Бир бүркүм... БИР АЙДАН КИЙИН ШЕКЕР АРЗАНДАЙТ...

  • “Кыргызстанда 3 миң мегаВатт көлөмүндөгү энергия ашыкча өндүрүлөрүн билдик. Биз аны импорттоого даярбыз”,- деди Кыргыз-пакистандык ишкерлер кеңешинин төрагасы Хизер Хусейин Шон.
  • “Forbes” басылмасы Кыргызстанды Украина, Армения, Мадагаскар, Венесуэла жана башка мамлекеттер менен катар экономикасы эң начар 10 өлкөнүн ичине киргизди.
  • Президент Роза Отунбаева Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл топтогон 59 мектеп бүтүрүүчүсүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырды. Эми алар каалаган ЖОЖго тапшыра алышат.
  • “2011-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында 55 килограммга жакын баңгизаты тартылып алынды”,- деп УКМКнын өкүлү Закир Тиленов билдирди.
  • Медиа полис институтунун директору Бегайым Усенованын айтымында, жылдын башынан бери 7 журналист жаракат алды.
  • “Августта шекердин баасынын арзандашы күтүлүүдө”,- деп Монополияга каршы тескөө агенттиги кабарлайт. Учурда анын орточо баасы 64 сом жана көбүнчө Беларустан ташылып келет.
  • Кыргызстан кымбатчылык боюнча КМШнын алдыңкы үчтүгүнө илинди. Инфляция өсүүнүн көрсөткүчү боюнча, биринчи орунду Беларусь, кийин Тажикстан, анан 6,5 пайыз менен Кыргызстан ээледи.
  • КМШ өлкөлөрүнүн ичинде 2011-жылдын алгачкы 6 ай ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү Беларусь, Азербайжан жана Кыргызстанда өскөн.
  • Быйылкы жылдан тарта күндүзгү окуунун контракттык формасына Жалпы республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча гана тапшырууга болот.
  • “Өлкө 3 миң юристке гана муктаж, бирок ЖОЖдор 32 миң бүтүрүүчүнү чыгарып жатат”,- деп Өкмөттүк аппараттын өкүлү Марат Усеналиев айтты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kyrgyzajym
2011-07-11 16:20:30
`Kyrgyzstan energija resurstaryna baj.biz oshonu koldono albaj kelebiz,parakor-jegi4terdin ajynan.
A,birok,pozitivduu ojdo bolup,any tuura,taza ishtetsek jylysh bolot.
´"Forbes"jurnalyna jazylgan da ozun4o ele bakyt;)
´Ooba bizde 3-4 jyldyn i4inde baary kymbattap ketti.A ajlyk akyny,pensija-posobieni jogorulatyshtyby?
´Eldin baary ele jurist bolup alaby anan?!
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан