АБАДАГЫ КАНДУУ КЫРСЫК

20:30
Жергиликтүү убакыт
Боинг-737-200
Чыгарылган жылы – 1979
Акыркы толук текшерүү – 2 ай мурун
Жүргүнчүлөр – 114
Крейсердик ылдамдык – 980 км/саат
Учуунун алыстыгы – 3500 км
Учуунун максималдуу бийиктиги – 10 670 м
68 адам каза тапкан
22си аман калды
Борттогу адамдар:
84 жүргүнчү
6 экипаждын мүчөсү
Алардын ичинен атуулдары:
24 – Кыргызстандын
52 – Ирандын
3 – Казакстандын
2 – Канаданын
1 – КЭРдин
1 – Түркиянын
Эмне? Кайда? Качан?
Үстүбүздөгү жылдын 24-августунда кечки саат 20:30да “Итек Эйр”компаниясына таандык Боинг-737 самолёту Бишкектен Ирандын Тегеран шаарына багыт алган. Самолёт бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин 10 мүнөт өткөндө техникалык бузулуулар тууралуу экипаждын командири “Манас” аэропортуна билдирүү жасап,  конууга уруксат алган. Бирок, конууга үлгүрбөй, жерге катуу урунган самолёттун куйрук жагы жалындап күйө баштаган. Андан соң катуу жарылууга учураган. Бортто бардыгы 90 адам болгон. Кыргызстандыктардын ичинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Билал Чыныбаев, Бахтияр Кадыров, 17 адамдан турган баскетбол боюнча спортчулар командасы болгон. Кырсык болордон 2 саат мурун  Боинг-737 Москвадан учуп келген. Самолёттун жарылуусунун кесепетинен 68 адам каза таап, аман калган 22 адам жергиликтүү ооруканаларга жеткизилген.
Кырсыктын себептери
Президенттин кеңешчиси Токон Мамытов:  “Авиакырсык төмөнкү 3 себептин биринен келип чыгуусу мүмкүн. Биринчи себеп: Боинг-737 асманга көтөрүлгөндөн кийин самолёттун бириккен жерлери ажырай баштаган (разгерметизация). Экинчи себеби: самолёттун кыймылдаткычы иштебей калган. Үчүнчү себеби болуп самолётту башкаруудагы каталык эсептелет»,- деп билдирген.
Кырсык болгондон кийин учактагы кара жашиктер Москвага изилдөө үчүн жөнөтүлгөн. Эл аралык авиация комитетинин төрагасы Леонид Каширский: “Ар бир самолётто экиден кара жашик болот. Биринчиси самолёттун абалына көз салат, экинчиси учуунун үнүн жазып турат. Иликтөө учурунда учактын абалына көз салган жашиктен маалыматтар алынды. Ал эми экинчисинде андан мурунку учуунун үндөрүнөн башка маалымат жок болуп чыкты. Үндөр кандайча жок болуп калгандыгын аныктоо иштери улантылып жатат. Негизи,  “24-августта  кыйраган самолёттун учкучтар кабинасында эмне окуя болгонун учкучтар гана айтып бере алышат” деп баяндайт Каширский. Бирок, азыркы учурга чейин изилдөөлөр улантылып, себеби тактала элек.
Эмне үчүн экипаж толук аман калган?
Жарандык авиация департаментинин директору  Алик Аскаров өзүнүн берген маалыматында: “Самолёт жерге катуу түшкөндө экипаждар отурган кабина менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы эшик ачылбай калган. Ошондуктан, экипаждар жалгыз терезе аркылуу чыгууга мажбур болушкан. Бирок, экипаж жүргүнчүлөрдү таштап кетти деп айтууга болбойт. Стюардессалар колунан келишинче ачылбай калган эшиктерди түрткүлөп ачууга аракет кылышкан экен. Түртүп ачууга мүмкүн болгон эшиктерден  чыгуу менен бир нече адам аман калган”, - деп билдирди.
ххх
Экипаж аман калганы менен, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексинин 280-беренесине ылайык, алдын-ала изилдөөлөрдүн негизинде Боинг-737 самолётунун командири Юрий Гончаров жаза мөөнөтүн өтөөдө.
«Гүлнура тирүү, болгону, бирөөлөрдүн колунда» 
БГУнун студенти Сырдыбаева Гүлнура­нын туугандары “кырсык болгон самолётто аман калган” деген ишеним менен издөө салып жатышат. Биз Гүлнуранын эжеси Мээрим менен маектештик.
– Мээрим эже, айтсаңыз, Гүлнура эмне максат менен Иранга сапар алды эле?
– Сиңдим БГУда Чыгыш таануу факультетинде жакшы окучу. Олимпиададан жеңүүчү болуп табылып, атайын бир айга тил үйрөнүүгө жөнөгөн.
– Аман калган деген ишеним менен Гүлнураны издеп жатканыңарга кандай негиз бар?
– “ДНКлар боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкты” дешкенинен өлүкканага барганда бизге көргөзгөн сөөк биздин кызга таптакыр окшошкон жок. Биринчиден, Гүлнуранын азуу тиши жок болчу. Экинчиден, өлүк чоң кишиники экени көрүнүп эле турду. Гүлнуранын тулку бою кичинекей болчу. Биз “бул сөөк Гүлнураныкы эмес” десек, “кан бонча текшерилди” деп туруп алышты. Айлабыз кеткенде “анда, тишин силер салып койдуңарбы?” десек, “билбейбиз”деп жооп беришти халат кийген адистер. Андан соң кырсык болгон жердин тегерегиндеги айылдын жашоочуларынан сурамжыладык. “Көргөм” деген да божомолдоолорду уктук. Издөө салган жарыябызга менин жана байкемдин эле номуру берилген эле. Таластагы атама да бирөөлөр чалышыптыр. Андан соң таекеме. Мындай чалуулар көп болуп жатат. Ушундан улам биз Гүлнура тирүү, жөн гана бирөөлөрдүн колунда экенине толук ишенебиз. Алар бизге кайтарып берүүдөн коркуп жатышат деп ойлоп жатабыз. Бизге Гүлнураны кайтарып беришсе эле ыраазычылыгыбызды билдирет элек.
Сөз соңунда
Эми мындан ары асманыбызда кырсыктардын болбошун тилеп, авиакырсыктан каза тапкандардын үйбү­лөсүнө дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз. Айта кетчү нерсе  каза болгондордун туугандары өкмөттөн  мемориалдык эстелик тургузууну суранып жатышат.
Акыркы жылдарда болгон Кыргызстандагы авиакырсыктар
2000-жыл. Нарын облусунан Ми-8 вертолёту кырсыкка учураган. Каза болгон аңчылардын ичинде Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Эркинбек Матыев бар эле.
Ушул эле жылы Баткен окуясында жайында жана күзүндө кыргыз армиясы үч аскердик вертолётунан айрылган. Бирок, үчөөндө тең жапа чеккендер катталган эмес.
2002-жыл. “Манас” аэропортуна конуп жатканда “Третьяков” орусиялык авиакомпаниясынын жүк ташуучу Ил-62 самолёту күйүп кеткен. Ичинде экипаждан бөлөк киши болгон эмес. Алар жеңил жаракаттар менен аман калышкан.
2004-жыл. Ми-8 МТВ вертолёту Нарын облусунун Атбашы районунда кырсыкка учураган. Авиакырсыктан вертолёттун ичиндеги эки адам каза таап, калгандары оор жаракат алышкан.
2005-жыл. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жападан жалгыз Ми-8 вертолёту Хан Теңири чокусунун аймагында кырсыкка кабылган. Вертолёт учуу үчүн 15 метр бийиктикке көтөрүлгөндө кулап түшүп, күйүп кеткен. Вертолёттун ичиндеги 22 адам аман калган.
2006-жыл. “Манас” аэропортунда  президенттик Ту-154 самолёту менен  америкалык “Геркулес” самолёту кагышып, кырсыктан каза болгондор болгон эмес.
2007-жыл. Жалалабат облусунда А-27 самолёту жайында талааларга химиялык заттарды чачып жаткан кезинде кырсыкка учураган. Жерге түшкөн самолёт Автандил Сажитов деген учкучу менен кошо күйүп кеткен.
Ушул эле жылы 23-июнда дагы бир президенттик Як-40 самолёту күйүп кеткен. Ичинде негизинен жарандык авиациянын чиновниктери бар эле. Жүргүнчүлөр толугу менен аман калышканы менен, ушул күнгө чейин самолёт эмне себептен жарылганы белгисиз бойдон калган.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 307, 19-25-сентябрь, 2008ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан