БШКда ТӨР ТАЛАШ

БШКнын төрү талашка түшүп,
эски-жаңы төрагалар Акылбек Сариев менен
Туйгуналы Абдраимов күлкүгө калды.

Аптанын алгачкы күнү эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрүн талашмай менен башталды. Анын эски жана жаңы курамы тирешип, эки төрага кресло үчүн жаман-жакшы айтышты. Акырында эски төрага креслосун бошотуп берүүгө аргасыз болду. 
Ошентип, “дүйнөдө болуп көрбөгөндөй таза шайлоону өткөргөн” Акылбек Сариев айрым депутаттардын “жардамы” менен кызматынан кол жууду. Канчалык президент Роза Отунбаева ал үчүн чеп болбосун, баары бир “жарабайт” деп тиштенип алган эл өкүлдөрүнүн элегинен өтпөдү. Бирок мамлекет башчы анын талапкерлигин кайрадан сунуштады. Балким, 8-июлда өтүүчү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында өтүп кетет чыгар.
Айтмакчы, Туйгуналы Абдраимов БШКны буга чейин Бакиевдин кезинде да башкарган. “Ар-намыстын” арты менен жаңы кызматка келген төрага журналисттердин “жакында өтүүчү шайлоо таза болобу?” деген суроосуна эмитеден ийинин куушура “бардык нерсе бизден эле көз каранды эмес” деди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Debi
2011-07-11 11:04:05
мен Сариевке ишенем
0
arlekino
2011-07-11 11:42:43
Сариев ишенич жараткандай корунот...
0
sonykg
2011-07-11 15:50:57
Shailoo komitetinin kolunan kelbese, anda alardyn emne keregi bar?
0
kaster
2011-07-11 16:48:57
сариев калсын ордунда иштеп!!
0
19zamir87
2011-07-12 22:38:52
Эски-жаңы төрагалар,бир окуучулук күндөрүн эске салышкан го дейм.Парта-стол талашмай бул мектепттен калган салт кыргыз элинде!!!молодцы төрагалар кыргыздын салтын унутпапсыңар.
0
Zamira
2011-07-13 16:33:16
Бул жердеги добуштар эсепке(конулго)деле алынбаса керек. Ошентсе да менин жеке пикирим: Сариев калыш керек. Анткени отконку шайлоо Кыргызстанда биринчи жолу таза шайлоо болуп отконун баары эле байкашса керек. Сариевдин салымы чон.
0
welldone
2011-07-14 19:00:42
Сариев иштеш керек болчу
0
Janusia
2011-07-15 12:18:25
Менин оюмча Сариев калыш керек, Туйгунаалы Абдраимовго караганда жакшы иштейт. Депутаттар анчалык эле эмне карт боруну колдоп калышкан (кызык).
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан