Чыгыш бийин бийлеп далай концерттин көркүн ачкан бийчи Назик Исраилова 22-июлда ак жоолук салынам деп турган чагы. “Болочоктогу жолдошумдун кесиби юрист. Турмушка чыгууга даярмын десем болот. Бирок убакыт жакындаган сайын жүрөгүм дүкүлдөп, бир башкача болуп жүрөм. Кээде башка күнгө жылдырсамбы деп ойлоп, кайра жашым 29га келип калбадыбы, чыкканым эле туура го деп жатам. Буюрса, 9-сентябрда борбордогу ресторандардын биринде үлпөт тоюбузду өткөрөбүз. Башкалардын тоюна окшошпойт, өзгөчө кылып өткөрүүгө даярдануудабыз”,- дейт бийчи Назик.