«АВРОРА» ЭСКИ КОЖОЮНУН ТАПТЫБЫ?

Президенттин иш башкармалыгы Ысык-Көлдүн райондук соту чыгарган чечим менен макул эмес. Анткени былтыр Убактылуу өкмөт тарабынан экс-президенттин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлк катары улутташтырылган “Аврора Плюс” комплексиндеги 9 коттеджди райондук сот «кожоюнумун» деп арыздангандарга кайтарып берген.
Баса белгилөөчү жагдай, шарт боюнча, Президенттин иш башкармалыгы соттук жыйынга катышуусу керек эле, бирок ага да чакырылбай калган. Ушул жерден эле мыйзам бузуу башталды дешүүдө. Учурда иш башкармалык тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматына кат жөнөтүлүп, бул кыймылсыз мүлктөрдү каттоону токтотуу зарылдыгын жазышты.
“Бакиевдин бекиткен баланча акчасын таптык, түкүнчө мүлктөрүн улутташтырдык” деп ооз көптүрө айтылган сөздөр бекер беле? Же улуу урматтуу соттор “эл унутуп калды” деп олчойгон сумманы капчыгына кымырып, коттедждерди кожоюндарына тапшырып жатышабы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ALTINKA
2011-07-12 22:08:26
Мен болуп алсамбы? Кожоюну жок экен.
0
Саби
2011-07-13 15:00:50
Муну кандай тушунсо болот????
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан