Арсен, Айбек: «БИЗГЕ КӨҢҮЛ БУРГАН ЖАН ЖОК»

26-июлда Юрмалада “Жаңы толкун-2011” Эл аралык сынагынын финалы болот. Бул сынакка жолдомо алган биздин ырчылар Арсен менен Айбектин даярдыктары кандай болуп жатканын билүүгө ашыгып, маекке тартканбыз.

– “Жаңы толкун” сынагына саналуу күндөр калды, даярдыгыңар кандай?
Арсен: – Негизи, биз, кыргыздар, ишибиз начар болсо деле, жакшы болсо деле жакшы деп жооп беребиз го. Биздики чынында эле жакшы.
Айбек: – Айрыкча жакындарыбыз, күйөрмандарыбыз чалып, “жигиттер, уят кылбагыла” дешкенде ого бетер жоопкерчиликти сезет экенсиң. Учурда документ даярдоо иштери менен чуркап жүрөбүз.
Арсен: – Бизде Латвиянын элчилиги жок болгондугуна байланыштуу биздин визаны Ташкентке жөнөтүшүптүр. Бүгүн түнү Ташкентке учабыз. Ал жакта тааныштарыбыз да жок, элчилик бизди кандай тосуп алат, билбейм.
– Москвага барганыңарда “жол кире таппай кыйналдык” дедиңер эле...
Арсен: – Бул жолу каражат жагынан Гүлмира Бейшеналиева деген эже жардам көрсөтүүдө. Ойлогонбуз, бизди кыргыз деп күйгөн инсандар колдоого алса керек деп. Тилекке каршы, бизге көңүл бурган жан жок. Барып келгенден кийин “айтып койсоң болмок, жардам бермекмин” дегендер четтен чыгат. Ошолор азыртадан ойгонушса жакшы болмок.
– Сынактын тапшырмалары жеңил эле бекен?
Арсен: – Жакында эле үч барак толтура суроолор жазылган кагаз келди. Биздин мүнөздөмөбүздөн тарта баскан-турганыбызга чейин жазып, видеого тартып жиберишибиз керек экен. Видеоматериалды жасап бүттүк.
Айбек: – Ал жакта кыргызча ырдаганга болбойт экен. Англисче 6 жана 2 орусча ыр жаздырып, салып жибердик. Юрмалага барганда гана кайсы ырыбыз тандалганы айтылат.
– Келгенден кийин да дуэт болуп чыгасыңарбы?
Арсен: – “Жаңы толкундан” эле дуэт ырдап кыйратып келсек, мен үчүн жетиштүү. Анын үстүнө шоу чөйрөсүндө атым чыгып, орун-очок алып калдым деп ойлойм. Андыктан жеке ырчы бойдон эле калсам керек. Бул тууралуу Айбек экөөбүз сүйлөшкөн деле эмеспиз, демек, планыбызда жок.
– Албетте, талантыңар менен сынакта көпчүлүктү таң калтырып келесиңер деп ишенебиз. Ийгилик силерге!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Нурмира
2011-07-11 10:08:20
Ийгилик Балдар силерге!!!
0
arlekino
2011-07-11 12:12:02
Утуп келгиле...тилектешмин...
0
akusya
2011-07-11 16:41:46
на старт внимание кеттииииииииииииииккккккккк....
ийгилик коштосун силерди Мырзажандар...
0
er777
2011-07-11 17:39:57
Кыргыздын жигиттери инилерим силерге Кудай Тениримдин ак батасын тилеймин. Кубаныч менен барып кубаныч алып келгиле элинерге. Инилерим келгенде кандай орун албагыла кечке интервьюларды берип озунорду мактабай адам катары боюнча калгыла.
Анткени кичине иш кылып даназалагандын наркы баркы жок болот
Ийгилик силерге ак жол жолунар ак баталуу болсун
0
Eliza
2011-07-11 21:24:02
Удачи мы верим в вас !
0
deer
2011-07-11 21:59:44
iygilik silerge kyrgyzymdyn azamattari!!!
0
cosmopolit
2011-07-12 16:16:45
Зоррр ИЙГИЛИК!!!
0
salidat8087
2011-07-12 19:39:16
Калп эле ооздорун чоюп мактана беришпесинчи Браводого келип элиментарный суроолорго так жооп айта алышкан жок. Юрмаланы коюп Кыргыздын тарыхын уйронуп алышсынчы уят оз тарыхын билбеген.
0
Саби
2011-07-13 17:29:06
Мага да эмнегедир Муз-ободогу берген жооптору жаккан жок.Бирок биз баары бир кош колдоп колдойбуз.Эн негизгиси Кыргызстанды корсотсонор жооп бере албай калган суроолорунар(Кыргызстанды тарыхы) баары унут болот.
0
islambayishov
2011-07-13 19:31:41
yigilik silerge!!!!!!!!!!111
0
Aidagy_kyz
2011-07-14 11:38:09
дует ырдабай эле Арсен азу эле барса болмок, анткени тиги баланын унун деле жакшы эмес экен.
0
Shaki
2011-07-14 21:49:32
Iygilik kowtop, KYRGYZDYN atyn chygaryp kelgile, silerge okwogon talanttar chygaryp jatywat dagy da bolso, sasygan saiasatchylarga karaganda!
0
bakytbek07
2011-07-15 01:33:26
ийгилик силерге кыргыздын жигиттик намызын коргоп келишинерге тилектешмин!!!!!!!!
0
Asus84
2011-07-15 13:17:43
откондо ТВ ден берген суроолорго жооп бере албай уят болушту, Арсланбапты билбей койду элементарно, Арсендин ырдаганында кеп жок озу айткандай бир аз таанылып калбадыбы, жанындагы айылдыктарга окшогон бала кайдан жабышып алган билбейм, жалгыз барса созсуз ийгиликке жетерине ишенмекмин, ал бала летний кафеге ылайыктуу экен, он келбет олуп калган, анан булар барганын милдет кылып эле бизге жардам бербейт деп какшап эле жатышат, биз жылдыз болобузбу же буларбы тушунуксуз болуп калды
0
musulmano4ka
2011-07-17 15:07:09
Муз Обону да киргизип койгулачы же болбосо сайттын жазыб жибергилечи сураныч((((
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан