Кинодогу, клиптеги курсактуу сары жигит Камчы Сарыбаевди билесиз да. Ошол актёр, ди-джей жигит "Сыграем" аттуу бильярддык клуб ачып, дос-туугандары менен ачылыш аземин өткөрдү. "Учурда ашканасын бүтүрүп жатам. Бирин-экин кардарлар да кире баштады. Азырынча жумушчуларым жок болгондуктан, аларга өз колум менен шишкебек бышырып, салат жасап берүүдөмүн. Ашпоз болуу менин тилегим болчу",- дейт Камчы.