ШАЙЛООГО 4 АЙ КАЛДЫ

Серепчилердин айтымында, президенттик шайлоого жеңип 
чыгууга Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев жана
Камчыбек Ташиевдин мүмкүнчүлүктөрү чоң.

Кыргызстандын 4-президентин шайлоо күнү 30-октябрга белгиленди. Элдин эми “30-октябрь тынч өтсө экен” деп тилей баштаары бышык. Анткени шайлоо күнүн белгилөөнүн өзү Ак үйдүн ичинде нечендеген көшөгө артындагы оюндарды жаратты. “Ажо болом” деп төш каккандар эчак эле үгүт иштерин тымызын башташкан.
Президенттикке талапкерлердин тизмеси расмий жарыяланбаса да, кимдердин ат салышары билинип калды. Административдик ресурстун кожоюну болуп турган өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү башкалардан жогору экени айтпаса да түшүнүктүү. Тажрыйбасына болбосо да, акчасына ишенген Өмүрбек Бабанов бар. Ал эми “ата журтчулардын” казанында бир канча кочкордун башы кайнайт. Депутат Камчыбек Ташиев Ош менен Жалал-Абадды жаздан бери түрө кыдырып жүрсө, Марат Султанов да Орусия менен Казакстандагы “демөөрчүлөрүнө” коңгуроо кагып отурган чагы. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевди оппозициялык өкүлдөрдүн ичинен салмактуу дешсе, андан сырткары Акылбек Жапаров, Адахан Мадумаров, Темир Сариевдин да катышары айтылууда. Дайыма ушундай маалда гана пайда боло калып, аркы жээктен бул жээкке секире берери менен белгилүү Өмүрбек Суваналиевдин башы Феликс Куловдун колтугунан көрүнө баштады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (71)
aspirinupsa
2011-07-15 10:37:37
Мындай адам президенттике озун даярдап барыш керек, анан эл аралык чогулуштарда бир нерсе жакпай калса "Урдум силерди" Кыргызстан ШОС, СНГдан чыгат деп турса биз эмне болобуз. Бул жерде дипломат да болушу зарыл талапкерге, азырынча Ташиев мырзага Эр журоктуу, бирок эмоциалдуу, анан чыдабас деген баа берем. Коалицияны куратам деген -бул стабилдуулукту ойлобой озунун жеке кызыкчылыгын ойлогон деген ой келет мага.
0
aspirinupsa
2011-07-15 10:41:14
3. Текебаев. 20 жылдан бери саясатта оппозиция болуп журом деп айтат. Бийликте мындай адамдар такыр иш жасай албайт. Акаевге оппозиция болбой -формальный оппозиция болуп жургон. Оз элинде аброю жок. Оз эли, оз айылы колодобосо, башкалр ойлонушу керек, а эмнеге деп. Себеби 20 жыл депутат болуп журум оз айылына эч нерсе жасаган жок. Бул дагы сайрап турган саясатчы. Эн негизги бул адамдын кемчилдиги -бул дуйного таркаган видеосу. Жетишкендигин белиге албайм.
0
aspirinupsa
2011-07-15 10:45:22
4. Жапаров (Ар-Намыстан чыгышы мумкун). Бул киши популисттик создору менен белгилуу. Койлорго паспорт берип чет мамлекетке сатабыз дегени бир кызык. Жонокой адамдар паспорт жасата албай журсо койлорго кайдан беребз. Откон жумада болгон Ар-Намыстын съездинде Жапаровдун талапкерлигине 72 адам макул боуп, калган 98 адам Анарбек Калматовду партиянын атынан президенттикке талапкерлигин шайлашкан. Демек оз партиясында списокто №2 болуп депутат болгон адам добуш чогулталбаса -элден кантип добуш алат?
0
honestbek
2011-07-15 14:41:19
Окуп чыксам тиги кыйын бул кыйын тигил эмне кылып коюптур?, деп куноолоп аткан экенсинер. Менин оюм:азыр татыктуу адамды табуу кыйын, кимиси келсе да ыйманы кучтуу,акылдуу,адилеттуу,элим жерим деген адам келиш керек,нукура эл башы болуу абдан оор жук ошону которуп кете алган белдуу эр - азамат керек КЫРГЫЗЫМА!!! Татыктууу президентти тандап алаарына ишенем элим болунуп жарынып, бири бирин менен талашпай шайлоодо жакшы иш корсоткуло, активдуу катышып, келечек бизлин колдо!!!
0
Aizada22
2011-07-15 14:41:27
Киди шайласак деле нам какая разница. Баары бир жардамы тийбейт карапайым КЫРГЫЗ элине, оздорунун кызыкчылыгы учун иштешет!
0
Ramas
2011-07-15 22:10:55
Урматтуу форумдун катышуучулары! Эми жаштардын мезгили келди! Азыр биз жаштарды Бабановду колдошубуз керек, ал бизнесмен ошол гана Кыргызстанды ондоп кете алат!
0
opposite
2011-07-17 12:57:32
Ramas, ошол Бабановду деп россиянын саясатчыларынан мекенибизге канча соз тушту билесинби? бабановту бизнесмен дейсин бизнесин коздоп мекенибиздин жерлеринин бир тарабы кытайга,бир тарабы озбеке,бир тарабы казака болунуп кете бербесин, бизге бизнесмен эмес бизге саясатты тушунгон адам керек, бизнес м-н башкара албайт ал мекенди!
0
19zamir87
2011-07-16 01:02:15
Бул жерде мүмкүнчүлүгү чоңдор-үчөөнүн сүрөттөрүн Супер-Инфо туура эмес коюп коюптур.
Сүрөттүн эң үстүндө К.Ташиев туруш керек эле,анан Ө.Текебаев менен А.Атамбаев "чымчык нанын жеп кетти"ойношуп 2-чи жана 3-чү катарды ээлешсе жакшы болмок.К.Ташиев президенттике ат салышууда N"-1 деп ойлойм!
0
opposite
2011-07-17 13:00:50
19zamir87, а Ташиев б-со саясатчыларыбыз иштебей эле залдан чыкпай калышат;) туура ал патриот,мекен учун иштей алат, бирок эл аралык иштерге тажрыйбасы жок, президент деген юридический ж-а дипломатиялык жактан да болуш к-к! ошондуктан Ташиев президенттике туура келбейт
0
bepep
2011-07-16 11:44:00
Эми баарынардын пикиринерди бириктирсе демек 3 гана адам лидер булар Атамбаев, Ташиев, Мадумаров экен.Отсо биринчи же экинчи отот.Эл тараза.
0
opposite
2011-07-16 14:18:39
кимде шанс бар экени суротто эле корунуп турбайбы, мадумаровко окшогондорду кошпой эле койсонор болот
0
dekg
2011-07-16 17:33:55
okunuchtuusu Nariman Tuleev prezdetke at salyshpagany. menin oiumcha Nariman Tashbolotovich tatyktuu prezident bolmok dep oilim
0
Askitt
2011-07-17 01:01:54
Ташиевди баш кылып Бакиевди тош кылып отура бергиле Ташиевди шайлоочулар.Андан коро ойлонуп,татыктуу президентти шайлоого чакырам.Ар бир адам оз добушун сатпай туура шайласа татыктуу президентти шайлап алышыбызга ишенем.Ал эми буга же тигиге щайла деп айта албайм,анткени бул бузукку иш.Мындай агитацияларды коп жактыра бербейм.
0
Askitt
2011-07-17 01:11:01
Ал эми Текебаевди айылы колдобойт ,биз дагы колдобойбуз деген адам дар учун. http://www.super.kg/article/?article=11279 Ушул жакка кирип Текебаев ж/до маалымат алып алсанар.Текебаевдин антитрайболисттигиар бир адамга белгилуу
0
Kokotay
2011-07-17 17:45:09
Tashiev je Melis tatyktuu dep oiloim.... Chynygy kyrgyzdyn potriottoru !!! Bizge Americany ukkan Kotunbarvalar keregi jok..
0
hasan2009
2011-07-18 01:21:04
кыргыздар бизге президенттин кереги жок коруп эле жатасынар эмне болуп жатканын озунордон калбагыла
0
edizar
2011-07-18 02:25:37
Бир элбиз деп Ташиевди туштук колдойт ошол президент болуш керек дейсинер.Таарынбагыла.Болунуп жазганды токтотсонор,кошунам чон эрдик кылса анда ошону бир креслого олтургузуш керекпи,кылган ишти милдет кылбаш керек урматтуу кыргыздар. Анан Ташиев мындай кылды тигиндей кылды дейсинер. А эмнеге эки суйлоп криминалитеттен коркуп жургондорун эске албайсынар.Мен эч кимисин тунук адам деп айта албайм.Таза адам оозуна да жетпейт. Бир гана акчаны жана бийликти ойлогон адам жулунат жогорку бутака.
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан