Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукееванын айтымында, Кыргызстанда мугалим, геолог, программист жана энергетик болгусу келген абитуриенттердин саны өсүп жатат.
Быйылкы жылы агай-эжейлердин айлыгы көтөрүлгөнүнө байланыштуу бүтүрүүчүлөрдүн арасында педагогикалык кесипке ээ болууну каалагандар көбөйүптүр. Юрист менен экономисттик жогорку билимди “авторитет” деп санагандардын саны азайганбы, кыскасы, мурунку жылдарга салыштырмалуу быйыл мындай кесип ээлерин даярдоочу окуу жайларынын чөнтөгү жукарчудай.
Маалымат үчүн: Кыргызстанда 52 ЖОЖ бар болсо, анын 32си мамлекетке карайт. Быйыл мектепти 180 миң окуучу аяктады.