7-июлда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен «Учур» жаштар театры Орусияда өтө турган А.Чехов атындагы Бүткүл дүйнөлүк театралдык фестивалга аттанды. “Мындай фестивалга катышуу кыргыз театрынын тарыхында биринчи жолу болуп отурат. Учурда Улуу Британия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн театр чеберлери өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат. Биз 8-9-10-июль күндөрү белгилүү драматург Султан Раевдин “Меккеге карай жол” спектаклин тартуулайбыз”,- деп билдирди театрдын актёру Нурдөөлөт Копоев.
Эске салсак, бул спектакль бир канча эл аралык фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды алып келген. Жаштардын сапары байсалдуу болушун каалайбыз.