Көптөн бери продюсерсиз иштеп жүргөн ырчы Султан Садыралиев “Меdia Star" студиясы жана режиссёр Сүйүн Откеев менен расмий түрдө иштеше баштады. Ала-Бука жергесинде гастролдо жүргөн ырчы: “Сүйүн байке менен буга чейин эле иштешип келгем. Ал тарткан “Сүйүү тамчысы”, “Эгиз жүрөк” деген клиптерим менин купулума толгон. Аны менен иштешүү мен үчүн жеңил”,- деп кабарлады. Ал эми жаңыдан продюсерликти моюнуна алган Сүйүн: “Буюрса, күзүндө жандуу үн менен чоң концерт берсекпи деп турабыз. Анан аны эл аралык деңгээлге алып чыгуу оюбуз бар. Анткени таланты күчтүү жигит”,- деп билдирди. Эки жигиттин тандеминин жемишин жакын арада татып каларбыз.