«МОСКВАДА ИШ» ДЕГЕН ЖАРНАМАДАН АБАЙЛАҢЫЗ

Биздин редакциябызга Мирлан Туратбек уулу кайрылып: “Бишкектеги “Аманат тур” деген фирма атамды Москвага ишке орноштурабыз деп, сөзүнүн өтөсүнө чыкпай, азыр ал элчиликтин чатырында жашап жатат”,- деп арызданып келди. Анын айтымында, сыналгыда жүгүртүлгөн “Москвада иш” деген жарнама боюнча атасы тиешелүү дарекке барган. Аны кабыл алган “Аманат тур” фирмасы менен 15 миң сомго бааланган келишимге кол коюшат. Бирок Москвага баргандан кийин мурда айтылгандай курулуштагы жумушка эмес, талаага дыйканчылык кылуу үчүн алып барышыптыр. “Анын үстүнө атам менен барган топко ага чейин барган кишилер туткунда жүрүшкөнүн, документтерин кайтарып бербей жаткандыгын айтышат. Ошондо алар элчиликке келишип, азыр анын чатырында жашап, эптеп күн өткөрүшүүдө”,- деди атасына күйгөн Мирлан.
Айтмакчы, бул иш ачыкка чыга баштаганда биринчи топ менен кеткен 30дай кишинин онунун туугандары алар менен байланыша албай жаткандыгы белгилүү болду. Тиешелүү органдар бул маселени аягына чейин чыгарышат деп күтөбүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
kyrgyzajym
2011-07-11 16:09:19
Iiij bajkushtar.Boorun oorujt,ajrykcha, Rossijada jurgon mekendeshteribizge:-(
Jakshy terishtirgile!Adilettuuluk jenet!
0
Aliyar85
2011-07-11 16:44:10
тиктетип алдай турган болдуларго не кылыш керек еми буларды.....
0
lolo
2011-07-11 19:53:40
Olup ele ketsin andan bashka ech nerse aita albaim :((
0
deer
2011-07-11 21:51:41
jani ele diesel forumdan kordum,na rabotu nabirayut elderdi korkuwpastan
0
KANAT85
2011-07-12 13:02:07
даа боору жок адамдар да болот аларга байлык болсо болду.
0
jyldyzbek
2011-07-12 17:26:41
Аман тур жонундо кенен маалымат кутом тактап корунуздор сураныч эмне кайда качан кантип деген суроолор боюнча рахмат
0
Pozitiff
2011-07-12 23:58:51
Ошол "Москвада иш" деген алдамчы рекламаны кимдер кылып журушот? Москвага кыргыздарды кул кылып алдап кетип жаткандар кимдер?... Жообу: кыргыздар. Кыргызды кыргыз алдаган, кыргызды кыргыз саткан жаман заман болду.
0
19zamir87
2011-07-14 11:37:26
Кыргыз кыргызды алдагандан кийин башка улуттар кыргызды...?(бир тууганыңа да ишенбе)Кыргыздар кыргыздан башкасына духу жетпейт(өзүбүздү өзүбүз алдап кыйынсынып жүрө беребиз!)
0
sahara
2011-07-14 17:47:58
ой ушу россия россия дегендеринерди токтотсонор боло, болок жерде иштегенден коро оз мекенинерде эле иштесенер болот да, кыргызстанда жумуш кылса болот, кичине акча таап анан аны айлантсан болот да, мисалы арендага жер алып иштет же кичине бизнес ач, же болбосо башка майда-чуйдо жумуш иштеп акча чогултсан болот.
0
Narynbek
2011-07-15 17:54:10
Ээй кандай заманга тушболдук билбейм.Алар эми кантип кетишет Кыргызстанга.Эч кимге ишенип болбой
0
single fellow
2011-07-16 02:39:59
Ээ эми билдинерби туугандар озундон калбагыла калсанар бирого ишенип олгонунор ошоЭэ эми билдинерби туугандар озундон калбагыла калсанар бирого ишенип олгонунор ошо
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан