Бажы кызматынын төрөгасы
Кубанычбек Кулматовдун Орусия
жараны экендиги такталган жок
“Жалал-Абад шаар башчысынын милдетин аткаруучусу Максатбек Жээнбеков кызматынан кетиши керек, анткени ал Орусиянын жараны экендиги аныкталды”,- деп Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Бул көрүнүш “КРнын муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына каршы келет. Буга чейин анын башка өлкөнүн жараны экендигин Жалал-Абад Шаардык Кеңешинин депутаттары айтып келишкен эле.
“Максатбек Жээнбеков былтыркы жылы кызматка дайындалганга чейин башка мамлекеттин жарандыгынан чыгышы керек болчу. Бирок ал бүгүнкү күнгө чейин башка өлкөнүн жараны деген тизмеде турат”,- деди Өкмөттүк аппарат.
Ал эми буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун Орусия Федерациясынын жараны экендиги тууралуу маалымат аныкталган жок.