Орусиянын примадоннасы Алла Пугачёва менен императрицасы Ирина Аллегрова күтүүсүз жерден уруша кетишти. Алла Иринадан Крымда өтүүчү музыкалык фестивалга катышып берүүсүн өтүнгөндө эмнегедир Ирина каратып туруп сөгүп кирген. Мунун себеби элге азырынча белгисиз болгону менен, Иринанын азыркы тапка чейин Алла деген ысымды уккусу келбегендигинин жүйөлүү себептери бар көрүнөт.