СУПЕР СУЛУУ-2011

«СУПЕР СУЛУУ-2011»
сынагы боюнча өткөн аптадагы
SMS-добуш берүүнүн жыйынтыгында
Камила 32 добуш алып финалга чыкты.
Ал эми Тумар 17 добушка ээ болду.

СУПЕР СУЛУУ БОЛ!
“Супер сулуу-2011” сынагына 17ден 25 жашка чейинки, бою 165 сантиметрден жогору, турмушка чыга элек кыздар катыша алышат. Жыл аягына чейин ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү чыгып, окурмандардын сынына коюлат. Окурмандар кимисин сулуу деп эсептешсе, 1050 кыска номери аркылуу добуш берип тандап алышат. Эскертебиз, сулуу бийкечтердин тагдыры сиздин гана колуңузда, кадырлуу окурман! 1-турдан өткөн кыздар финалга катышышат. Алгач финалга чыккандардын купальникчен сүрөттөрү гезит бетине жарыяланат. Андан соң алардын ичинен шоу-сынактын негизинде баш байге ээси аныкталат.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

СУЛУУЛАРГА СЮРПРИЗ!
Гезит бетине чыгып, бирок SMS добуш берүүдөн өтпөй калган катышуучуларга дагы бир мүмкүнчүлүк берилмекчи. Ал жолку сынак кандай тартипте өтө тургандыгы азырынча сыр. Андыктан, 2-турга өтпөй калган сулуулар, маанайыңар чөкпөсүн. Баарыңарга ийгилик!

СУЛУУЛАРДАН ДОБУШУҢУЗДУ АЯБАҢЫЗ!
Гезит бетине чыккан сулууларга добуш берүү үчүн сулуунун атын эмес, катар номерин (44 же 55) терип, 1050 кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Добуштар сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын бейшемби күнү саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Добуш берүү сынак соңуна чыккыча ушундай тартипте өтөт. Ал эми катышкан сулуулардын рейтингин INFO сөзүн 1050 номерине SMS жөнөтүү аркылуу билсеңиздер болот.

Megacom, Nexi жана О! компанияларынын абоненттери үчүн 1 SMS баасы 43 сом,
Beeline жана Кател компанияларынын абоненттери үчүн
1 SMS баасы 0, 90$. Бардык төлөмдөрүн кошкондо.
Эскертүү: Фонекс уюлдук операторунан келген SMS билдирүүлөр кабыл алынбайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
periii
2011-07-11 09:30:19
Жылдызга добушумду берем.
0
arlekino
2011-07-11 12:29:48
экоо тен бир кызыктай экен ...непонятные...сулууга деле кирбейт го
0
Zamira
2011-07-11 20:35:05
arlekino, Мен да ушуну айтайын дегем.
0
19zamir87
2011-07-11 23:41:04
Zamira, Экоо тен сулуу кыздар экен бирок Жылдыз жылдыздуу кыз экен добушум Жылдызга(все стоп)
0
Muratbei
2011-07-11 22:22:58
Aisuluuuuu!!!!
0
Arman
2011-07-12 12:06:14
Suluulukka katyshysh uchum sozsuz ushundai kyska koinok kyiysh kerekpi,tooba kyldym ,yiman bersin silerge
0
elya2404
2011-07-12 14:11:16
Койногунордун этегин сразу эле белинерден ойдо которуп позировать этсенер болмок!
0
deardear
2011-07-12 19:27:02
kulbogondo suluurak korunot eken ekoo ten!hot9 jyldyz 4yndygynda ele jyldyzduu eken...
0
Kukai
2011-07-12 22:31:26
Ички дунуйон сулуубу? же кыска койногундон не пайда? Мейли заманбап болгусу келген го кыргыздын сулуулары. Жылдызкага
0
Arman
2011-07-13 07:38:56
Super Suluu debei ele Super jylanach dep atyn ozgortysh kerek bolup kalyptyr ..............
0
kaster
2011-07-13 13:10:47
Айсулуу жакшынараак экен ай!!
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан