы Сердар менен апасы Хандан күн сайын таң заардан ишке кетишип, кызын үйгө камап коюшчу. Кечкисин гана ата-энеси менен сүйлөшкөнү болбосо, Туба элге аралашпагандыгы үчүн абдан уялчаак жана көпчүлүктү жактырбаган, бирөө менен тил табыша албаган кыз болуп чоңоёт.
Кээ күндөрү нанын араң таап келген ата-эне көбүрөөк акча таба баштаганда кызын математикалык багыттагы мектепке беришет. Ошол себептен Туба алгач генетика инженери болууну каалайт. Кийинчерээк мугалим, мал доктур болсом деген күндөрү да болгон. Сүрөт тартууга да кызыгып, атайын ийримдерге барат. Мектепти бүткөн соң Мимар Синан атындагы университетке тапшырып, кийим жана сахна кооздоочу адис болуп чыгат.

ТАСМАЛАРГА КАДАМ
Мимар Синан университетинин кире беришинен капыстан эле бирөөлөр Тубадан сүрөткө түшүп берүүсүн суранышат. Алгач баш тартканы менен, акыры макулдугун берип, 3 кадрга түшүүгө көнөт. Мындан көп өтпөй Тубанын жүзү “Пантин Про-ВИ” шампунунун жарнамасы аркылуу көпчүлүккө таанылып, башка дагы жарнамалык түрмөктөрдөн байма-бай чыгат. Бул болочок актриса үчүн кино жаатындагы чоң дүйнөгө эшик ачып, тасмага тартылуу сунуштары түшө баштайт.

КИНО ДҮЙНӨСҮНДӨ
Ошентип, 2003-жылы Туба аттуу сулуу бийкечтин катышуусунда “Султан Макамин” деген жаңы телесериал пайда болот да, түрк элдеринин арасында чоң кызыгууну жаратат. Мындан тышкары каарманыбыздын катышуусунда 2004-жылы “Гүлзар”, 2005-жылы “Атам жана уулум”, “Липа дарагынын алдында”, 2006-жылы “Сынак”, 2007-жылы “Аси”, 2010-жылы “Жүрөгүңдөн сурап көр” жана башка сериалдар катар-катар чыгып келет. Актриса эми бир гана сериалдар менен чектелбестен, театрда да эмгектенүүгө бел бууп турган кези.

“АСИ” СЕРИАЛЫ
Севдет Меркандын режиссёрлугу астында тартылган “Аси” тасмасы – 71 сериядан турган мелодрамалык новелла. Жалпысынан сүйүү, ажырашуу, жарашуу, кусалык, көз жаштын баарын камтыган бул фильм араб өлкөлөрүндө жана түрк элдеринде абдан чоң кызыгууну жараткан. Тубанын популярдуулугу ушул тасма аркылуу болуп көрбөгөндөй көтөрүлгөн.

АКТЁРГО ГАНА ТУРМУШКА ЧЫГАТ
"Липа дарагынын алдында" сериалынан кийин андагы жолдошу, актер Бүлент Инал менен жакын мамиледе болуп, кийин айрылышкан эле. Андан соң "Аси" сериалына тартылуу убагында андагы Асландын ролун аткарган Сайгын Сойсал менен кыз-жигит мамиледе болгон. Бирок тасмага тартылуулар бүтөрү менен экөөнүн мамилеси да табышмактуу токтоп, ушул тасманын оператору Сами Сайдан менен мамиле түзө баштаган. Ал тургай ага турмушка чыгарын да элге жарыялайт. Бирок Сами үйлөнүүгө даяр эмес экендигин айтат. Эки жылдан кийин Туба жигити Саминин үйлөнүү тууралуу сунушун экинчи ирет четке кагып, экөөнүн мамилелерине биротоло чекит коюлган.
Азыр кээ бир маалымат булактарында Тубанын Жансель Эльчин аттуу актёр менен кол кармашып жүргөндүгү айтылууда. Актриса бул маалыматты четке кагып, жакын арада турмушка чыгуу планы жок экендигин билдирип келет. Андан тышкары “менин чыгармачылыгымды толук колдогон актёрго гана турмушка чыгууну каалайм” дейт Туба Бүйүкүстүн.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Хатиша Туба Бүйкүстүн
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
arlekino
2011-07-11 12:37:46
аа сулуу экен чындан эле
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан