Ар бир шайлоо алдында, айрыкча ажо тандаар алдында биздин көпчүлүк саясатчылар «түндүк-түштүк» деген эскирип бүтпөс оюнду козутуп баштаары баарына маалым. Анан оюнда кыпындай бөлүнгүсү жок карапайым калкты «дүжүр» чалдар «ал биздин бала», «өзүбүздөн болсун» деп башын айлантып, бузукулуктарын башташат. Бул кокту-колот, ашуунун ары жагы, бери жагы болуп бөлүнүү Кыргызстандын өнөкөт оорусуна айланды.
Ошол вирустай жугуп, ач кенедей жабышып чыкпаган түндүк-түштүк болуп бөлүнүү дартына учурдагы саясатчылардын кимиси чалдыкпаган? Саясий серепчилердин пикирлерине көз жүгүртүп отуруп, антитрайбалист деген мүнөздөмө Өмүрбек Текебаевдин дарегине айтылып келгенине ынандык.
Азыркы тапта Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк тургундары “Текебаев түштүктүн кызыкчылыгын сатты” деген кыязда күнөөлөшөт. Акаев башкарган мезгилде “Ата Мекен” партиясы дал ушул аймактарда таасирдүү жана популярдуу болчу. Себеби ошол жылдары түштүктүн эли көбүрөөк оппозициялык маанайда эле. Бекеринен биринчи төңкөрүштүн да “туулган жери” түштүк аймагы болгон эмес.
Март революциясынан кийин мамлекет башчылыкка Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагалыгына Текебаев келди. Карапайым элдин, канчалаган азаматтардын аркасында бийликке келген Бакиевдин акыйкаттыгы, “өлкө үчүн” деп күйүп-бышканы көпкө узабады. Эл алдында берген убадалар унутула баштаганда ЖКнын спикери көпчүлүктүн көзүнчө Бакиевди кескин сындады да, өз арызы менен кызматтан бошоп кетти. Кыскасын айтканда, принципке туруп, үлкөн кызматтан өз эрки менен баш тартып койду.
Бакиевдин ээрге кыйшык отуруп, туура эмес жолго түшкөнүн Өмүрбек Текебаев ошол кезде эле кан какшап айта баштаса, жалпы эл анын жамандыгын кыштын кычыраган суугунда жарыксыз калганда, электр энергиясынын баасы асмандаганда, ажонун эрке талтаң уулу Максим Бакиев Кыргызстандын ири ишканаларын менчиктештирип, атасынан мурас калгандай ээлик кыла баштаганда, кыргыздын калкы “5 миллион койго айланганда” көрүп, биротоло түңүлдү.
ТҮБӨЛҮКТҮҮ ОППОЗИЦИЯЧЫ
Кыргызстанда “оппозиция” жана “Өмүрбек Текебаев” деген сөздөр бир туугандай болуп калган. Айтылуу туңгуч ажо Акаев, андан кийин Ак үйдөн кан менен кеткен Бакиев, азыркы таптагы айым президент Отунбаева да Текебаевдин тепкисине чыдай албай убара. Эмне мынча бул адамдан чочулашат? Кимиси бийликке келбесин, эң биринчи жана негизги атаандашы катары ушул адамды көрүп, тымызын да, ачык да бут тосууларды баштайт. Эмне үчүн?
Жогорку Кеңеште эле туулуп, ошол жерде эле келе жаткандай туюлган “Ата Мекен” лидеринин саясатка кандайча аралашып калганы деле сөз кылууга арзыйт. Азыркы жоон топ саясатчылар сымал бизнесин коргоо максатында эмес, карапайым калктын үнүн жогору жакка жеткирем деп жүрүп бул чөйрөгө аралашкан.
Ал кезде окуучуларды айлап-айлап пахта тердирип иштетип, бели ката элек мектеп балдарынын эмгегинин үзүрүн кайран Компартия жакшы эле көрбөдүбү. «Ата Мекендин» учурдагы лидери ошол мектеп балдарынын кызыкчылыгы деп саясатка кадам таштаган. “Окуучуларга пахта тердирүүнү токтотуу керек” деп стартын баштаган жаш саясатчы бүгүнкү күндө өлкөнүн бараандуу мыйзамчысы. Парламенттин босогосун аттагандан бери бийликтегилердин былыктарын көзгө чукуп көрсөтүп келет.
Бийликке каршы күрөшкө көп эле саясатчы катышканы менен, бийлик тарабынан кысым күчөгөндө ширин жандуу ал саясатчылардын бир тобу бизнесин жана жанын корголой чет өлкөгө кире качышпадыбы. Дагы бир тобу ошол митингдерде кыйкырып жүрүп эле жең ичинен бийлик менен тил табышып, премьер-министр, вице-премьер министр, эптегени КТРге барып эле отуруп калып, эртеси саймедиреп бийликтин ырын ырдап чыга келишти. Алардан айырмаланып, Текебаев Кыргызстанда активдүү саясий күрөшүн улантып жатты. Мына ушул маалда бийлик түштүк жергесинде антитекебаевдик саясатты кызуу жүргүзүп, “түштүктүн кызыкчылыгын сатты” деген ойду карапайым калктын мээсине сиңиргенге жетишти. Аны жаманаттылоо кызуу жүрүп жатканда «ата мекенчинин» тегерегинде эле жүргөн «достору» ичтен тымызын кубанып турушпадыбы, «дагы бир аз жаман көрсөтө түшүшсө экен» деп.
24-мартка салыштырмалуу 7-апрелде лидери жок төңкөрүш болду. Тарифтердин кымбатташы, уюлдук байланышка салынган 60 тыйын салыгы жана башка кыйынчылыктар элди көчөгө чыгууга аргасыз кылды. Кайрадан бийлик-жилик бөлүштүрмөй башталганда Өмүрбек Текебаев өлкөгө аба-суудай керек болгон Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөрдү.
Президентти Ак үйдөн кубалап ийип эле үй-бүлөлүк башкарууну токтото албасыбызды, кыргыздын ажолору мурункунун таз кейпин көрүп, андан сабак албай турганын түшүнүп, “системаны биротоло түп тамырынан өзгөртүү керек” деп элди артынан ээрчитти. Бул адам илгертеден эле парламенттик башкарууга өтүү, партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү деген идеяларды сунуштап, аны бүгүнкү күнгө чейин кармап келе жатпады беле. Мунусу менен ал башка саясатчыларга караганда баары бир өз позициясына бекем турган реформатор экенин тастыктай алды.
«Бийлик тийбеген үчүн сындайт» деп Текебаевдин негиздүү сындарын башка нукка бургусу келгендер да бар. Чын эле ич күйдүлүкпү? Мисалы, Өмүрбек Бабановдун айланасында чуулгандуу иштер башталып, Жогорку Кеңештин трибунасында орустардын депутаттары күпүлдөгөндө эмне деди эле? “Орусиянын депутаттары биздин төрүбүздө отуруп алышып, «Бабанов сыяктуу адамдар эки өлкөнүн мамилесине зыянын тийгизишүүдө» деп өкмөттү сынга алышты. Жакшыбы, жаманбы, Бабанов – биздин бала. Сындайбызбы же мактайбызбы, ал биздин иш. Сырттан келип алып сындаганга эч кимдин акысы жок”. Ич күйдүлүк кылган адам мындай сөздөрдү айтмак эмес. Тескерисинче, көктөн издегени жерден табылып, «туура айтышат» деп кол чаап чыкпайт беле?
ИЧТЕН УРУЛГАН СОККУ
Бир канча жылдан бери активдүү саясатчы катары келе жаткан Текебаевдин айланасындагы окуяларга көз салып отуруп, бул адамга бет алдынан чыгууга даабай далысынан бычак уруулар да, атайын бут тосуулар да болгондугун байкайсың.
Буга мисал, кечээ бакиевдик бийлик менен чогуу күрөшүп, бийликке чогуу келген санаалаштары июндагы түштүк окуяларында Текебаевге каршы негизсиз каралоолор башталганда унчукпай тымпыйып отуруп алганын кандайча түшүнсө болот? «Ош окуяларында күнөөсү бар» делинип Текебаевге көө жабыла баштаганда алгач Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары, кийин Өткөөл мезгилдин президенти катары бардык бийлик, демек, жоопкерчилик да анын колунда турганын моюнга алып, Роза Отунбаева санаалашын коргоп алууга жарабады.
Роза Исаковнанын коалицияны куроо кезиндеги аракеттери да бүгүнкү күнгө чейин түшүнүксүз бойдон калды. “Эгер Атамбаев парламентте көпчүлүктү курай албаса, экинчи сунушту Текебаевге берем” деп отуруп эле сөзүнөн тайып, мүмкүнчүлүктү Бабановго кармата салды. Айтор, бир нече жыл ийиндеше авторитардык системага каршы күрөшүп келген санаалаштары бийликке келгенде эле Текебаевге далысын салып кеткенин санай берсең, мисалдар көбөйүп кетчүдөй.
СЫРТТАН УРУЛГАН СОККУ
2010-жылдагы парламенттик шайлоо алдында “Ата Мекен” лидерине күчтүү соккуну Орусия өңдүү чет мамлекеттер да урбай коюшкан жок. Алардын аракети түшүнүктүү. Алтын-күмүш, сурьмасынан тартып Менделеевдин системасындагы бардык элементтери бар, таза суу, энергетика боюнча келечектүү, анан да Кытай өңдүү үлкөн өлкөнүн кошунасы, Ооганстан сыяктуу чырдуу, бирок пайдалуу өлкөгө жакын жайгашкан Кыргызстандын баш көтөрүп өз алдынча болуп кетишинин башка державаларга кереги жок. Кыргызстандын башына принципиалдуу, тең ата сүйлөй алган, өлкөнү өнүктүрсөм деген деми бар адамдын келишин алар каалашпайт. Аларга күн карама, ар бир кадамын Маскөөнүн чоңдорунан уруксат алып таштай турган адам керек болчу.
Ошондуктан шайлоо алдында чет өлкөлөр активдүү түрдө Кыргызстандын ички саясатына аралашып, өзүлөрүнө пайдасыз адамды боктоп, өздөрүнө керектүү адамды таңуулап эле мактап калышпадыбы. Бул нерсе, тилекке каршы, карапайым калктын ой-туюмуна таасирин тийгизбей койгон жок.
Айбек Нурадилов