БОЙДОК МЫРЗАЛАР ПАРАДЫ

WWW.SUPER.KG сайтында “Кыздар, төмөнкү бойдок жигиттердин кимисин тандайсыз?” деген суроо менен сурамжылоо жүргүзүлгөн эле. Кыздар кимисин тандады, байкап көрүңүз.

  1. ОМАР АЙЫНА 5 МИҢ ДОЛЛАР ТАБАТ
    Сурамжылоонун жыйынтыгында биринчи орунга чыккан ырчы Омар учурда 22 жашта. Ата-энеси, бир эжеси бар. Айткан сөзүнө бекем турган, туруктуу, чечкиндүү, камкор бул жигит тамеки тартпайт, арак ичпейт жана кумар оюндарын ойнобойт. Бир аз жалкоолук жагы да бар. Эгер жини келсе, эмоцияга алдырып, катуу урушуп коюшу мүмкүн. Бирок кабагы тез жазылып, өзү биринчи кечирим сурайт. Назик кыздарды жактырып, сүйлөө манерасы жаман кыздардын жанына жолобойт. Үйдө эркекке тиешелүү жумуштардын баарын эле жасай алат.
    Материалдык байлыктарына көз чаптырсак, жаңы салынган чоң үйү, Мерседес S 500 үлгүсүндөгү машинасы бар. Омардын 1 айлык кирешеси кээде 1000-1500 доллар болсо, кээде 5 миң долларга чейин жетет.
  2. ТАЛАНТЫ МЕНЕН ТАМШАНДЫРГАН МИРБЕК
    Бойдок жигиттер парадындагы он мырзанын ичинен Мирбек 2-орунду ээледи. Бул ырчы, чындыгында, көпчүлүк кыздардын көңүл чордонунан таланты аркылуу орун алып келет. Анын үй-бүлөсү, чыгармачылыгы, кызыгуулары жана мүнөзү туурасында күйөрмандары жатка билишсе керек. Алар үчүн эң негизгиси, азырынча Мирбектин бойдок жигиттердин катарында экендиги.
  3. ЧЫҢГЫЗ ТАМАКТЫ ТАНДАП ЖЕЙТ
    “Байлыгым – ата-энем жана үч карындашым. Мени кыздар материалдык байлыктарым үчүн жакшы көрбөй эле коюшсун. Эл катары, баарына шүгүр деп жашап келебиз. Учурда 27 жаштамын. Бетке айтмай мүнөзүм бар, бул кээ бирөөлөргө оройлук катары көрүнүшү мүмкүн. Мага акылдуу, сулуу, таза, тыкан кыздар жагат, ашыкча боёнгондорду жактырбайм. Бирок ушул талаптарыма толук жооп берген кызды таппай келем. Тамакты тандап жейм. Ошол эле учурда тамак даярдаганды жакшы эле билем”,- дейт ди-джей Чыңгыз өзү тууралуу.
  4. САЛАМАТ ЖАЛЖАКЕ КЫЗДАРДЫ ЖАКТЫРБАЙТ
    Саламат үч бир туугандын эң улуусу, 25 жашта. Кеминдин кулуну, сарбагыш уруусунан. Бишкекте бир бөлмөлүү батири бар, Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү машина айдайт. “Эч жамандыгым жок, жакшы сапаттардын баарын менден тапса болот. Көңүлүмө жараша тамашакөймүн. Үйдө чарбачыл адаммын, мурда ашканага жолочу эмес элем, бойдокчулук күрүч шорподон тартып мантыга чейин бышырганды үйрөттү. Ал эми кыздар жаатында жалжакелер таптакыр жакпайт, акылдуу кыздарды сыйлайм. Анча-мынча романтикмин”,- дейт белгилүү КВНчи Саламат Алиев.
  5. ДАНИЯРДЫН АЧУУСУ ЧУКУЛ
    Учурда мегапопулярдуу спортчу Данияр Көбөнов 28 жашта. Аябай жөнөкөй жигит. Өзүнүн материалдык байлыктары туурасында айта берүүнү каалабайт. Ошентсе да спорттогу ийгиликтери үчүн мамлекет тарабынан белекке алган батири бар экендигин баарыбыз билебиз. Эл менен аралашып жүргөндү жактыргандыктан, көбүнчө троллейбус менен эле жүрөт. Өзүн жасалма алып жүргөн кыздарды жактырбайт. Уялчаактык мүнөзү жок, адамдар менен бат тил табышат. Кыздарга эскерте кетчү нерсе, “ачуум абдан чукул” дейт Данияр.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эмнени тандайсыз: сүйүүнүбү же акчаныбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
azizamamasabyrkyzy
2011-07-14 01:18:04
Мирбек
0
Meerim1986
2011-07-14 11:17:24
Kyrgyzymdyn jigitteri baary jakshy, matiryaldyk bolobu , kandaygan jagynan karabaily baary talantuu baary akylduu ,dep oiloim .ar bir balanyn ozunun ozgochelugu jana yalaty bar , oshonduktan bul boidok baldarga bakyt taalai kaalim. " boidok"degen attan tushup "en baktyluu jash jubailar" degen naminatsiyaga ee bolushun kaalap ketem chyn dilimden. Meerim
0
bakutbei
2011-07-14 14:49:12
чынгыз супер
0
bakutbei
2011-07-14 14:51:22
чынгыз супер сулуусун окей оооо
0
kufa
2011-07-14 16:56:23
Мен дагы айтар элем эртерек куйого тигиле деп
0
kufa
2011-07-14 16:57:33
Картайсанар карабай калат силерди вот так :)

0
mnurbek
2011-07-14 19:17:20
Mirbek kruche vseh
0
dindilin89
2011-07-15 03:21:45
Салламат самый красивый всех.
0
B_e_m_a
2011-07-16 03:32:35
Омар!!!!!!!!!!!!!! Лучше всех!!!!!!!!! самый лучший певец в Кыргызстане!!!!!!!!!! Конечно Омар!!!!!!!!!!!!!!
0
sakura
2011-07-16 14:58:22
kone4no mirbewka lu4we vseh
0
sakura
2011-07-16 14:59:19
mirbek jan
0
AsyaAsya
2011-07-17 04:24:50
Мне кажется каждый из них по своему крутой и достойный мужчина))) Всех поддерживаю!!!
0
MuPuSiK
2011-07-17 13:36:10
мирбек луууучше всех,оббббожаю его...=))))
0
Persik
2011-11-08 09:32:10
омар ты супер
0
kana.sp
2013-12-22 04:37:48
Кыздар кечирип койгулада!!!акча учун карыган абышкага екинчи аял болуб тийгендер коооооб еле кездешетко.
0
№ 453, 8-14-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан