“Комсомольская правда” гезитинин кабарчысы Евгения Гусева “белгилүү ырчы Валерий Меладзе мени муунтту” деген арызы менен тартип сакчыларына арызданган. Кабарчынын айтымында, ал алпаруучу Яна Чурикова менен Денис Лазаревдин үлпөт тоюнан чыгып жаткан конокторду сүрөткө тартып алган эле. Алардын арасында Меладзе да бар болчу. Өзүнүн сүрөттөрүн өчүрүп салууну талап кылган ырчы фотоаппаратты талашып, айымды муунтуп кирген. Бирок Меладзе бул айыпты мойнуна алган жок.