2011-жылдын 6-июлу казак президенти Н.Назарбаев менен борбору Астананын туулган күнү эле. Ага карата белгилүү музыкант Стинг чакырылып, билеттер 2300дөн 33 000 сомго чейин алдын ала сатылган болчу. Бирок Казакстандын батышында айлык акынын көтөрүлүшүн талап кылган нефть-газ тармагынын кызматкерлери ачкачылык жарыялап, митингге чыгып жатышкандыгын уккан Стинг аларды колдой турганын билдирип, акыркы мүнөттө концерттен баш тартты.