Ырчы Кайыргүл продюсер, кинорежиссёр Ырыс Окенова менен иштеше баштады. Бул тууралуу продюсер: “Келишим түзүп, алдыбызга толтура пландарды коюп, четинен кирише баштадык. Эл буга чейин Кайыргүлдү батыш стилинде ырдаган ырчы катары тааныса, эми андан улуттук жүздү көрө алышат”,- дейт. Ал эми ырчы: “Ырыс эже экөөбүздүн жан дүйнөбүз аябай окшош экен. Буюрса, көптөгөн ийгиликтерди жаратабыз деген ойдомун",- деп кубанганын жашырбады. Эмне демекчибиз, продюсер менен ырчынын алакасы бекем болсун.