“Бета Сторес-3” соода дүкөнүндөгү кызматкер Гюнеш Йылмаздын тегерегиндеги окуя аягына чыга элек. Бул сапар ал камакка алынган кезде үй камагына бошотуп жиберген сотторду кара булут каптады. Анткени Соттордун кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьялары Л.Нарымбаева, Ж.Калыбекова жана М.Бейшенованы мөөнөтүнөн эрте кызматынан бошотуу жөнүндө чечимин кабыл алды. Эми соңку чечимди президент Роза Отунбаева чыгарат.
Ошол эле учурда Казакстанда колго түшүрүлгөн Гюнеш Йылмаз Кыргызстанга экстрадицияланабы же Түркияга депортацияланып кетеби, азырынча белгисиз.