ТҮЛКҮГӨ АЛДАНГАН КАРЫШКЫР

Жомоктор дүйнөсүндө

Бир жолу карышкыр менен түлкү жолдо чогуу келатышып мүшөккө салынган койдун майлуу куйругун таап алышат. Түлкү дароо:
– Каке, бул майлуу куйрук турбайбы. Жолдо туруп жегенибиз болбойт го. Кел, тетиги бийик тоонун башына жатып алып, кымыздан ичип, анан жейли,- дейт.
Курсагы ачып турган карышкыр:
– Макул, сен айткандай болсун. Ал жакка жеткенче эптеп чыдайын...
Ошентип, экөө тоо тарапты көздөй жөнөшөт. Бир убакта түлкү:
– Каке, куйрукту сен көтөрүп ал. Мен артыңдан түртүп алайын,- дейт кууланып.
Карышкыр бышылдап тоонун башына чейин куйрукту көтөрүп чыгат. Түлкү озунуп “ой, сенин артыңдан жөлөп түртүп келгенче эсим ооп калды” деп отура калат.
– Түкө, эч нерсе эмес! Азыр бул куйрукту жегенде чарчаганыңды унутасың. Кел, жейли. Курсагым ачып, чыдабай калдым. Карышкыр баягы куйрукту алып чыгып, экиге бөлмөкчү болот.
– Ой, муну экиге бөлгөндө экөөбүз тойбой калабыз го. Көбүрөөк чарчаганыбыз эле жебейлиби?..- дейт түлкү жулунуп.
– Кууланып жатат окшойсуң. Мен деле чарчадым. Бул сунушуңа макул эмесмин. Андан көрө кимибиз улуу болсок, ошонубуз жейли.
Түлкү карышкырдын айтканына макул болуп, анын жашын сурайт.
Сүйүнгөн карышкыр:
– Мен сенден улуу болом. Кичине кезимде ушул биз отурган тоо кичинекей эле дөңсөө болчу. Дайыма бул жакка досторум менен келип, сууга түшүп, жашынмак ойночумун. Андан бери канча жыл өттү. Минтип чоң тоого айланыптыр,- деп өткөнүн баяндап кирет.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Кубаныч Сыдыков
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 454, 15-21-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан