«АСЫЛ-ТАШта» АТЫШУУ

Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында орун алган “Асыл-Таш” пансионатында 4-июль күнү милиция кызматкерлери менен жергиликтүү балдар тобунун ортосунда кагылышуу болуп өттү. Эки тарап тил табыша албай, окуя чатакка айланган соң милиция кызматкерлери топтогу эки балага ок чыгарууга аргасыз болушкан. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери да токмок жегендиги айтылды. ИИМдин маалыматына таянсак, кызуу кандуу жана криминалдык чөйрөгө аралашкан жигиттер алардын тапанчасын тартып алууга аракеттенишкен. Ал эми жергиликтүү калктын айтымында, милиция кызматкерлеринин ичинен бирөө окуя болгон жерге мас абалында келиптир. Учурда тирешүүнүн тегерегиндеги далилдерди аныктоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Ысык-Көлдүн тургундары үчүн сезондун тынч өтүшү өтө маанилүү. Туристтик агенттиктер бул жагымсыз окуя сезонго терс таасирин тийгизиши мүмкүн дешүүдө. Эскерте кетсек, “Асыл-Таш” пансионаты депутат Равшан Жээнбековдун жубайына тиешелүү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Arstan
2011-07-11 13:45:07
Кудай сактасын. Ыссык кол тынч болсун эми эс алуучулар учун.
0
baibolot71
2011-07-11 15:00:03
Ыссык колдук туугандар,чонтогунор бош болбосун десенер,алдагындай уруш жанжалды токтото турсанар.Эми Колдун сезону кызуу болуп жатканда...
0
skatoruk
2011-07-11 16:26:25
baibolot71, Ошону айт быйыл да акчадан куру каласынар,,
0
lira
2011-07-15 09:22:39
skatoruk,
Oshol janjaldy uyushturgan adamdar silerdin kommenterinerdi ele okup otyrat deysinerbi?
0
lira
2011-07-15 09:24:01
baibolot71,
Baardyk Ysyk-Koldyktorgo aitkanynyz tyyra emes go deim...Bul Bosteride gana bolgon okuya...
0
kyrgyzajym
2011-07-11 15:43:14
"Kызуу кандуу жана криминалдык чөйрөгө аралашкан жигиттер алардын тапанчасын тартып алууга аракеттенишкен"-bul kajsy shpiondor je kantrabandistter boldu eken.
"Mилиция кызматкерлеринин ичинен бирөө окуя болгон жерге мас абалында келиптир"-al da oshol kunu cher jazyp alajyn dese kerek.
A ajtmak4y,jangjal emneden kelip 4ykty boldu eken?
0
19zamir87
2011-07-12 23:53:38
Бул жерде атышуудан да кызыгы Ысык-Көлдөгү пансионаттарды депутаттардын аялдары бөлүп алганбы дейм?Депутаттар да умный,чтобы менде эч нерсе жок акмын,тазамын деп өзүнүн байлыктарын аялдарына өткөрүп коюшат.(жеке өзүмүн оюман кыскача алынды)
0
Sezy
2011-07-13 01:06:15
Замир туура айтасын ошондойго бир куну жарылышат акчадан
0
Buu
2011-07-14 20:29:21
мда... больницада жетишпей чолпон атанын роддомуна алып келегнде мен ошол роддомдо болчумун жаман катуу жарадр бьоулшуптур (((
0
Buu
2011-07-14 20:30:14
алар деген скутощиктер
0
bepep
2011-07-16 10:32:26
Buu,скуторщик дейин дедин беле БУУ? эки жакта тен болсо керек бир тараптуу эч нерсе болбойт.
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан