ЖАШТЫК ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ

АЙЫЛДЫК ЭЖЕМ
Эки гана бир тууган элек. Бирок, Жылдыз эжемди чоң ата, чоң энебиз “биринчи неберебиз” деп багып алгандыктан, ата-энемдин колуна орто мектепти бүтүргөндөн кийин келди. Ошондуктанбы, жалгыз кыз сыяктуу тарбияланып, мен эрке өстүм. Жылдыз эжем биринчи жолу биздикине келген күн азыр да эсимде.
Апам менен атам жетине албай кубанып турушту. Бир гана мен бул меймандын келишин жактырбай турдум. Жылмая сүйлөп жаныма келгени, айылдыктарча узун көйнөк кийгени, узун чачы да менин кыжырымды келтирди.
– Эмне, бул биздин үйдө жашайбы?– деп мурдумду чүйрүгөн мени апам жаман көзү менен карап алды.
– Анан кайда жашамак эле? Нары турчу мурчуңдабай.
– Ал менин бөлмөмө кирбесин...
Чын эле апам да, атам да эжеме айланчыктап, жанынан чыкпай калганына жиним келип турду. Мен дагы уурдана карап коём. Менден улуу болуп алып косметика колдонуп, жарашыктуу кийинбегенине таң калам. Ошентип, менин жашоомдо эжем пайда болду.

АЛГАЧКЫ СҮЙҮҮМ
– Кир, кирегой, азыр аяш атаң турат,- деп жаткан апамдын үнүнөн улам уйкулуу көзүм умачтай ачылды. Келген адам менин жан-дүйнөмдү, жүрөгүмдү ээлеп алган атамдын досунун баласы Алик эле.
Аликти мен тээ кичине кезимден эле өзүмө энчилеп алган элем. Мага ал карындашындай эле мамиле жасачу. Бирок, мен качандыр бир кезде ал адам баары бир меники болот деп ойлочумун. Ордуман тура калып саксайган боюнча мойнуна асылдым.
– Алик байке-е...
– Кандай жүрөсүң, Айка?- деп баратып мени кучактап турган колдору бошой түшкөнүн байкадым. Бетине карасам кимдир бирөөнү кызыга карап калган экен. Артыма кылчайып, мени таңгала карап турган эжемди көрдүм. “Эмне киши көрбөгөндөй карайт?” деп жиним келип кетти. Андан да Аликтин эжемди карап талып калганына жаным кашайып турду.
– Са... саламатсызбы?
– Саламатсыз...- эжем кадимкисиндей жагымдуу жылмайып күлүп койду да, ары кирип кетти. Билбейм, негедир ошол учурда эле кызганычтан жүрөгүм тарыла түштү. Туйтуңдап тескери бастым.
Ошондон баштап Алик биздин үйгө көп келе баштады. Мени менен саламдашып эле үйдү айланта карап Жылдыз эжемди издеп жаткандай туюлчу. Ансайын жаным кашайып, көзүм караңгылай түшөт.
Бир күнү сабактан келе жатып, Алик менен бир бийкечтин ээрчишип кетип бара жатканын көзүм чалып калды. Жылдыз экен.
Экөө бири-бирине бактылуу жылмайып кетип баратышыптыр. Көпкө узата карап турдум да, шалдайып отуруп калдым. “Мен сени эч кимге бербейм. Сен ме­ни­кисиң, Алик, сен мен үчүн жаралгансың” ушинтип ыйлап да, сүйлөп да жаттым.

ТОЙГО ДАЯРДЫК
Үйгө кирип келип, апам менен атамдын ичкериден сүйлөшүп жатышкан сөздөрүн угуп калдым.
– Кийинки жума Аликтин ата-энеси куда түшүп келмекчи болуп жатат,- деди апам.
– Балдар эмне анча шашылышты? Окууларын бүткөндөн кийин деле...- деген атамдын жай кобураганы угулду. Мен турган ордумда катып калдым. Ушундай болот бе­ле? Ал менин адамым эке­нин, мен эңсеген, мен күткөн, өмүр бою десем көптүк кылаар, эс тартканы эсимден кетпей, жүрөгүм­дүн жарымын арнаган адам экенин эмне үчүн эч ким түшүнбөйт?
– Кызым, эмне мынча купкуусуң? Ооруп калган жоксуңбу?
Аңгыча аркы бөлмөдөн чыга келген апам үстүмө үйрүлө калды.
Мен апамдын колун силке берип үйдөн атып чыктым. Оюма эч нерсе келген жок. Болгону мен Аликке барып, сезимимди айтам деп чечтим. Жамгыр куюп турган эле. Мен алардын дарбазасына жакындап жетип, коңгуроосун баса берээримде кимдир бирөө ача салды. Карасам, Алик экен.
– Ой, Айка, сенби? Эмне мынча кеч?- деп адатынча жылмайып сүйлөй берди. Чыдабай кеттим. Мойнуна асыла калып ыйлап жибердим.
– Алик, мен сени эч кимге бербейм. Мен сенсиз жашай албайм. Мен деген...-Көз жашыма какап энтиге сүйлөп жаткан мени Алик каруудан ала токтотту. Ошондо гана эсиме келе түштүм.
– Сен эмне деп жатасың, секелек? Андай болбойт. Мен сени кичинекей карындашымдай көрөм. Кантип сен...
– Мен эбак эле чоңойгом. Алик, мен...
– Болду, унчукпа. Бул жөнүндө эч ким билбесин.
Алик мени каруумдан катуу кармай тигилип калды. Эч качан мени мындай муздак караганын көргөн эмесмин. Көзүмдөн көзүн албай турду да, акырын эскертти:
– Айка, мен сени билем. Жиндилик кылба... Мен баары бир Жылдызды сүйөм.
Анын катуу кармаганынан колум ооруп кетти. Бирок, көзүмдү албай тура бердим. Жамгыр төгө берди.

ЖАЛГАН ЖАЛАА
Мына, эки-үч күндөн кийин той болот. Тойго даярдык көрүп, бардыгынын жүздөрү жадырайт. Көрбөйүн да күйбө­йүн деп өз бөлмөмө кирип жатып алган элем.
– Айка, карасаң, жарашат бекен? - деген Жылдыздын үнүнөн жалт карай бердим.
Узун боюна куп жарашкан апакай көйнөк менен мени карап турган экен. Жаман көрүп турсам да ичимден суктанып алдым. Көздөрү жайнап, кубанычтуу жылмайып турган экен.
– Эмне керек?- дедим бурк этип.
Мындайды күтпөсө керек байкушум. Көздөрү бакырайып шалдая түштү. “Сооп болот сага” деп мен ичим­ден табам кана жылмайып алдым.
Ушул учурда телефонум шыңгырап калды. Мен телефонду албай туруп Жылдыздын чыгып кетишин күткөндөй аны тикчийе карап калдым. Ал чыгып кетээри менен мага тааныш үн угулду:
– Айка, баары сүйлөшүлдү...
– Азат, тойду жылдырыш үчүн гана... Уктуңбу?
– Ооба, менин балдарым так иштешет. Бир ай ооруканага гана жатып чыккандай кылабыз. Болгону сен да убадаңа так тур.
Телефонду шак өчүрдүм. Ачууга алдырып кандай иш кылып жибергенимди билбей көпкө шыпты тиктеп жата бердим. Ошол учурда ушинтсем гана көкү­рөгүмдөгү бугум жеңилдей түшчү­дөй сезилди.

КАРГАШАЛУУ КЫРСЫК
Ошентип, менин жалдаган адамдарым менин буйругумду орундатты. Алик кечинде үйгө келе жатканда топтошкон балдар сабап кетишкенин таң эрте уктук. Апамдын ыйлаган үнүн, атамдын аны сооротуп жатканын эрдимди кесе тиштеп жатып уктум. Сендиректей эшикке чыксам, апам ыйлап отурган экен.
– Аликти балдар токмоктоп кетиптир. Реанимацияда жатат дейт.
Жүрөгүм шуу дей түштү.
– Кайда дейсиз?
– Реанимацияда дейт. Абалы оор деп жатышат. Жылдыз менен атаң кетти...
Андан аркысын эрким жетип уга алган жокмун. “Эмне кылдым, ыя? Эмне кылып койдум?” деп өзүмө өзүм шыбырап жаттым. Бирок, бардыгы кеч эле.

КҮНӨӨМДҮН ООРДУГУ
Алик эки айдан кийин ооруканадан чыкты. Ооруканага барганга эрким жеткен эмес эле. Бирок...
Өңү шапайып кунары качкан Жылдыздан да көзүмдү ала качам. Бир күнү терезени телмире тиктеп турган экен. Боорум ооруп кетти.
– Жылдыз, анча кайгырбачы, мен.
Акырын далысына колумду койдум. Ал бурулбай туруп акырын үн катты:
– Айка, ал... ал өмүр бою баспай калышы мүмкүн деп врачтар айтып жатышат.
– Эмне-е?
Эрксизден кыйкырып жиберип, колум менен оозумду басып калдым.
– Бүгүн мага өзү айтты. “Жылдыз, мен сени багыңды байлабайм. Мен эми майып болуп калдым. Сен менден кетишиң керек” дейт. Карасаң сүйлөгөнүн... Мен андан эч качан кеткис болуп байланып калганымды билбейт.
Жылдыз муңайым жылмайып койду. Ошол эле учурда көзүнөн жаш агып турганын байкадым. Эч нерсе дей албай артка бурулдум.
Жарым жыл убакыттан кийин Алик менен Жылдыз үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Тойго келген адамдардын ичинде жүрөгү сыздап турган мени эч ким байкаган жок. Өзүмдүн опол тоодой күнөөмдүн оордугунан башымды көтөрө албай отурдум. Майыптардын коляскасында отурган Аликти, анын жанында жадырай жылмайган эжемди көрүп, ичтен өксүп кечирим сурап жаттым. “Кечиргиле мени, жаштыгым менен жаңылганымды кечиргиле. Мен акылсыздык кылып, Аликти өз энчиме басылгандай көрүп, ушул жорукка барганымды кечиргиле. Силер бактылуу болгула. А мен өмүр бою кыйналып өтөөрмүн” деп көз жашымды шыпыра ичимден кечирим сурап жаттым.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
FIANIT
2009-09-20 16:50:14
Жаштык, мастык, ачууга алдыргандык.
"Ачуулу адам ичи толтура уу",-деп бекеринен айтылбаса керек...

0
ibragimkam
2011-06-16 18:57:55
мындай нерселер жашоодо болбосо керек
+1
Feruzka
2015-09-29 18:58:54
Оз ежесине озу душман болгон тура
0
pikooo93
2018-02-19 19:22:55
Кудай сактасын чыныгы жашоодо андай болбосун
0
Supsuluu
2018-02-20 11:00:05
Түштөн кийин чилей бактылуу болгула,.мен кыйналып өтөм деп коет... кыйналбай.этпей эле ртең эле бирөөнү таап кетесиң да
0
№ 192, 7-13-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан